17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 16:46


Жаңылыктар

26.01.2018 11:08 Коом, Турмуш

Жылуулук берилүүчү түтүктөр, чатырлар текшерүүгө алынууда

Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-январынан тарта 24-январга чейин сууктун кесепетинен 15 адам көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.  Алардын денесинде күч колдонулган белгилер табылган эмес. Маалыматта белгиленгендей, алардын көпчүлүгү туруктуу жашаган жери жок адамдар. «Көчөдө күн кечирген, туруктуу жашаган жери жок адамдарга күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жылуулук берилүүчү түтүктөр, чатырлар текшерүүгө […]
26.01.2018 10:42 Коом, Саясат

Путиндин кызы Катерина миллиардер Кирилл Шамалов менен ажырашты

Путиндин кызы Катерина Тихонова миллиардер Кирилл Шамалов менен ажырашканын россиялык Bloomberg агенттиги кечээ, 25-январда жазды. Россиялык массалык маалымат каражаттары  Катерина менен Кириллдин үйлөнүү тою 2013-жылдын  февраль айында Санкт-Петербургдан бир сааттык жолдо, Игордогу тоо-лыжа курортунда өткөндүгүн жазышкан.  Жаш жубайлар үйлөнүү үлпөтү өтчү жерге орустун жомокторундагыдай болуп, ат чегилген чана менен келишкени айтылган. Бирок экөөнүн үйлөнгөнү тууралуу […]
26.01.2018 10:37 Коом, Саясат, Турмуш

Сүйүнчү! Ишкердин реанимобиль белеги

Ысык-Көл облустук ооруканасына жеке ишкер жана меценат Мирлан Исагалиев “Тез жардам” Mercedes-Benz реанимобилин белек кылды. Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жеке ишкер жана меценат Мирлан Исагалиев Ысык-Көл облустук ооруканасына Mercedes-Benz үлгүсүндөгү реанимобиль тартуулады. Облуста 87 “Тез жардам машинасы” болсо, алардын 19 у бузук. Губернатор Узарбек Жылкыбаев мындай деп айтты: —Мындай реанимобилди […]
26.01.2018 10:31 Коом, Турмуш

Казакстанда суукта калган кыргызстандыктар куткарылды

Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган. «Казинформ» маалымат агенттиги кабарлагандай, автобус Жалал-Абад-Пермь-Москва багыты боюнча бараткан. Анын ичиндеги 21 кишинин баары кыргызстандык болуп чыкты. Алардын баары аман-эсен. Сууктан үшүп калган жүргүнчүлөр Астраханка айылындагы жылытуу пунктуна жайгаштырылган. Алар жолго качан чыгары кабарланган жок. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери да бул маалымат тууралуу комментарий бере элек. […]
25.01.2018 16:15 Коом, Саясат

Бишкекте дипломатиялык номерлүү машине эки кишини сүзүп кетти

  Окуя бүгүн башкалаанын Турусбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул тууралуу жол кырсыгына күбө болгондор билдирип жатышат. Жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн машине дипломатиялык номердеги кара түстөгү жол тандабас экени тартылган сүрөттөр Интернетте тарады. Анын айдоочусу эки кишини сүзгөндөн кийин кайра аларга кыйкырып, кетип калганы кабарланды. Жабыркагандарды «Тез жардам» алып кеткен. Аларды коюп кеткен машине кайсы […]
25.01.2018 16:13 Коом, Саясат

Темир Жумакадыров жана анын жардамчылары каза болгон жол кырсыгы боюнча сот жүрүүдө

Экс-вице-премьер Темир Жумакадыров жана анын жардамчылары каза болгон жол кырсыгы боюнча сот жүрүүдө. Үч адам: мурдагы вице-премьер Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочу Нурбек Муканов каза болгон жол-кырсыгына күнөөлүү деп эсептелген Таалайбек уулу Афтандил Москва райондук соттун жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. 2017-жылдын 7-октябрында болжол менен эртең мененки 7.30 чамасында Москва районундагы […]

Суусамырга суктануу

Кыргыз фрирайдерлери (тоо лыжачылары) Суусамыр өрөөнүнүн кышкы көрүнүшүнө суктануу менен, ажайып видео тартышты. Кыргызские фрирайдеры сняли потрясающее видео, где видны все красоты Суусамырской долины. Дух захватывает! Сразу хочется схватить лыжи и поехать в горы, кататься! — Azret Dan совместно с © SNOWMATES Опубликовано Каникулы в Кыргызстане — Vacation in Kyrgyzstan 23 января 2017 г.
25.01.2018 13:23 Коом, Турмуш

“Ысык чай” акциясы

Бишкектиктер былтыркы жылдагыдай эле “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине “Ысык чай” акциясын уюштурушууда. Бишкектиктер суукта иштеп жү‬ргөн борбор шаардын көчө шыпыруучуларына эртең менентен баштап чай, кофе, бутерброд таратып жатышат. Демилгечилерге каалоочулар вотсап түйүнүндөгү бул дарек боюнча https://chat.whatsapp.com/invite/4sLNtQABRx57Eds34UZf6j кошула алышат: Бишкек шаардык мэриясы бул акцияны уюштурган балдар хосписинин биринчи уюштуруучусу Динара Аляевага, директору Ольга Трухановага жана ыктыярчыларга “Тазалык” […]
25.01.2018 12:28 Коом, Турмуш

Мектептерде сууктан улам окуу токтотулат

Кыргызстанда катуу сууктан улам мектептерде окуу убактылуу токтотулаарын Билим жана илим министрлиги билдирди. Республиканын мектептериндеги окуу эртең, 26-январдан баштап 30-январга чейин токтотулат. Бул күндөрдүн эсеби ишемби күндөрү, ал эми ишембиде окугандар үчүн жазгы каникул эсебинен толукталмакчы.

Давосто Сапар Исаков авиацияны “кара тизмеден” чыгаруу маселесин талкуулады

Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) баш катчысы Фан Лю менен авиацияны реформалоо маселесин талкуулды. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Сапар Исаков кечээ, 24-январда Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу учурунда Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) баш катчысы Фан Лю менен жолугушту. Премьер-министр Өкмөт тарабынан жарандык авиация жаатында жүргүзүлүп […]
Страница 137 из 188« Первая...102030...135136137138139...150160170...Последняя »