“Коопсуз шаар” : Орнотулган камералар Кыргызстанда калары күмөн

Иликтөөлөр

Бир нече жылдан бери ишке ашырылбай келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашат деп Кыргыз Өкмөтү даярданып турган учур. Бирок, бул долбоордун артында дагы күмөндүү жагдайлар бар. Алардын эң орчундуусу “Вега” компаниясы короткон акчасын чыгарып алгандан кийин, техникалык жабдыктар Кыргыз Өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилери келишимде жазылган эмес.

Кыргыз Өкмөтү өткөргөн сынакта “Вега” радиотүзүлүш концерни” ААКсы жеңип чыгып, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырганы турат. Алар Бишкектин ичинде, жана шаардан сырткаркы чоң трассаларга 110 аппараттык-программалык комплекс, анын ичинде 1140 камера орнотот. Бул аппараттар жол эрежесин бузууну тартып турат. “Веганын” бул кызматы 2,5 млрд сомго бааланган.

Келишимге ылайык, компания 5 жылдын ичинде айып пулдардан түшкөн өзүнүн пайызын алып отуруп, 2,5 млрд сомун чыгарып алганга чейин иштейт.

“Вега” компаниясы менен Кыргыз Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин түп нускасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бирок, ачык булактарда жайгаштырылган келишимдин долбоорунда бул компания тарабынан орнотула турган техникалык жабдыктар “Вега” компаниянын балансында болору так жазылган. Жана аны башка бир тараптарга өткөрүп берүүгө акысы жок деп жазылган.

“Балким, долбоордун мөөнөтү аяктаганга чейин башка жеке менчик компанияга сатып жибербесин” деген этияттыкта ушинтип жазылгандыр” деген ой дагы болушу мүмкүн. Эгерде андай боло турган болсо, долбоордун мөөнөтү аяктаганда Кыргыз Өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү механизми дагы көрсөтүлүшү керек болчу.

Тилекке каршы, келишимдин долбоорунда мындай учур жазылган дагы эмес.

Келишим менен таанышпай, Өкмөттүн сөзүнө ишенген депутаттар

Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынан келишимдин бул учуру менен тааныштыгы бар же жок экенин тактап көрүүнү чечтик. Жыйынтыгында биз суроо узаткан депутаттардын баары эле өкмөттүн айтуусу боюнча эле алардын сөзүнө ишенип, бирөөсү дагы келишим менен таанышпаганы белгилүү болду.

Зиядин Жамалдинов, ЖК депутаты:

-- Келишимге ылайык, техникалык жабдыктар кимдин балансында калат?

-- Камералар Кыргызстанга орнотулат да, албетте, бизде калат. Бүткөндөн кийин, албетте, бизге өткөрүлүп берилиш керек.

-- Биз келишимдин долбоору менен таанышып чыктык, ал жерде өткөрүп берүү механизми көрсөтүлбөптүр. Бул кийин көйгөй жаратпайбы?

-- Жок, андай болсо туура эмес болуп калат да. Анда бул жерде маселе бар экен.

Исхак Масалиев, ЖК депутаты:

-- Келишимге ылайык, техникалык жабдыктар кимдин балансында калат?

-- Техникаларды орноткондон кийин бул компания өзүнүн короткон каражатын актамайынча акчаларды ала берет, актап алгандан кийин техникалар бизге өтөт да.

-- Келишим менен тааныштыңызбы? Ал жерде өткөрүп берүү механизми көрсөтүлбөптүр. Бул кийин көйгөй жаратпайбы?

-- Жок, биринчи долбоорлору боюнча ошондой болчу. Эгерде силер айткандай болсо, анда туура эмес болуп калат. Анда Кыргызстанга эмне пайда болот?

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты:

-- Келишимге ылайык, техникалык жабдыктар кимдин балансында калат?

-- Мамлекетте калат.

-- Бул келишимде жазылганбы?

--Келишимде жазылган.

-- Биз келишимдин долбоору менен таанышып чыктык, ал жерде өткөрүп берүү механизми көрсөтүлбөптүр. Бул кийин көйгөй жаратпайбы?

-- Бизге Премьер-министр сүйлөгөн сөзүндө ал техникалар мамлекеттик менчигинде калат деп айткан. Мамлекетке өткөрүп бербесе туура эмес болуп калат.

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты:

-- Келишимге ылайык, техникалык жабдыктар кимдин балансында калат?

-- Беш жылдан кийин Кыргызстандын Өкмөтүндө калат деп айтып жатат. Беш жылдан кийин, акчасын чыгарып алгандан кийин Кыргызстанга өткөрүп берип, чыгып кетет.

-- Өткөрүп берүү механизми келишимде жазылбаптыр го?

-- Келишимдерин биз карай элекпиз, Өкмөттүн отчету боюнча айтып жатабыз. Биз дагы келишимдерин алып, тактап көрөлү.

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты:

-- Келишимге ылайык, техникалык жабдыктар кимдин балансында калат?

-- Албетте, бизде калат да. Шаарда калабы, же ИИМде калабы, аны чечиш керек.

-- Биз келишимдин долбоору менен таанышып чыктык, ал жерде өткөрүп берүү механизми көрсөтүлбөптүр. Бул кийин көйгөй жаратпайбы?

-- Аа, мен долбоорду окуй элекмин, бирок, бул боюнча маселе жаралбашы керек. Алар салган акчаларын айып пулдар аркылуу алып чыгып кетет. Алар чыгып кеткенден кийин, техникалар бизде калат. Эгер ал пункт жок болсо, киргизиш керек.

Депутаттар баары бир добуштан, “эгерде чын эле ушул учур келишимде көргөзүлбөгөн болсо, анда аны киргизебиз, карап чыгалы” деп жооп беришти. Бирок, Кыргыз Өкмөтү “Вега” компаниясы менен кол коюп бүтүп, иштегени жатса, бул келишимди өзгөртө алышпай турганын алар эстерине албагандай.

Байланыш боюнча мамлекеттик комитети ынанымдуу жооп берген жок

Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы биздин суроолорубузга жооп берип, техникалык жабдыктар Кыргызстандын балансына өткөрүп берүү механизми келишимде көрсөтүлбөгөнүн айтты.

“Келишимде бул учур каралган эмес. “Мамлекеттин балансына өткөрүп берүү” чечими ал жабдыктардын акыбалынан, техникалык абалына, анын андан ары кызмат көрсөтүүсү үчүн кеткен каржылоого жана башка факторлорго жараша чечилет” деп жазылат маалымат кызматтын жообунда.

Жогорку Кеңеш бүгүн бул маселени талкуулап, ушул суроону ЖК депутаты Айнура Осмонова берди. Бирок, Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев так, ынанымдуу жооп берген жок.

“Бул жабдыктарга компания канча жыл кепилдик берип жатат? “ деп суроо узатты Айнура Осмонова. Бакыт Шаршембиев: “Ооба, кепилдик берип жатат. Беш жыл кепилдиги бар” деп жооп берди.

Андан кийин “Бул техникалык жабдыктар кимдин менчигине өтөт? Кыргыз өкмөтүнүнбү же “Вега” компаниясынынбы?” деп узаткан суроосуна Бакыт Шаршембиев “Бул жеке-менчик компания өзүнүн, өзүнүн эмеси...” деп жооп берип баштаганда Кубатбек Боронов ага “Өкмөттүн менчигине” деп шыбырагандан кийин “Кийин биздин менчигибизге өтөт” деп жооп берди.

Жыйынтык

Бул күмөндүү жагдайлардан улам “Вега” компаниясы беш жылдык убакытка гана техникалык жабдыктарын орнотконун түшүнүүгө болот.

Техникалык жабдыктарга беш жылдык кепилдик берилип жатса, андан кийин аны Кыргыз Өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жагы келишимде так көрсөтүлбөй жатса, демек, бул убактылуу гана коюлган жабдыктар деген бүтүм чыгарууга болот.

Беш жылдан кийин бул жабдыктар иштен чыгышы деле мүмкүн. Экинчи жагынан компания өз чыгымдарын чыгарып алгандан кийин, жабдыктарын чыгарып кетпейт деген кепилдик дагы жок. “Биздин келишимибиз бүттү” деп техникаларын алып кетип деле калышы ыктымал.

Алып кетпеген чакта дагы Кыргыз Өкмөтү кайрадан бул кызмат үчүн беш жыдан кийин жаңы конкурс өткөрүүгө мажбур болот. Ал эми ал сынакта, ошол эле “Вега” компаниясы эң эле арзан бааны сунуштап, кайра утуп чыга берет.

Анткени, жаңы компания бул сынактан жеңиши үчүн кайрадан жаңы техникаларды орнотуп чыгышы керек болот.

Ал эми “Вега” компаниясы болсо мурда орноткон техникалары үчүн эң арзан баа сунуш кылса дагы, алар эч нерсе жоготпойт.

Бул Кыргызстандын рыногуна “Вега” аттуу жаңы монополисттик компаниянын түбөлүккө киргенинен кабар берет.

ПолитКлиника