17 январь 2018
Бишкек убактысы: 21:15


Жаңылыктар

16.01.2018 12:59 Коом

Сахада суук 60 градустан ашты

Россиялык маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, быйылкы кыш Якутияда (Саха республикасы) катуу болууда.  15-январда  айрым жерлерде сууктун күчү -65 градуска чейин жеткен. Сууктун айынан мектептерде окуу токтоп, балдар үйлөрүнөн окушууда.

Кытайга кузовго жашынып өтөм дегендер

КР Чек ара кызматынын басма сөз менен кызматташуу бөлүмү билдиргендей, 15-январда кыргызстандык эки жаран “Эгиз ээк” чек ара аймагынан Кытайга уруксаты жок өтүп кетүүгө аракет кылганда кармалышкан. Алардын бири жүк ташуучу машинанын кузовуна жашынып алган.  

Жакупова менен Айыптын камакка алынган мүлктөрүн сатуу талабы коюлду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттеджди жана журналист Нарын Айыптын үлүшү бар батирди сатыкка чыгаруу талабы менен сотко кайрылды.
16.01.2018 11:53 Коом, Турмуш

Москвадан 5-кабаттан кулаган кызга жардам берилди  

Москвада 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык Жаркынай Юсупованын дарылануусуна Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын РФдагы өкүлчүлүгү, кыргыз диаспорасы жана биздин жарандар тарабынан 160 миң рубль өлчөмүндөгү жардам берилди.

Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган.
15.01.2018 15:38 Коом

Көп аял алууну жактагандар “Сиздин кызыңыз бирөөгө экинчи аял болушуна макулсузбу?” деген суроого “Каршымын” деп жооп берет

Эки аял алуу менен жесирлердин жана жетимдердин санын азайтса болобу? Көп аял алуу өлкөдөгү сойкулук маселесин чечеби, биздин кабарчы буга жооп издеп көрдү. Чуу жараткан Чубак Ажы Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун экинчи аял алганын ачык айтып, башкаларга да чакырык таштаганы кыргыз коомунун талкуусуна айланган. Кийинчерээк аны мыйзам бузду деп милиция суракка ала баштаганда айтканынан […]
Страница 3 из 4512345...102030...Последняя »