Кочкордо жол кырсыгынан эки киши каза болду

Кочкордо жол кырсыгынан эки киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкордогу жол кырсыгынан эки киши каза болду. 

Нарын облусунун Кочкор районунда кечээ кечинде 19-декабрда, саат 19:42 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында, Кочкор айылында «Ауди-100» унаасы менен «КамАЗ»  кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Аудидеги” 2 киши каза болуп, 1 адам жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып каза болгон адамдардын сөөгүн чыгарып, “Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты