23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 19:35


Жаңылыктар

19.04.2018 13:36 Коом, Саясат

Жаңы коалициянын болжолдуу курамы

Бүгүн Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом кабыл алып, аны Президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жиберди. Президент бүгүн эле министрлер кабинетин отставкага кетирери күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтарга карганда, учурда парламентте жаңы коалиция куроо маселеси ич ара талкууланууда. Аны КСДП, «Кыргызстан», «Республика-Ата-Журт», «Бир Бол» фракциялары түзөрү жана «Ата Мекен» менен «Өнүгүү» фракциялары оппозицияда калары болжолдонууда. Ал […]
19.04.2018 12:33 Коом, Саясат

Сапар Исаковдун ордуна Мухаммедкалый Абулгазиев келеби?

Премьер-министр Сапар Исаков отставкага кетирилгенден кийин ордуна ким келет деген суроо турат. Эмки премьер-министр Президент Сооронбай Жээнбековдун көздөй кишиси болушу керек жана түндүк-түштүк тандемине да туура келиш керек. Биздин ишенимдүү булактарыбыздын айтуусунда, мындай адам бар. Ал президенттик аппараттын башчысы—Мухаммедкалый Абулгазиев. Фарид Ниязов аппарат башчылыгынан кеткенден кийин аны президент аппарат жетекчиси кылып дайындаган. Сооронбай Жээнбековдун көздөй […]
19.04.2018 11:33 Коом, Саясат

Сапар Исаковдун кетишине кимдер каршы чыкты?

     Ошентип, Өкмөт отставкага кетсин деген чечимди 101 депутат колдоду, каршы 5 депутат болду.  Каршы болгондор: КСДПдан Дастан  Бекешов, Мурадыл Мадеминов, Данияр Аттокуров,  “Республика-Ата журттан” Таабалды Тиллаев, Руслан  Казакбаев.  Жыйынга  келбегендер: КСДПдан Азамат Арапбаев,  Ирина Карамушкина,  Улан Примов жана  Кенжебек Бокоев («Республика — Ата-Журт»), Насыр Мусаев («Кыргызстан»), Аскарбек Шадиев («Бир Бол»). Добуш бербегендер: КСДПдан […]
19.04.2018 11:11 Коом, Саясат

Парламент өкмөткө ишеним көрсөткөн жок

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Аны 105 депутат колдоп, төртөө каршы добуш берди. Эми мыйзам боюнча парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт. Парламенттин жыйынында “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган. Демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да колдоп, бардык процедуралар аткарылганын айткан. Бул сунушту […]
19.04.2018 10:47 Коом, Саясат

Депутат: «Өмүрбек Текебаевге катуу «прессинг» башталды»

«№47 убактылуу кармалуучу жайында Өмүрбек Текебаевге катуу «прессинг» башталды» деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов. Депутат ЖК төрагасынан Жаза аткаруу кызматына бул жагдайды көзөмөлгө алууну тапшырма берүүнү суранды. «От менен ойнобосун» деди Шыкмаматов.
19.04.2018 10:43 Коом, Саясат

Жогорку Кеңеш Өкмөттү отставкага кетиргени калды

Бүгүн, 19-апрелде, “Республика-Ата Журт” фракциясынын жаңы шайланган лидери Жыргалбек Турускулов өкмөттү отставкага кетирүү маселесин сунуш кылды. “Ата Мекенден” Алмамбет Шыкмаматов бул сунушту колдоп, депутаттардын үчтөн биринин колдогону тастыкталганын айтты. Төрага Дастан Жумабеков өкмөткө ишеним көрсөтпөө каты да бар экенин тастыктады. Анын айтуусунда, Конституциянын 85-беренесинде жана ЖКнын регламенти боюнча Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөө сунушун киргизе алат. […]
19.04.2018 10:14 Коом, Саясат

Венеция комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин абалына тынчсызданып, саясый себеп бар деп белгиледи

Венеция комиссиясы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул уюмдун кезектеги жыйынына катыша албай калганына “терең тынчсызданууда”. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди. Токтакунованын айтымында, март айында Текебаевдин атына чакыруу келген, бирок ал камакта жатканына байланыштуу жыйынга катыша албай турганы тууралуу жооп жөнөтүлгөн. Бүгүн ошол катка комиссиянын төрагасы Жанни Букиккиодон жооп келди. Анда “Мен […]
18.04.2018 17:36 Коом, Саясат

Президент Улуттук банк төрагасын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 18-апрелде, өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Улуттук банктын төрагасы валюталык рыноктогу абал жана улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу чаралары, акча-насыя саясаты жана банк секторунун туруктуулугун камсыздоо боюнча айтып берди. Банк инфраструктурасын  өнүктүрүү, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча пландарга токтолду.  Улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгына карата […]
18.04.2018 15:25 Коом, Саясат

ЖЭБ чыры боюнча Айбек Калиев шектүү катары кармалды

«Бишкек шаарындагы ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Улуттук энергохолдинг» ААКсынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү адам катары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ал учурда УКМКнын убактылуу кармалуучу жайына киргизилген. Эске салсак, өкмөт башчы Сапар Исаков жакында аны кызматтан алган болчу. Бирок, коомчулукта бул кадамды Калиевди калкалоо катары баалашкан […]
18.04.2018 14:15 Коом, Маданият

Китеп жумалыгы өтөт

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан!» жумалыгы башталды Кыргызстанда 2018-жылдын 21-27- апрелине чейин улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн белгилөө жумалыгы өткөрүлөт. Китеп жумалыгынын максаты—билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачкан китеп окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттыруу. Бул багытта ата-энелердин маанилүү […]
Страница 30 из 135« Первая...1020...2829303132...405060...Последняя »