15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:29


Кытай розасы

Күндөлүктөн

(Сандан санга)

Оорукана палатасынын терезесинде идиште өсүп турган каз-катар гүлдөр бар эле. Бир күнү алардын арасынан кытай розасы бажырайып, кыпкызыл гүлүн ачты. “Кытай розасы гүлдөптүр! Ушул гүлдөсө, мен айыгам дегем. Карачы эми, гүлдөгөнүн!” деди ал.  

25-январь, 2017-жыл

Ооруканадан чыгарды. Эгер бир нерсени унутуп кетсең, ошол жакка кайра келээриңдин белгиси дешет экен. Онкологиялык ооруканага кайра жатып калбаш үчүн баарын кечээтен салыштырып койгом. Пластик бөтөлкөлөрдү дагы. Үй жактагы эле таштандыга ыргытсак, көңүл да тынч болот. Мында жаткандар менен да, иштегендер менен да кош айтышып  чыгалы деп, баары менен жүз көрүшүп, аларга да ден соолук тилеп жаттык.

Адатта ооруканадан чыгарда, медициналык кагаздарды дарыгерлер кечке толтуруп бербей, убара кыла беришет го. Бул жактагылар антпеди, дароо жазып берди.  Босогого жетсек, кенже кызматкерлердин баары тизилип олтуруп алышыптыр. Эмнегедир ыйлагым келип кетти. Бала чакта үйдөн бир жакка узаарда ата-энебиз, бир туугардарыбыз ушинтип узатып, кайра ушинтип тосуп алышчу эле. “Анан чөнтөктү карап, шашып калдык. Ка-ап аябагыдай акча чыгар  бекен! Экөөбүздүн чөнтөгүбүздү аңтарып олтуруп, бир азыраак акча таптык да, олтурган кенже медкызматкерлерге таратып бердик. Алар алкап “Экинчи оорубаңыз”, “Сакайып кетиңиз”, “Сакайгандан кийин бизге келип, бир учурашып кетиңиз” деп жатышты. Эмнегедир, эреркеп, тамагым буулуп, кандайдыр ичим жылып, сыртка чыктык. Айлана апакай болуп, күн чайыттай тийип туруптур. Такси да тез эле келип калды. “Шаршемби күнү шар кетет” деп койчу эле апам.

26-январь, 2017-жыл

“Өз үй, өлөң төшөгүбуз” дегендей, өз үйүңдүн ичинде кандай сонун, тынч, жанга жагымдуу. Кечээ келип, үйдүн баарын тазалап- жыйнаштырып кеткем. Балдарыбыз да колунан келишинче даярдыгын көрүшүптүр.

Эми буга чейинкиден таптакыр башкача тартипте жашоо башталды. Таңкы саат 5те, 6да ойгонуп мүнөз тамактардан төрт, беш түрүн жасай баштадым. Баары кайнатма же бууга бышырылган. Баткен өрүгү жанды сактап жатат окшойт. Ооруканадан да беш маал Баткен өрүгүнүн кагынын компотун же суусун ичүү адатка айланып калган. Үйдөн да ошону уланта баштадык.

Жаңы жашоого  көнө албай, Осмон бирде тердеп, бирде үшүп, ичи бирде катып, бирде өтүп кетет. Бир табы көтөрүлүп кетет, бир кан басымы көтөрүлүп кетет, бир кан басымы түшүп кетет. Уйкусу качат. Айтор, миң алакеттен өтөт. Эми химиотерапияга даярдык көрүш керек. Бир азыраак эс алгандан кийин химиотерапиянын узак курсу башталат. Даана коркунуч али алдыда экенин билгенде, жүрөк андан бетер дүкүлдөйт.

Ошондой алек менен күндөр өтүп, жылдын алгачкы айы, январь айы соңуна чыкты. Январдан башыбыз аман чыкканына да тобо келтирип, алга карай кетип баратабыз.

7-февраль, 2017-жыл

Химиотерапиянын алгачкы күнү. Улан аттуу химиотерапияны тейлеген дарыгер оор басырыктуу, азыраак болсо да, тажрыйбасы бар, жылдыздуу экен. Мындай дарыгерлердин колуна түшкөн оорулуу сөзсүз химияны аман-эсен алып чыгат болуш керек деген ойго келдим. Ал шарттарынын баарын түшүндүрүп, керектүү дары-дармек жазып берди. Эгер дары-дармек алынып келсе, бүгүн эле баштай берүүнү туура көрдү. Анализдер бир азыраак кемчилиги болгону менен, мындай абалда дурус катары эле бааланат экен.  Дары-дармектин бир курсу 35 миң сом болду. Эми мындайды дагы канча жолу жасалаары али алдыдагы анализдерден кийин билинет.

Химиотерапия ала турган корпуста эл көп. Бир чоң бөлмө жана таза, тыкан бир кичине бөлмөгө жатып,  алгандан кийин үйгө кете бермей экен. Осмонду чакан, тыкан кичине бөлмөсүнө киргизди. Мындан кийин дайыма ушул бөлмөгө жатып, дары куйдуруп кетесиңер деди. Эшикте кыш. Кезек күткөндөр да көп. Элдин баарын жалгыз медсестра тейлеп жатат. Ак шейшеп салынган  керебетке акыры жаткырды кезек жетип. Капельницаны сайып коюп, тиги медсестра башкасына чуркап кетти.

Жанында мен олтурам. Жумушка чыккам. Бирок суранып, Осмон менен кошо келдим. “Сен кете бер, өзүм эле ала берем. Такси менен анан кетип калам” дейт. Мен болбой жанында олтурдум. Капельница алып жаткандардын көбү эле штативин, куюлуп жаткан бөтөлкөсүн көтөрүп, даараткананы көздөй чуркап жаткан. Осмон дагы дааратканага баргысы келди, жаңы эле капельница сайганда. Бул дарысы ушундай, заараны толтуруп жибереби же күн суукта суук тийип калабы, айтор мындагы сыркоонун баары эле дааратканага чуркап жатышат. Элдин көптүгүнөн, ал жакта да кезекке турмай. Штативди көтөрүп, колуна капельницанын ийнеси сайылуу боюнча биз да бардык. Баш-аягы бир жарым саат жатты окшойт капельницада. Бир убакта окшуп, дааратканага араң жетти. Жүрөгү айланып, абалы жаман болду. “Химиотерапия абдан кооптуу  дегендери чын окшойт деп, менин да жүрөгүм болк этти. Такси алып, үйгө келдик. Үйдөн бир аз басылып калгансыды. Жумушка барып да, жаным жай ала албай, улам абалын сурай бердим. “Жүрөгүң айныса бул дары, ичиңди алып кетсе бул дары, ичиң катыса бул дарыны ич” деп баарын жазып бергендери боюнча иче баштады.

8-февраль

Үч күндөн кийин кайра химиотерапияны кайталамай. Ошентип ар бир үч күндөн тыныгуу жасап,  беш жолу  алат экен. Бешөө бир курс болуп эсептелип, ушундайдан алтыны, баш-аягы отуз жолу алат экен. Оо, кудай ай, ушундай дарылоону көтөрө алар бекен?!

14-февраль

Осмон катуу ооругандан бери боорукер, адамгерчиликтүү адамдарга көп кезиктик. Ооруду деген күндөн эле биз тааныган, тааныбаган адамдар өзгөрүп кеткендей, бир башкача боорукер боло түшкөндөй болду. Көңүл сурап, тамак-ашын артынып, колунан келген акчасын көтөрүп келип жатышат. Биз эч кимге акча сурап кайрылган жокпуз. Баары эле өз каалоосу менен берип жатышты.  “Ооруканага да туш-туштан чалып, жакшы карагыла деп жатышат. Сен аябай баалуу кадр окшойсуң” деп профессор Лимарев айтты эле. “Көп жылдан бери көрө элек генерал Лященконун уулу, тээ Россиядагы көптөн бери көрө элек досторум чалды” деди. Биз аларга “врачка сүйлөшүп, табыштап  койгула” деп эч кимисине айткан эмес болчубуз. Укса, өздөрү эле айтып, табыштап жатышыптыр.

“Чейрек кылым иштеп, чычкак улагыңар жок” деп айтып калчу апабыздын көзү тирүү болгондо, ушулардын баарын божурап айтып бермек экенбиз. Башкасын айтпаганда да ооруканага  ары-бери жеткирген таксисттердин боорукерлигин айт. Осмондун купкуу болгон абалын көргөндө же “Онкологияга” дегенди укканда эле машинасынын эсептегичи көрсөткөндөн аз алып же кээде “албай эле коеюнчу” деп жатышты. Ансайын аларга эрээркеп, ыйлагым келип кетет.

Бирок  боорукер кишилердин арасында да бирди-жарымы көңүл калтырат экен баары бир. Скрябин-Совет көчөсүнүн боюнда “Феникс” деген аптека бар экен. Таксини жол боюна токтотуп коюп, кезектеги химиотерапияга дары-дармек алганы кирдик. Өзүм эле үйгө жеткенден кийин келе коеюн десем,  Осмон болбойт. Ал аптекада эки кыз-келин, бири жапжаш, экинчиси орто жаш экен. Баарын эсептеп келип эле 23 миң сомдук дары алсак, жүз баланча сом жетпей калды. Осмон кызыбызга чалып кирди, “акча алып келе койчу” деп. Мен болсо, жүз сомго арзандатып бергиле же болбосо кийинчерээк алып келип берейин дедим. Орто жашап калган эле келин, “жок, болбойт, сиздерге окшогон кишилер канча, ар бирине жүз сомдон жеңилдетип олтурмак белек” деп болбой койду. Бир алганда 23 миң сомго дары алып жатып да жеңилдик жок экен.  Арасынан азыр керек болбогон бир-экөөнү алып салайын дейт. “Анда албайбыз” деп, дарыларынын баарын кайтарып берип салдым. Осмон алдыга чыгып кетти. Мен жалгыз калганда тиги аял: “Ушинтип олтурсаң күйөөң айыкмак беле, кебетесин карачы!” деп намыска тийди. Осмон угуп калбаса экен деп чыкканча шаштым. “Кайра келе калалы тез” деди Осмон. “Ооба” дедим да, үйгө келгенден кийин Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги аптекага барсам, бир дарысы эле тиги келин айткандан 3 миң сомго арзан экен! Дал ошондой эле флакон,  дал ошондой эле фирманыкы! Бирок бул Моссоветтеги аптекада калбай калыптыр. Дегеле бүт шаар боюнча жок экен! Ошон үчүн жанагы аптека бир дарысын эле 3 миң сомго көтөргөн турбайбы. Эми кайра ал жакка барайын деп турганда, Моссоветтеги аптекадан, эртең ал дары келет деп чалып калышты.  Сураштырып билсем, Скрябиндеги аптека онкологиялык ооруканада жетекчи кызматтардагы бир кишиники экен.

15-февраль   

Кыйналып-кысталса да, химиотерапиянын курсун биринин артынан экинчисин  ала  баштады. Чачтын ар кайсы жеринен уучталып түшө баштады. Тырмак ийилип, организмде өзгөрүүлөр боло  баштады. Эми Москвага гистологиянын анализин жибериш керек. Ал жакка ар бир оорулуу өз алдынча аракет кылып, лабораториядан текшертип келиши керек экен. Эми Москвага барыш керекпи деп башыбыз катып турат.

Айгүл Бакеева

(Уландысы бар)