17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:44


Сооронбай Жээнбеков Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим уюм саммитине катышат

Бүгүн , 8-ноябрда, Астана шаарында Жамааттык Коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖАКК) саммити өтөт. Ал жыйынга Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат.

 Саммитте башка маселелер менен катар ЖАККтын жаңы баш катчысы шайланат. Мурдагы баш катчы Юрий Хачатуровго Арменияда төңкөрүш боюнча айып коюлуп жаткандыгынан улам кызматтан четтетилген.

Кыргызстан ЖАКК саммитинде төрагалык кылып жатат.