15 август 2018
Бишкек убактысы: 01:02


Жаңылыктар

04.04.2018 14:39 Коом, Саясат

Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы тынчсыздандырууда

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековго, Премьер-министр С.Исаковго, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Д. Жумабековго, парламенттик фракциялардын лидердерине, Жогорку Кеӊеш комитеттерине, Акыйкатчы К. Оторбаевге, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Т.Жапаровго КАЙРЫЛУУ
04.04.2018 14:26 Коом

Нариман Түлеевдин апасы кайтыш болду

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин апасы Чынар байбиче кайтыш болду. Бишкек шаарынын экс мэри Нариман Түлеев фейсбуктагы өздүк баракчасына “Барса келбес сапарга узап кетип/ Батырдың баарыбызды күйүткө терең…” деп, апасынын кайтыш болгонун кабарлады жана “Эне жөнүндө баллада” ырынан мисал тартты: “Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин […]
04.04.2018 11:15 Коом

Youtube компаниясындагы атышуу 

3-апрелде АКШдагы Сан-Бруно шаарында жайгашкан Youtube  компаниясынын баш кеңсесинде ок атышты. Ок аткан аялдын сөөгү табылды жана үч адам жаракат алган.  Би-Би-Си телеканалы билдиргендей, Сан-Бруно шаарынын шеф-полициясы Эд Барберини жараланган үч адамдан сырткары бир аялдын сөөгү табылганын айтты. Маалыматтарга караганда ал аял өзүн-өзү атып салган. Сан-Франциско шаарынын доктору Эндрю Кемпбелл ооруканага үч адам жабырланып түшкөнүн, […]
04.04.2018 10:51 Коом, Саясат

«Электр станциялары» ишканасынын башчылары кармалды

Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, «Электр станциялары» ААКынын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин […]
04.04.2018 10:40 Видео, Коом, Турмуш

Чек арадагы жаңжалда кыргыз жараны менен тажик чек арачысы жаракат алды (видео)

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын бир жараны жана Тажикстандын бир чек арачысы жаракат алды. Тараптар 3-апрелде болгон аймактагы чатак басылып, абал турукташканын кабарлашты. Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын маалыматына караганда, учурда жаракат алган адамдардын абалдары канааттандыраарлык. Кыргызстан Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузулган дубал себеп болгону […]
04.04.2018 10:36 Коом, Саясат

Президентти жана башка бийлик жетекчилеринин коопсуздугун камсыздаган  9-кызматтын башчысы кызматтан алынды

Бүгүн, 4-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук  мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы Мусакеев Дамир Сагындыковичти берген арызына ылайык кызматынан бошотту.   Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук  мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы Мусакеев Дамир Сагындыковичти берген арызына ылайык кызматынан бошотту.  Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук Коопсуздук кызматынын 9-кызматы деген кандай кызмат? Айта кетсек, 9-кызматтын тарыхы […]
03.04.2018 21:44 Коом, Турмуш

“Заноза” сайты менен Мавлян Аскарбековду соттогон Гүлчехра Оморова кызматтан алынды

Бүгүн, 3-апрелде, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч. Оморова Президенттин жарлыгы менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч. Оморованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун, ошондой эле Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз […]
03.04.2018 21:39 Коом, Саясат

Сооронбай Жээнбеков: “ИИМде коррупция жогору”

КР Президенти  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде, ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда ИИМде коррупция деңгээли жогору экендигин айтты. Министр  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Президент С. Жээнбеков коррупцияга каршы ички иштер органдарында иш күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгиледи. “Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек” деди.  Сооронбай […]
03.04.2018 21:35 Коом, Саясат

Депутаттык комиссия ЖЭБдеги  аварияны иликтеп бүттү

Бүгүн, 3-апрелде,  Бишкек Жылуулук-электр борборундагы авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өтүп, иликтөө корутундусунун долбоорун талкууламак. Бирок жакын арада кезексиз жыйын өткөрүп,  жыйынтык чыгаруу чечимине келишти. Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун айтымында, комиссиянын иликтөө корутундусунун долбоору даяр. «Бирок Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо маселесине байланыштуу биз маалымат ала турган дагы бир топ адамдар бар […]
03.04.2018 21:28 Коом, Саясат

Замирбек Чекирбаев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 3-апрелде, премьер-министр Сапар Исаков Чекирбаев Замирбек Сулаймановичти  Өкмөткө караштуу Салык кызматынын төрагасынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматына дайындады. Бул тууралуу Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Страница 45 из 138« Первая...102030...4344454647...506070...Последняя »