17 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 17:45


Жаңылыктар

08.11.2018 12:48 Коом, Турмуш

Тажикстан: Түрмө козголоңунан камактагы 13 киши каза болду

РИА новости маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда Тажикстандын түндүгүндөгү Согди облусунун Ходжент шаарында колонияда чыккан козголоңду басуу учурунда камактагы 13 киши каза болду. Маалымат берген адамдын айтуусуна караганда камакта жаткандардын бири Ислам мамлекети уюмунун мүчөсү болушу мүмкүн, алар күзөт кызматынын курал-жарактарын тартып алган. Согди облусунун атайын отряды козголоңду баскан. Тажик күч органдары ал жакта атайын иликтөө […]
08.11.2018 12:02 Саясат

Сооронбай Жээнбеков Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим уюм саммитине катышат

Бүгүн , 8-ноябрда, Астана шаарында Жамааттык Коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖАКК) саммити өтөт. Ал жыйынга Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат.  Саммитте башка маселелер менен катар ЖАККтын жаңы баш катчысы шайланат. Мурдагы баш катчы Юрий Хачатуровго Арменияда төңкөрүш боюнча айып коюлуп жаткандыгынан улам кызматтан четтетилген. Кыргызстан ЖАКК саммитинде төрагалык кылып жатат.
08.11.2018 11:55 Коом, Турмуш

Коммуналдык көйгөйлөр жаралганда кайда кайрылуу керек?

Жылуулук, суу менен камсыздоо жана таштанды чыгаруу көйгөйлөрү боюнча шаар туругундары төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланыша алышат. Бул тууралуу расмий сайтында Бишкек шаардык мэриянын пресс-кызматы билдирди. Күнү-түнү арыздарды кабыл алуу комерлери-185 жана 1840. Ошондой эже шаар тургундары көйгөйлөрдү сүрөтү менен 0554 18 21 85 WhatsApp номери аркылуу жөнөтө алышат. 1-ноябрдан тарта ыкчам жооп берүү кызматы […]
08.11.2018 11:33 Саясат, Турмуш

Кыргызстан-Казакстан: Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы жолугушту

Астана шаарында Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппараты  менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын консультативдик жолугушуусу  өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Президенттинин басма сөз кызматы маалымдады. Казакстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Габит Байжанов  жолугушууну өткөрүү боюнча биргелешкен демилгени ишке ашыруу боюнча  ыраазычылык билдирди. Жолугушууда баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансчекаралык кылмыштарга каршы күрөшүү, диний экстремизмге жана терроризмге жол бербөө жана эки […]
08.11.2018 11:12 Коом, Саясат, Турмуш

Турмуштук кыйын сыноого кабылган балдар

  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз сөз кызматы билдиргендей, турмуштун катаал сыноосуна кабылган 2444 үй-бүлө министрлик тарабынан кыйынчылыктан чыгарылган. Өлкөдө бардыгы болуп турмуштун катаал сыноосуна кабылган  4278 бала болсо, алардын 2847 ине биринчи кезекте жардам берүү планы бекитилген. Турмуштук катаал сыноого кабылган балдардын 94 ү зомбулукка кабылса,  булардын арасынан 40 бала уруп-согууга дуушар […]
08.11.2018 00:59 Коом, Турмуш

Бүгүн Бишкектин кайсы жеринде электр жарыгы өчөт?

  “Түндүк электро” ачык акционердик коому билдиргендей, бүгүн, 8-ноябрда, Бишкек шаарынын төмөнкү даректеринде электр жарыгы өчөт: Бакай Ата жаңы конушунда (Жээк, Кошой, Нооруз көчөлөрүндө) саат 10.00-17.00 гө чейин; Сүйүмбаев, Осмонкул, Киев, Сыдыков көчөлөрүндө, Чүй проспектисинде саат 9.50-17.00 чейин электр жарыгы өчөт.
08.11.2018 00:57 Коом, Турмуш

Уланбек Эгизбаев эл аралык абройлуу сыйлыкка татыктуу болду

Уланбек Эгизбаев дүйнөдөгү айтылуу журналисттерге берилчү  David Burke сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун директору Венера Жуматаева 7-ноябрь түнү фейсбук баракчасына жазды. “Бүгүнкү күн аяктаарда алыскы Америкадан бир чети кубанычтуу, бир чети дагы бир сыйра өкүндүргөн жаңылык келди. Уланбек Эгизбаев David Burke атындагы дүйнөдөгү атактуу журналисттерге берилчү сыйлыкка татыктуу деп табылыптыр. Уланды ал сыйлыкка «Азаттыктын» […]
08.11.2018 00:14 Коом, Маданият

Экс министр Эрлан Абдылдаевдин апасы— кино ардагери Райхан Абдылдаева менен коштошуу

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз киносунун ардагери, үн режиссёр Райхан Абдылдаева 82 жашында дүйнөдөн кайткандыгын билдирди. Райхан Кабышевна казак кино сынчысы Кабыш Сирановдун үй-бүлөсүндө туулган, айтылуу кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин жубайы, экс Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин апасы болчу. Р. Абдылдаеванын эмгек китепчесинде бир гана жазуу болгон—Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” студиясынын үн режиссеру деген.
07.11.2018 22:56 Коом, Турмуш

Абанын температурасы төмөндөйт, жаан, кар жаашы мүмкүн

Эртең, 8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Облустарда: Чүй —түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7; Талас— түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абад— түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8; Ысык-Көл- түнкүсүн -3…+2, күндүз […]
07.11.2018 21:34 Турмуш, Экономика

Мухаммедкалый Абылгазиев “Кичи Чаарат” боюнча Цзян Лян-Ю менен жолугушту

    Премьер-министр М. Абылгазиев бүгүн, 7-ноябрла, «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын баш директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чаарат» кен байытуучу фабрикасынын  декабрь айында ишке киргизүү маселеси талкууланды. Премьер-министр  белгилегендей, Өкмөт инвестициягы коргоого өзгөчө көңүл бурат жана ак ниет, Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана экологиялык ченемдер менен […]
Страница 41 из 218« Первая...102030...3940414243...506070...Последняя »