17 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 07:12


Жаңылыктар

14.06.2018 11:19 Коом, Саясат

Президент Москвага кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапар менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти. Мамлекет башчы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат. Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.  
13.06.2018 16:37 Коом, Саясат

Депутат Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 49 жашында кайтыш болду

  Кыргыз Республикасы орду толгус оор жоготууга учурады. 12-июнь күнү Жогорку Кеӊешинин депутаты Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 49 жашында кайтыш болду. Ал  Түркияда каза болду. Бул кабарды «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков  тастыктады. «Мурда Түркиядан операция жасатып келген. Акыркы учурда ашказаны ооруп жүргөн. Кайра кеткен окшойт, түндө Түркияда каза болуп калгандыгын уктук», — деди Батырбеков. Фракциялашы Кадыкеевдин […]
13.06.2018 16:07 Коом, Турмуш

Бишкекте чет өлкөлүк студенттер окуудан чыгарылды

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги кызматкерлердин алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Каржы полициясына 50дөн ашык чет өлкөлүк студент кайрылып, 2017-жылдын сентябрынан бери ар бири окуу үчүн 2 900 доллардан (жалпысынан 145 миң доллардан ашык) төлөгөндүктөрүн билдиришкен. Бирок бул үчүн дүмүрчөктөр берилбей, акчалар кассага түшкөн эмес. Жыйынтыгында […]
13.06.2018 16:01 Коом, Саясат

Иштамберди кенин жабууну талап кылган митинг өттү

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров ырастады. Анын айтымында, митингге чыккандар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолукту. Жергиликтүү тургун Бекжан Станбековдун билдиришинче, митингге чыккан 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды […]
13.06.2018 15:58 Коом, Саясат, Турмуш

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын тургундары менен Тажикстандын Согди облусунун Бобожон Гафуров районунун Офчу-Калача айылынын тургундарына ооз ачыруу өттү. Ага Тажикстандын чек арадагы айылдарынан 100дөй киши келди. Бул тууралуу Єкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек […]
13.06.2018 15:54 Коом, Саясат, Турмуш

Боронов: “Коопсуз шаар” долбоорун күзүндө баштайбыз

Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк саат учурунда билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча бир ай ичинде сынак жарыяланат жана күзүндө Бишкек шаарында камералар коюла баштайт. — Биринчи этабында негизги басымды жол эрежелерин бузуу жана кырсыктарды төмөндөтүүгө басым жасап жатабыз. Биринчи тапта коюлган камералар […]
12.06.2018 15:08 Коом, Саясат

С. Жээнбеков Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына катышат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапары менен Москва шаарына барат. Сапардын алкагында мамлекет башчы Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат. Эки өлкө жетекчилери жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүн кабарлады.
12.06.2018 15:06 Коом, Саясат

Канатбек Исаевдин соту 21-июнга жылды

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин ишин карады. Анда акыркы сөзүн сүйлөгөн Исаев күнөөсү жок экенин жана сот далилдерге көңүл бурбай жатканын айтты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди «2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын […]
11.06.2018 15:07 Коом, Саясат

Молдавановка абагындагылар нааразылык көрсөтүүдө

Ысык-Ата районунун Молдовановка  айылындагы №27 абакта жаткандар нааразылык  билдирүүдө. Өткөн жуманын аягында Молдовановкадагы абакта жаткандар тамактануудан баш тартышып, оозун тигип, кан тамырларын кесишкен. Абакта жаткандар өздөрүнө эң жакшы ыңгайлуулук түзүлүшүн, мобилдик телефон берилишин, абак ичинде эркин жүрүү ж.б. талап кылышууда. Азыркы учурда 56 кесилген адам нааразылыык көрсөтүүдө. Бүгүн, 1-июнда,  төртөө тамак  жей башташты. 11 и […]

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата

2018-жыл түрк тилдүү өлкөлөрдө  Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланган. Жылдын расмий ачылышы Түркиянын Анкара, Стамбул, Костомону жана Бурса шаарларында өттү. Ага КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жетектеген маданият кызматкерлери катышты. Кыргыз Республикасынын  чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде  жана башкы консулдуктарда көргөзмөлөр, талкуулар ж.б. иш-чаралар өткөрүлүп жатат. 2018-жылдын 4-7-октябрында “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышында эл аралык Ысык-Көл  форуму […]
Страница 20 из 153« Первая...10...1819202122...304050...Последняя »