17 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 06:28


Жаңылыктар

16.10.2018 15:09 Коом

Ошто 90 жылдык тарыхы бар окуу жайды өрт чалды

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынынын имаратын өткөн түнү өрт чалып, концерттик зал толугу менен күйүп кетти.  16-октябрга караган түнү — саат бирлер чамасында чыккан өрттөн концерттик залга жакын жайгашкан төрт бөлмө да жараксыз абалга келген. Тилсиз жоо эмнеден чыкканы азырынча белгисиз, анын себептерин тиешелүү кызматтар териштирүүдө. Окуу жараяны үзгүлтүккө учурабашы үчүн азыр 200 […]
16.10.2018 14:04 Коом

Объявление

ОсОО «Жебе» т конкурс на разработку информационно-аналитического портала www.pk.kg. Техническое задание вы можете скачать по ссылке. Техническое задание_Политклиника Коммерческие предложения необходимо направить до 23.10.2018 на адрес ofispolitklinika@gmail.com, копию письма на адрес nsariev@internews.org. Дополнительную информацию можно получить по тел. + 996 (700) 80-29-06.
16.10.2018 13:46 Коом, Турмуш

№47 мектеп директору кызматтан кетти

№47 мектептин 8-классынын окуучусу 9-класстын окуучусу тарабынан сабалгандан кийин мектептин директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор жумуштан кетирилип, шаардык мэриянын вице-мэрине, билим берүү башкармалыгынын жетекчисине сөгүш берилди.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.    9-класстын окуучусунун 8-класстын окуучусун сабап койгондон кийин мектеп директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор кызматтан кетирилди. Ал эми билиим берүу башкармалыгын жетекчисине […]
16.10.2018 13:30 Коом

Түркияда Кыргызстандын 46 жараны көчөдө калды

Үч ай иштеп, айлыгын ала албай акчасыз жана жумушсуз калган жарандар айла кеткенде маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу жасашты. Ага караганда, алар «Фиеста сервис» компаниясы аркылуу ишке орношуп, бирок алданып калышкан. Кыргызстандан барган бул топ Түркиянын Кемер шаарындагы «Авангард ресорт» мейманканасында 3 ай иштеген. Бирок келишим бүткөндөн кийин айлык акысын алган эмес. «Мейманканадан бизге айлык акы […]
16.10.2018 11:00 Саясат

ТИМге Чыңгыз Айдарбеков сунушталды

Өкмөт башчы тышкы иштер министри кызматына Жапониядагы Кыргызстандын элчиси болуп иштеп жаткан Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Анын талапкерлигин эми Жогорку Кеңеш карашы керек. Мыйзамга жараша, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуштап, Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат. 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери […]
16.10.2018 10:28 Коом, Саясат

«Азия Ньюс» гезити эки миллион сомдук доого жыгылды

Бишкектин Октябрь райондук соту «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди эки миллион сом доо төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды. Ага Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун аталган басылмага каршы эки арызы себеп болгон. Башкы редактор Асланбек Сартбаевдин билдиришинче, Акматбек Келдибеков гезитке чыккан айрым маалыматтар “кадыр-баркыма шек келтирди” деген негизде сотко эки арыз жолдогон. Сот анын […]
16.10.2018 00:04 Коом, Турмуш

Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!

 16-17-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз […]
15.10.2018 22:52 Коом, Турмуш

Кыргыз-тажик аймагында бир суткада эки жолу жер титиреди

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча кечээ  кыргыз-тажик чек ара аймагында бир суткада эки ирет жер титиреди. 14-октябрда саат 11:15те Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ош облусунун Чоң-Алай районунда -2,5-3 баллга чейин сезилген. 14-октябрда 13:12де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен […]
15.10.2018 20:25 Коом

Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалды

Москвада мекендештерин сабап, тоноп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын 15-октябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Алардын баары Кыргызстанда туулган. Кармалгандар менен жабыркагандар таксомотордук фирмада иштеп, акчасын алдыргандар полицияга арыз жазуудан коркуп жүргөн. ИИМден билдиришкендей, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүн Камчы Көлбаевдин тобундагы адам катары тааныштырып келген. «КР ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө белгисиз адамдар Москва шаары […]
15.10.2018 20:13 Саясат

Сот Каныбек Осмоналиевди актады

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн кечке жуук мурдагы билим берүү министри, ЖКнын мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев актаган чечим чыгарды. Сот бардык коюлган айыптар боюнча далил табылган жок деп таап, анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын жокко чыгарды. Мамлекеттик айыптоо соттон Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта […]
Страница 2 из 15312345...102030...Последняя »