Цирктин директору кызматынан бошотулду

Цирктин директору кызматынан бошотулдуАбубакир Изибаев атындагы цирктин башкы директору Курмангазы Исанаев  кызматынан бошотулду.

Цирктин башкы директору Курмангазы Исанаевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Исанаев башкы директор болуп 2004- жылы 6- октябрда ошол кездеги Премьер- министр тарабынан дайындалган.

Бул тууралуу Маданият. маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы 20-декабрда кабарлады.

Сүрөт: Аталган министрликтин басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты