14 август 2018
Бишкек убактысы: 22:05


Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия маалыматы каралып атат

Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматы каралат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссия төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика — Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан», Исхак Масалиев («Өнүгүү — Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).