25 май 2018
Бишкек убактысы: 15:13


Жаңылыктар

05.04.2018 22:32 Коом, Саясат

Райымбек Матраимов кызматка Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдады

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдады. Бул тууралуу 5-апрелде айрым басылмалар жазып чыгышты. «2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр […]

Булан институту:  “Ашар жолу менен мектеп курууга тыюу салуу керек”

Өкмөттүк эмес уюм болуп саналган Булан ннституту кийинки мезгилде Кыргызстандагы орто мектептердин абалын ар тараптан иликтеп, көйгөйлөрдү ортого салып, анын чечүү жолдорун аныктап келе жаткандыгы коомчулукка кеңири белгилүү болуп калды.
05.04.2018 16:00 Коом, Турмуш

Тойдон тоок этинен ууланышты

 Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында 31-мартта үйлөнүү тоюна келгендер тоок этинен тай элинин рецепти боюнча даярдалган тамактан ууланганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунан билдиришти.       Тооктун этинен жасалган тамакта сальмонелла бактериясы чыккан. Санэпидкөзөмөл борбору тоок этинен тамак даярдоодо жана аны сактоодо технологиялык эреже бузулганын аныктап чыгышты. “Ала-Тоо” ресторанында жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлүп, ачылган […]
05.04.2018 15:51 Турмуш

Баткенден мумиё жыйнайм деп казакстандык жаран 3 күн жоголгон 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 1-апрелинде  Баткендин Ак-Сай айылынын 2 тургуну (1959-жылы туулган М.К. жана 1960-жылы туулган А.И.), Бишкек шаарынын тургуну (1960-жылы туулган Ж.С.) жана Казакстан жараны (1960 ж.т. Лю.А.) аталган айыл жанындагы Суксурлук тилкесине чатыр тигип, мумие жыйнаганга чыгышкан. Үч жаран тигилген чатырга кайтып келген, Лю.А. белгисиз себептер менен кайтып […]

Дастан Бекешев транспорт инспекциясын жоюуну сунуштады

Бүгүн, 5-апрелде,  Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Дастан Бекешов Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорт инспекциясын жоюу керек, анын ишин талдап көрсөк, башка бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталайт экен деди. Жакында эле иш таштаган кичи автобус айдоочуларын бир четинен түшүнсө болот, инспекциянын кызматкерлери алардан акча алуунун кынуусун алып калышыптыр, ошондуктан аны жоюу зарыл деп айтты.
05.04.2018 15:15 Коом, Турмуш

Алмазбек Баатырбеков, ЖК депутаты: «Нарында сыркоолорду жалгыз ооруканага батыруу кыйын»

Бүгүн, 5-апрелдеги парламенттик жыйында Алмазбек Баатырбеков Нарын облусунда 280 миӊ адам жашайт. «Дартка чалдыккан адамдардын көпчүлүгү Нарын шаарындагы облустук ооруканада дарыланат. Ошондон улам, Нарын шаары менен район тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратууда” деп айтты. «Бүтүндөй бир облустун оорулуу адамдарын жалгыз ооруканага батыруу кыйын. Мурда Нарын шаары менен райондун тургундары үчүн өзүнчө оорукана куруу планы […]
05.04.2018 15:13 Коом, Саясат

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: «Манас» аэропортун неге Өкмөт өзү иштетип, акча таба албайт?»

«Манас» эл аралык аэропорту чоң каражат таба турган жер, аны туура пайдалануу керек. Эмне үчүн аэропортту Өкмөт өзү иштетип, акча таба албайт?» — деген суроону Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө айтты. «Биздин өлкөдө көптөгөн карылар жана балдар үйлөрү бар. «Манас» аэропорту өзү иштетип, кошумча каражат тапса, алар камсыз болмок. Андай кылуунун ордуна молдован ишкерине […]
04.04.2018 21:50 Коом, Саясат

“Республика-Ата журт” фракциясынын жаңы лидери Жыргалбек Турускулов аркар-кулжага аңчылыкты жактырат  

3-апрелде, “Республика-Ата журт” парламенттик фракциясынын лидери алмашылып, Руслан Казакпаевдин ордуна Жыргалбек Турускулов шайлангандыгы маалым болду.   Партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов жаратылыш байлыктарын коргоп, аркар-кулжаларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоону жактаган мыйзам долбоорун даярдап, өтпөй калганда капа болуп, акыры аны өткөрүү боюнча үмүт-тилек кылган болсо, эми ал тилеги таш кабат окшойт. Анткени “Республика-Ата журт” фракциясынын жаңы лидери Жыргалбек […]
04.04.2018 15:26 Коом, Саясат

Коррупция деңгээлин төмөндөтүү боюнча мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 4-апрелде,  Президент Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Анын максаты — мамлекеттик сатып алууларга катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу болуп саналат. Азыркы учурда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык, уставдык капиталга […]
Страница 32 из 126« Первая...1020...3031323334...405060...Последняя »