15 август 2018
Бишкек убактысы: 18:26


Жээнбеков менен Атамбаевдин жолугушуусунун чоо-жайы айтыла элек

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-мартта мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык» радиосуна билдирди.

Стамалиева жолугушуунун чоо-жайын толук айтпады, бирок буга чейин да экөө кезигишкенин кошумчалады.

Бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы быйыл 31-мартка белгиленген. Анда партиянын төрагасы бекитилмекчи. Ошондой эле Атамбаевдин кийинки саясий кадамдары аныкталары тууралуу сөздөр айтылып келет. Буга чейин КСДПнын курултайы бир канча жолу жылдырылган.