Абдылдажан Акматалиев, академик: “Чыңгыз Айтматовдун “Чоор жана жер” аттуу чыгармасынан Бүбүсаранын элесин табууга болот”

Маек

Бүгүн, 12-декабрь  улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө 90 жыл болду.

Айтматовдун “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим” “Эрте жаздагы турналар”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда” ж.б. чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчтарына  белгилүү. Айтматов чыгармалары дүйнө окурманлары сүйүп окуган залкар жазуучу. Анын көзү өткөндөн кийин бизде мурда жарык көрбөгөн чыгармасы табылган.

Бул тууралуу Айтматовдун чыгармаларын изилдөөчү, академик Абдылдажан Акматалиев мындай дейт:

  --Абдылдажан агай,  Чыңгыз Айтматовдун “Чоор жана жер” аттуу эч жерде жарыялана элек чыгармасы табылды деген маалымат кабарланса, кийин болгар тилинде жарык көргөнүн билдик.  Ушул тууралуу  айтып берсеңиз?      

--Чыңгыз агай дүйнөдөн кайткандан беш жылдан кийин, 2013-жылы, үй-бүлөсү,  уулу Аскар Айтматов  жазуучунун кагаздарын карап, алардын арасынан жубайы Мария Урматовнага, кызы Ширинге бир топ кагаздарды берген экен. Көп кагаздын ичинде “Бетме-бет” повестинин кол жазмасы да чыккан. Бир топ чыгармалардын  башталышы, алардын онго жакын аттары жазылып, аягына чыкпай калгандары бар. Бүткөнү “Чоор  жана жер” (“Флейта и земля” ) деген орус тилиндеги  чыгармасы.  Ал машинкада терилип басылган, көлөмү 146 бет. Чыгарманы Мария Урматовна мага көрсөткөндө карап чыктым. 60-жылдардын аягында, 70-жылдардын башында жазылган окшойт деген жыйынтыкка келдим. Бул чыгарма “Гүлсаратка” үндөшүп турат. “Ак кемеге” чейин жазылган деп айтууга болот. Чыңгыз агай ошол мезгилде Балыкчыдан келатып,  машинанын кузовунан маралдын этин көрүп калган. Аңгеме жазам деп повестке өтүп кеткен болушу керек. Көркөмдүк жагынан “Ак кеме” жогору деңгээлде, терең чыгарма болгон. Ошондуктан “Чоор жана жер” чыгармасы кол жазмасы  окшойт.

--Эч жерде жарыяланбаптыр деген чыгарма Болгариядан жарыкка чыккандыгы кандайча белгилүү болду?

--Чыңгыз Айтматовдун энциклопедиясын чыгарам деп мен көптөн бери эле аракет кылып келе жатам. Библиографияны карап олтуруп, жазуучубуздун болгар тилинде “Флейта и земя” (“Чоор жана жер”) аттуу чыгармасын көрүп калдым. Болгариядан суратсам, мына сага сенсация,    “Чоор жана жер” чыгармасынын үзүндүлөрү 1973-жылы Болгариянын “Пламък” ал эми 1974-жылы   “Литературный фронт”  аттуу журналдарында жана болгар тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын 2-томунда 1976-жылдары басылып чыккандыгын таап чыктык. Бул чыгарма орусча да, кыргызча да эч жерде жарыяланбай, биринчи жолу болгар тилинде жарыяланыптыр.  “Элдик маданият” сериясында чыккан Ч.Айтматовдун бул жыйнагына: “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ботогөз  булак”, “Эрте келген турналар”, “Чоор жана жер” повесттери жана “Атадан калган туяк”, “Свидание с сыном” деген аңгемеси кирген.

--Чыгарма Болгарияга кантип барып калганы тууралуу маалымат барбы?

--Аны эч ким билбейт. Аталган журнал редакцияларын да, басмасын да таба албадык. Балким Чыңгыз Төрөкулович ал жакка барып калганда бергендир. Үч жыл издеп жүрүп айрым маалыматтарды таптым. 1974-жылы журналга чыккан вариантын орусчадан болгар тилине Хадиева которгон, кийинки жолку болгар тилиндеги котормосу Александр Мешковго таандык. Тандалмалардын эки томдугуна да Мешковдун котормосунда кирген. “Чоор жана жер” чыгармасы кыргыз тилине которулган эмес.

--Жазуучу өзү бул тууралуу айткан эмес бекен?

--Агайдын макала, маектерин карап көрсөм, эч жерде деле ал тууралуу айткан эмес экен.  Ал эми жакында Окен аттуу киши келип, кызыктуу маалыматты айтып берди. Ошол киши 1969-жылы Чыңгыз Төрөкуловичтин кыргыз радиосунан ошол чыгарма тууралуу айтканын угуптур. “Чоор жана жер” аттуу чыгарманын каарманы Бейше Асакеев аттуу киши болгонун айтып, анын сүрөтүн алып келсе, дал ошол Болгариядан жарыкка чыккан китептеги сүрөттүн өзү болуп чыкты. Бейше Асакеев Ысык-Көлдөн болуп, комсомолдук, партиялык кызматта Шекерде иштеген экен. Ал жаштарды социализмди курууга үндөгөн, чечен киши болуптур. Кийин Улуу Ата Мекендик согушка кетип, Сталинграддын алдында салгылашта курман болот.

Согуш алдында Чоң Чүй каналын куруу кезинен 60-жылдардагы мезгилди камтыйт. Ал мезгил адамдардын социализм үчүн жан дили менен иштешкен учуру эмес беле. Чыгарманын башкы каарманы Байымбет аттуу киши болот. Согуштан кийин улуу муунду, өзгөчө ардагерлерди,  айрымдар урматтабай, кадырлабай  баратканын көрсөтөт. Байымбет аттуу баш каармандын сүйгөнү Шолпан аттуу казак кызы, актриса, опералык ырчы болот.

--Байымбеттин сүйүүсү Шолпан аттуу казак ырчысы кандай сүрөттөлгөн?

--Казакча Шолпан болсо, кыргызча Чолпон да. Бул образда Бүбүсара Бейшеналиеванын элеси жаткандай сездим. Ал кыз опера ырчысы болуп, Чоң Чүй каналын куруучуларга концерт койгону келет. Байымбет экөө опера жана балет театрынын алдына жолугушат. Сурөттөөлөргө караганда Бүбүсара Бейшеналиеванын элесин бергендей.

--Балким ошол себептен да бул чыгарма кыргыз тилинде да, орус тилинде жарык көрбөй, болгар тилинде чыккандыр?  

--Ошондой да болушу мүмкүн.

Чыңгыз Айтматов ошол мезгилде эле элдик оозеки чыгармаларга да кайрылган. “Манас” эпосунан,  Каныкейдин Семетейди Бухарага алып баратканы, “Гүлгаакы” аттуу  дастан кирет, Чыңгызхан тууралуу, Жибек жолу, археологиялык изилдөөлөр, Чоң Чүй каналынан Будданын эстелигинин табылышы, ал аркылуу Сталиндин эстелигинин кулашын чагылдырат. Байымбет болсо чоордо ойноп турат.

--Жаңы табылган чыгарманын Болгариядан басылып чыккандыгы тууралуу маалымат бул  Чыңгыз Айтматовдукубу же башканыыбы деген күмөн саноого чекит  койгон турбайбы?  

--Ооба, күмөн саноого чекит койду. Москвалык журналисттер да, башкалар да күмөн санашкан.  Башында айтсам, кантип эле мурда жарыяланбасын дегендер болгон. Ал чыгармадан агайдын стилин, почеркин көрүп турам. Эң негизгиси—ал чыгарманын түп нускасы болгар тилинде турат, каармандын прототиби да табылды.

--Чыңгыз Төрөкулович да чыгармаларынын мыкты дегендерин гана жарыкка чыгарып, калгандарын кол жазма боюнча калтырганбы?

--“Чоор жана жер” чыгармасынын көркөмдүк жагы, темасынын актуалдуулугу жагынан башка чыгармаларынан кем калбайт. Бирок “Ак кеме” жаңыча чыгарма болуп, ал эми “ Чоор жана жер” кандайдыр бир деңгээлде “Гүлсараттын” уландысы сыяктуудай сезилет. Журналды таба албай койдук. Ал эми китептин бир даанасын Болгариядан алдырттык.

Маектешкен  Айгүл Бакеева

Сүрөт: Интернет булактарынан.