Январда канча күн эс алабыз?

Январда канча күн эс алабыз?1-7-январга чейин эс алуу күндөрү сунушталып жатат.

Өкмөттүн «2019-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтом долбооруна ылайык, 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январын, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майын дем алуу күндөрү кылуу сунушталат.

Буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Өкмөттүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 «Дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» жаңы жылдык майрам күндөрүнө тийиштүү токтомун кайрадан карап чыкты.

Анда  25-февралдагы дем алыш күнүн 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнүн 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнүн 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнүн (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которуу сунушталууда.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Сүрөтү: «ПолитКлиника» медиасыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты