15 август 2018
Бишкек убактысы: 01:02


Жаңылыктар

«Электр станциялары»: ЖЭБдеги бир видеокамеранын баасы 300 доллар

Мындай маалыматты «Электр станциялары» ишканасы таратып, жалпысынан Бишкек Жылуулук электр борборуна видеокамераларды орнотууга 1 млн. 738 503 доллар сарпталганын билдирди. Ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, анын ичинде жабдуулар үчүн 1 млн. 94 миң 951 доллар коротулган: — ТВЕА компаниясы көрсөткөн баалар боюнча, 128 видеокамеранын жалпы баасы 38,4 миң доллар. Ар бир […]
13.03.2018 20:30 Коом, Турмуш

Непал: Кырсыктаган учактын “кара ящиги” табылды

Кырсыкка учураган самолеттун “кара ящиги” табылганын Reuters агенттиги Катманду аэропортунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Кырсыктын себеби экипаждын конуу учурундагы катачылыгы болгондугу айтылууда. Бул тууралуу Катманду шаарынын аэропортунун жетекчиси Раджкумар Чхетри айтты. “Түндүк тараптан конуунун ордуна, учак түндүк-чыгыш жактан ылдыйлай баштаган. Мындай конууга самолёт ылайыкталган эмес” деди ал. 2018-жылдын 12-мартында “Трибхуван” эл аралык […]
13.03.2018 19:34 Коом, Турмуш

Дагы «Tez Jet” компаниясынын самолету Баткенге коно албай, Бишкекке кайтты

Бүгүн, 13-мартта «Tez Jet” авиакомпаниясынын самолету Бишкектен Баткенге учуп, бирок коюу тумандан коно албай, кайра кайтып, Бишкекке конгон. Самолет 13-мартта саат 11:26да “Манас” аэропортунан учуп, Баткенге коно албай, саат 12: 32де кайра “Манаска” конууга аргасыз болгон. Анын себебин “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы Бишкек-Баткен багытындагы рейс аба ырайынын шартына жараша конгонун, Баткенде коюу туман түшүп […]
13.03.2018 19:15 Коом, Саясат

Шыкмаматовдун соту 13-мартта уланды

Инфаркт алдында болгондугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңеш депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун соту бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаардык сотунда уланды. Жактоочу Жакупбекованын айтымында, азыркы сот отуруму өтпөш керек болчу, анткени Алмамбет Шыкмаматов дарыланып жатат. Бирок ооруп жатканына карабай, сотту атайы созуп жатат дебесин деп, Шыкмаматов сот отурумуна келди. Жактоочу врачтар Шыкмаматовго “бир […]
13.03.2018 15:32 Коом, Маданият

Акыркы сапар: Ашыр Чокубаев кыргыз маданиятынын мырзасы эле, султаны эле!

Бүгүн, 2018-жылдын 13-мартында, Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатуу Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында болуп өттү. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.
13.03.2018 15:07 Коом, Саясат

Орусиянын «кара тизмесинде» 77 миң кыргызстандык бар

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин 13-мартта журналисттерге берген маалыматына караганда, булардын ичинен 50 миң мигрант сот чечими менен «кара тизмеге» кирген, ошондуктан алардын кайра чыгышы кыйын. Ал эми калган 27 миң мигрантты «кара тизмеден» чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат: — Биз «кара тизмеге» бир-эки жолу эреже бузган жарандар киргизилбесин деп сунуш кылып жатабыз. Орусиялык […]
13.03.2018 13:28 Коом, Турмуш

Ошто «Йакын инкар» агымынын 9 мүчөсү соттолду

Аларды Ош шаардык соту «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын идеологиясын таратканы үчүн айыптап, 1-март күнү үч жана төрт жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев 12-мартта «Азаттыкка» билдирди. Бул жарандар 2017-жылдын 15-июнь күнү Кара-Суу районунда кармалган. Ушул тапта дагы 7 жаран «Йакын инкар» агымынын мүчөсү катары кармалып, тергөө […]
13.03.2018 10:59 Коом, Турмуш

Иликтөөгө кайрылабыз: Сырдуу вебкамера моделдери   

Вебкамера моделдери тууралуу «ПолитКлиника» гезити жана маалыматтык-аналитикалык порталы 2016-жылы жазып чыккан. Бирок ал убакта  ИИМ, Бишкек ИИБи да буга эч кандай реакция жасабай койгон.  Ал тургай Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматынын кызматкерлери вебкамера моделдери тууралуу биринчи жолу угуп жатканын билдирген.   Андан берки эки жылда вебкамера моделдери же интернет сойкулардын саны Бишкекте эле эмес, өлкө […]
12.03.2018 19:44 Коом, Саясат

Өкмөт аппараты да жетекчисиз калды

Сооронбай Жээнбеков 12-мартта Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө негизденип, Момуналиев Нурханбек Сакеновичтин отставкасы кабыл алынды жана ал берген арызы боюнча Өкмөт аппаратынын жетекчиси – министри кызматынан бошотулду. […]
12.03.2018 19:05 Коом, Саясат

Эмилбек Бусурманкулов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан алынды

12-март күндөгү Өкмөттөгү кызматтан алуу, сөгүш берүү, эскертүү берүүдөн кийин, кечкурун Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыя кылды.
Страница 62 из 138« Первая...102030...6061626364...708090...Последняя »