17 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 07:38


Жаңылыктар

Кыргызстандагы экстремизм менен күрөшүү. Ар бирибиз үчүн коркунуч бар

Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун докладында, экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмышка куугунтуктоо – Кыргызстандагы жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндөгү ислам экстремизмине каршы күрөшүү урааны алдында өткөрүлүп жаткан жалпы репрессиялык саясаттын бөлүгү экендиги белгиленет. Кыргыз Республикасы боюнча документтин өзөгүн, айыпталгандардын жана соттолгондордун экстремисттик материалдарды сактоо иштери боюнча алардын туугандарынын, жергиликтүү укук коргоочулардын, адвокаттардын […]
16.10.2018 22:07 Коом

Бишкекте кафеде чуу салган Кытай жараны камалды

Бишкектеги кафелердин биринде чуу салып, “депутатка чалам” деп опурулган кытайлык жаран беш суткага камалганын шаардык милициядан кабарлашты. Бул окуянын тасмасы 15-октябрь күнү Facebook социалдык тармагына жарыяланып, аны көргөндөрдүн нааразы пикирлерин пайда кылган. Тасмадан кытайлык жаран кафенин башка конокторуна ороңдоп, кайсы бир депутатка телефон чалам деп опурулганын көрүүгө болот. Милициянын маалыматына караганда, окуя 13-октябрда болгон. Түштөн […]
16.10.2018 22:05 Коом

Казак элчиси ири уурулукка шектелүүдө

Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев мамлекеттик бюджеттен 400 миң долларды кымырган деп шектелүүдө. Дипломат элчиликтин административдик имаратын курууда аткарылган иштер боюнча жалган документтерге кол койгон деп айыпталууда. Анын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекет 140 миллион теңге (379 миң 733 доллар) чыгым тартканы айтылды. Ерик Утембаев Казакстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына 2016-жылдын апрель айында дайындалган.  
16.10.2018 22:01 Турмуш

Бир ай мурда жоголгон бир туугандар Токмоктон табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жоголуп кеткен туугандар — эки кыз менен бир бала Токмок шаарынан табылганын бүгүн ИИМ кабарлады. Маалыматка караганда, жоголуп кеткен 18 жаштагы Султанов Ырысбек менен 19 жаштагы Максуталы кызы Альбина бир тууган болсо, 17 жаштагы Канат кызы Алина алардын жакын тууганы. Алар 17-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан. Үйүнөн качып […]
16.10.2018 21:57 Коом

Анталияда алданган кыргыз мигранттарынын акысы берилет

Түркиянын Анталия шаарына иштегени барып, алданып, көчөдө калганын айткан кыргызстандыктардын айлык акысы учак билети менен кошо ушул апта ичинде бериле турган болду. Алар иштеген “Авангард” мейманканасынын жетекчилиги жумушчуларды кууп чыкпаганын билдирүүдө. 15-октябрда Анталиянын Гөйнүк аймагындагы мейманканага иштегени барган 46 кыргызстандык айлык акысын ала албай жатканын билдирип чыккан. Алардын 17си ал жакка Бишкектеги «Фиеста» жеке менчик […]
16.10.2018 21:56 Коом

Ноябрда 5 күн катар эс алабыз

Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, 7-8-9-10-11-ноябрь күндөрү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн жумуш күн эмес. Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Ал эми 9-ноябрдагы иш күнү 3-ноябрга (ишемби) жылдырылат. 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туш келет.
16.10.2018 21:53 Турмуш

Компьютерди жапырт колдонууга жол ачкан адам дүйнө салды

Билл Гейтс менен бирге «Microsoft» компаниясын негиздеген Пол Аллен 65 жашында дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсү ал онкологиялык оорусу күчөгөндөн улам көз жумганын билдирди. Аллен окуучулук кезден берки досу Гейтсти 1975-жылы IT тармагында революция жасаган компанияны ачууга көндүргөн. Алар сунуш кылган операциондук система компьютерди карапайым элдин жапырт колдонуусуна жол ачкан. Ал 1983-жылы компаниядан кеткен, бирок үлүшүн сактап […]
16.10.2018 17:24 Саясат

Текебаевдин тарапкерлери Ак үй алдына чыкты

Бишкекте бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылган акция өттү. Акция тынч өтүп, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун, ага Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери көз салып турганын Бишкек ШИИБинен кабарлашты. Маалыматтарга караганда, пикетке жалпысынан жети адам чыккан. Алар колдоруна “Урматтуу президент, Текебаев ак, анын бошотулушун талап кылабыз” деген сыяктуу сөздөр жазылган кагаздарды […]
16.10.2018 17:04 Коом

Тамеки менен насвайга чектөө күчөшү мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева тамеки тартууга чектөөлөрдү салган мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү демилгелөөдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте тамекинин ден соолукка зыянын талкуулаган жыйында белгилүү болду. Аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордо Кыргызстанда насвай, электрондук чылым жана кальян чегүүгө чектөөлөрдү күчөтүү каралууда. Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, […]
16.10.2018 16:40 Коом

Москвада кыргыздардын мушташынан бир өмүр кыйылды

Орусиядагы кыргыз элчилиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, Москвада кыргыздардын мушташынан бир жигит ажал тапты. Окуя өткөн ишемби, 13-октябрда Кузьминка метробекетинин жанындагы «Макдональдс» тез тамактануучу жайында болгон. Аталган жайга топтолгон бир канча кыргыз жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, катуу бычакталган 19 жаштагы жигит оор абалда ооруканага түшкөн. Катуу жаракат алган жигит бир күндөн соң өзүнө келе албай […]
Страница 1 из 15312345...102030...Последняя »