Кош жарандуу депутаттын мандаты алынды

 

Кош жарандуу депутаттын мандаты алынды

Жусупбек Коргонбай уулу.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаар кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун кош жарандуулугуна байланыштуу мандатын токтотту. 

Бул тууралуу шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы  Кайрат Маматов билдирди.

Депутаттык мандатты алууга негиз болуп Коргонбай уулунун Россиянын да жараны экени, ошону менен кош жарандыкты алып жүргөнү негиз болгон.

2007-жылы Жусупбек Коргонбай уулу Россиянын жарандыгын алгандыгы тууралуу РФ юстиция министрлиги кабарлаган.  Депутат кезинде, 2008-жылы Москванын Түндүк Измайлово шаарына ал Кыргыз Республикасынын жараны экени тууралуу маалымат берген. Бирок Россиянын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалымат жок болуп чыкты.

Жусупбек Коргонбай уулу өзү Россияда иштеп барып-келгенин, бирок орус жарандыгын албаганын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты