26 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 11:34


Шайыр Сагынбаева: «Элим үчүн башым тартуу болсо эч нерсе болбойт дечү»

Кыргызстанда ушул убакка чейин бир нече премьер-министр алмашты. Бирок ошолордун ичинде жакшы ат менен элдин жүрөгүндө калганы саналуу гана. Алардын бири – бир жарк этип өчкөн Жумабек Ибраимов. Кыска убакыт, болгону беш айдай өкмөт башчы болуп иштегени менен, ошол аралыкта реформа кылууга бел байлап, мамлекеттин биринчи адамдары таза, чынчыл, деңгээли бийик болушу керектигин, эл үчүн ичкен ашын жерге койгон адам болушу зарылдыгын өзүнүн мисалында үлгү кылып көрсөтүп кетти. Жубайы Шайыр Сагынбаева жолдошунун жашоодогу, жумуштагы принциптери тууралуу эскерип айтып берип отурду. Биздин азыркы чиновниктер бул кишиден аз да болсо сабак алса жаман болбос эле.

— Жумабек Ибраимов кыска убакытта бир жарк этип өчкөндөй болду… Сиздин эсиңизде кандай адам катары калды?
—  Бул киши өзүнүн ден соолугу, өмүрү жөнүндө ойлобой, баарын унуткан адам. Бүт өмүрүн элдин турмушун жакшыртууга арнаган. Көп тепкичтерди басып өтүп, советтик тарбияга сугарылган болчу. Эли үчүн көп нерсени жасайын деген аруу тилектери бар эле, өмүрүнүн тардыгы, аздыгы максаттарынын ишке ашышына жол берген жок. Өтө чынчыл, ички дүйнөсү таза, уурдабаган, бирөөнүн байлыгына көз артпаган адам эле.

— Кайсы бир райондордун акимин дайындап атканда, кудасынын да, досунун да жакын адамын алып салып, анын ордуна такыр эле башка бирөөнү дайындап койгону тууралуу маалымат булактарында жазылган экен. Бул кишиде азыркылардай тууганчылык деген оору жок беле?
— Бул киши ачкөздүк дегенди билчү эмес, коррупцияга такыр малынбаган адам да.  Кыргыз болгондон кийин тууган-туушкандар конок болуп келе беришет. «Баламды тиги жумушка орноштуруп бер, бул ишимди бүтүрүп бер» деп суранышат. Жөн келбей бирден кой ала келишет. Мындай учурларда конокторду жакшынакай эле кабыл алат, анан сөзүн угуп, «уулуңузду мага жиберип койбойсузбу» дейт. Анан мага акырын шыбырап, «Бул киши бир кой алып келиптир, эмне кылсаң да эми бир коюн эки койдой кылып кайтарып кой» дечү. Мен анан үйдө кандай кийим болсо кийит кылып кийгизип, белек-бечкегимди салып берип жөнөтчүмүн. Кийин баласын жибергенде, Жумабек Ибраимович анын баш терисин байкап көрчү, анан сынакка катыш дечү. Сынактын негизинде тандоо дегенди аябай жакшы көрөр эле. Ата-бабасына, урук-тууганына эмес, ошол адамдын жөндөмдүүлүгүн биринчи орунга койчу. Кээде аял катары мен айтып калчумун да, «Колуңдан келип турганда жардам берип койчу» деп, жок, менин андай сөздөрүмдү такыр укчу эмес. Тууганчылык дагы, азыркылардай түндүк-түштүк деген да оорусу жок болчу.

— Башка премьер-министрлердей болуп дүнүйө-мүлк да топтобоптур…
— Байлык тууралуу сөз болгондо эле «Менин байлыгым – Шайыр» дей берчү. Чынын айтканда, байлык топтоо тууралуу ою да болбоптур. Өзү Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде да шаардан үйү жок болчу да. Анан президент Аскар Акаев менен сүйлөшүп, үйү жок экенин айтыптыр. Ал киши шаарга жаңы курулуп бүткөн үйдөн үч бөлмөлүү бир квартира алганга уруксат бериптир. Ошондо төбөбүз көккө жетип бир кубанганбыз. Экинчи кабаттан алган болчубуз. Кийин эле кабинетинде отурса кабылдамасына алтымыштардагы бир кемпир келиптир. Кабыл алып, келген жайын сураса, «Жаңы бүткөн үйдөн квартира алдык, бирок бешинчи кабат болуп карыган адамдар кыйналып атабыз, башка квартирага алмаштырып бере албайсызбы» дейт. Анан Жумабек «Баары үйдүн ордерлерин колуна алып алган, кошуналарыңыз менен өзүңүз эле тил табышып, макулдашып албасаңыз, биз кийлигише албайбыз да» деген жообун берет. Анан ал кемпир «Сиз бул маселени чече аласыз, анткени менин квартирам да сиздин квартираңыз жайгашкан үйдө» дептир. Сөз кандай мааниде айтылып атканын түшүнөр менен Жумабек «Аа, анда алмаштым деп эсептей берсеңиз болот» деп айтып жөнөтөт да, дароо өзүнүн экинчи кабаттагы квартирасын бешинчи кабаттагы кемпирдин квартирасына алмашып салган. Кийин өзү ооруп жатып калып, бешинчи кабатка көтөрүлүү бир топ кыйынчылыктарды жаратты, ошондо да «эмнеге алмаштырдым экен» деп бир да кейиген жок. Ошентип жатканда бир жолу Аскар Акаев үйгө көргөнү келди. «Жумабек Ибраимович, сиз өзүңүздү такыр аябайт экенсиз да. Ылдыйыраак кабаттан квартира албайт белеңиз» деп калды. Бирок ошондо дагы ал киши кемпир менен батир алмашып алганын айткан жок. Жер ала калайын, завод алып калайын деп да такыр ойлогон жок, болбосо баары колунда турган да.

— Пара беришсе албай, кайра өздөрүн уят кылган учурлар болгон экен…
— Үйгө даап пара алып келгендер болгон жок. Кабинетинде ошентип пара сунуш кылып, кандайдыр бир ишин бүтүрүп берүүсүн суранган учурлар болуптур. Анда ал  акчасын албай, өзүнө кайтарып, уяткарып койчу экен. «Бул кызматка мынча акча сунуштап атышат, мен акча менен ойнобойм» деп ачык эле айтчу.

— Оорусу айыкпас дартка айланганын качан билдиңиздер?
— Бул киши эки колу, эки буту, башы иштесе болду деп эле өзүнүн ден-соолугуна көңүл бурбай, өзүн таштап койду. Ашказанынан ооруп жүрүп, операция болду, ашказанынын жарымын кесип салышкан. Андан кийин диета кармап, май деген нерсени жебей, нерв болбой, өзүн сактап жүрүшү керек болчу. Ошондуктан мен премьер-министрликке барганын деле туура көргөн жокмун, «барбай эле койчу» деп сурандым. «Ушундай оор болуп аткан учурда мен барбасам болбойт, элдин турмушу үчүн менин башым тартуу болуп өлүп калсам деле эч нерсе эмес» деп койчу. Аябай катуу айтылган сөздөй болушу мүмкүн, бирок ал киши чынында эле өзүн ошентип элге арнап койгон болчу. Жумушу оор болсо, кайдагы режимди сактамай, өзүн аябай эле уруп-согуп иштей берди. Анан ден соолугу кескин начарлап кетти.

— Акыркы мүнөттөрүн эстеп бербейсизби…
— Бешинчи кабатка чыгып-түшкөндөн кыйналып атканын көргөн Акаев мамлекеттик резиденциядан бир коттедж бөлдүрүп берген болчу. Кырк күндөй үйдө жатып калды. Башында тоонун абасына чыгып, басып, анча-мынча чуркап аткан. Бирок баары бир баштагыдай болбой атканын мен байкачумун, мурдагы тез кыймылы жок болуп калды. Бирок баары бир жамандыкка кыйбайсың да. Биз, мусулмандар, боюн түзөп атат деп коебуз го, ошондой учур болдубу, айтор, бир күнү өзүн сонун сезип калды. Бир итибиз бар болчу, Жумабек ошону абдан жакшы көрөт эле. Өзү ооруп жатса дагы итин эстеп атат да. «Шайыр, мени карап отуруп тигил итиң тамак жебей калды, сен барып ошого тамак берип келчи» деп мени койбой жиберди. Өйдө жакка барып, итке тамак берип, кайра келсем үн жок, сөз жок болуп калыптыр. Врачтар башына кан куюлуп кеткенин айтышты. Ошентип акыркы сөзүн да айтпай кете берди.

— Экөөңүздөр кандайча табышып калгансыздар?
—Мен Жумабектин экинчи жубайымын. Биз ал киши Балыкчыдагы заводдо иштеп турганда таанышканбыз. Мен ошол шаарда мугалим болуп иштечүмүн. Окуучулардын заводдо өткөн практикасынын акчасы төлөнбөй аткан, ал учурда мындай иш чоң ЧП болуп саналчу. Директоруна жолугайын деп кирсем эле, мурунку директордун ордунда башка киши отурат. «Арызыңызды айта бериңиз, эми мен директормун» деди, көрсө Жумабек ошондо жаңы жетекчи болуп дайындалган экен. Көзүн албай мени карап аткан. Жумушумду айтып бүтөр менен чыгып кеттим. Бир күнү аялдамада турсам, ак көйнөкчөн баягы директор келип, менин жаныма туруп сүйлөп калды. Өзүн тартыңкыраак алып жүрчү. Мени үйүмө чейин узатып барып, дарегимди билип алды. Жолугуп жүрдүк, аябай жакшы тил табышып кеттик. Мен анын үйбүлөсү, төрт баласы бар экенин билдим. Көрсө, Жумабекке үйбүлөлүк жылуулук жетпей жүргөн экен. Бирок мен үйбүлөлүү адам менен мамиле курууга караманча каршы болдум. Айрыкча, мектепте окуп аткан анын балдары Ильяс менен Нурдинди көргөндө балдарды ата мээриминен ажыратпайм деп чечип, Ошко кетип калдым. Бир канча ай өткөндөн кийин менин туугандарым болбой Токмокко алып келишти. Артымдан издеп, таап барыптыр. Ошентип, бул сезимдерден качып кутула албасымды түшүндүм, экөөбүз баш коштук. Азыр балдары менен жакшы мамиледебиз. Төртөө тең чоңоюп, жогорку билимдүү болушту, иштеп атышат. «Качып кеткендерди, жеп жаман атты болгондорду көрүп отуруп, атам бизге жакшы ат таштап кеткенине ыраазы болобуз. Ырас эле дүнүйө чогултпаган экен» деп айтып калышат.

Маектешкен Дилбар АЛИМОВА