24 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 14:26


ЖКга жаңы депутаттар келди

Жогорку Кеңештин жыйынында эки жаңы депутат ант берди. Алар “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен келишти. Алардын бири Насыр Мусаев. Ал маркум Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди. Экинчиси Руслан Чойбеков Казакстанда аткезчиликке байланыштуу айыпталып камалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген. БШК Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келип түшкөн соң 15-апрелде аны мандаттан ажыраткан.