26 апрель 2018
Бишкек убактысы: 00:08


Өзгө өздөй, өзгөгө өзгөдөй мамиле

«Мыйзам бардыгына бирдей» дегенди көп айтышат… Моюнга алуу кажет, уламдан улам кайталап айтыла берип ашмалтайы чыккан кеп. Төтөн, чиновниктер мыйзамдын баарына бирдейлигин баса-баса белгилеп келип ооз толтуруп  компоюп калышмайларына көп кездешесиӊ. Иш жүзүнө келгенде мыйзамдын баарына ылгабай теӊчил кызмат кылаарына чоӊ шек туулат. «Бирдейликтин» акыйкаты канчалык  экенине чыпчаӊ ишенип кетишиӊ кыйындын кыйыны. «Мыйзамдын теӊчилдигинин» артында кантсе да кош стандарт же кош мораль, эгер, жалпак тилге салып айтканда, эки жүздүүлүк бугуп жатканына, айрыкча соттук териштирүүлөрдө теӊчилдик менен бирдейлик ар дайымдан бир дайым эле мөрөйү үстөм болуп кетпестигине көзүӊ жетпей койбойт. Бул жерде сөз менен иштин ортосунда болуп көрбөгөндөй алжайган ажырым жатканына ишенбеске аргаӊ жок.

Алты жылдык мөөнөтү аяктап президенттик ордун кезектеги мамлекет башчысына өткөрүп берүү мерчеми келип калган учурда Алмазбек Атамбаев укуктук мейкиндикте кескин кадам жасап, дүйнөнү дүӊгүрөткөн чуу чыгарып кетти. Сөз эркиндиги чексиз эместигин, жоопкерсиз журналистиканын болбостугу кине катары бетке кармалды. Ошол эле учурда сөз эркиндиги деген түшүнүк бир башка да, сөз эркиндигин карасанатайлык менен кыянат пайдалануу түшүнүгү бир башка болоорун эч ким ичкериден териштирип отурган жок. Сомосу боюнча кабыл алышты. Кол баласындай болгон  Баш прокуратураны айдактап, А. Атамбаевдин дарегине сын айтып кылапат кылган Нарын Айып баштаган бир катар журналисттерди, Чынара Жакупова өӊдөнгөн укук коргоочуларды жана да Ө.Текебаевдин адвокаттары делинген юристтерди сотко берди да койду. «Ак үйдүн» көзү менен чарк айланып жогору жактан түшүрүлгөн «заказды» илбериӊки аткарганга машташкан сот системасы ишти көпкө создуруктуп маалкатып отурган деле жок—ачып көздү жумганча прокуратуранын койгон дооматын айтканын айткандай кылып бүтүм чыгарып колго карматышты, ошону менен ишти бүттү бүттү кылышты да коюшту. Доого жыгылгандардын каяша кылууга бурчамын да келтиришкен жок. Ошону менен соттук териштирүү алеки заматта жүзөгө ашты. Атамбаевдин аброю менен ар-намысына жана беделине шек келтирип каралаган айыпкерлердин мойнуна миллиондогон айып пул салынды. Моралдык зыяндын өлчөмү баш аягы болуп 60 миллионду чапчыйт. (Мындан сырткары «Сентябрь» телеканалы менен zanoza.kg  маалымат порталын оозун кемечтеп жабуу чарасы ишке ашканын белгилеп кетүү кажет). Башрокуратура таккан айып пул дегениӊ айлыктан айлыкка чейин оокат-тиричилигин өткөрүп “өлбө жаным, өлбө” деп келаткан катардагы журналисттер үчүн эбегейсиз чоӊ акча экени белгилүү. Акылды ала качаар чоӊ сумма экени талашсыз. Тилекке каршы, сотуӊ да, прокуратураӊ да эч кандай жүйөөгө карашкан жок, боло жүргөн адаттагы көрмөксөнгө, билмексенге салышып, тымпыйып тим болушту. Ошондо дагы бир ирет кыргыздын «Токмок күчтүү болсо кийиз казык жерге житет» деген макалынын акыйкатына ишенбей кое албайсыӊ.

Ошо тапта, баарынан кызыгы, т.а. кыянатчылыктын жеткен чеги десе болор, бийликке маалымат таянычы болуп кызмат аткарган пресса А. Атамбаевдин каршылаш оппонентеринин үстүнөн  ачыктан ачык катын ушак таратып, жалаяктай жалаасын жаап жиберип, карандай эле каралап жатканын көрүп туруп баары теӊ ооздоруна суу куюп алышкандай унчукпай тим болушканы таӊ калтырбай койбостур. Оппозиция тараптан Атамбаевдин дарегине же болбосо анын жан жөкөрлөрүнө карата сын айтылып калды, бүттү, дароо эле Карыпбековдун «кара жащиги» деген ылакап атка конгон КТР телеканалы баштап бийлик мыкчыгерлеринин камчысын чапкан «Де-факто», «Эгемен», «Багыт», «Ачык Саясат плюс» өӊдөнгөн гезиттер, sayasat.kg сыяктанган сайттар ишке киришет. Туш-туштан ажылдап чуулдап чыгышат. Маалымат мейкиндиги өзүнчө эле какафонияга төӊүйт да калат. Бийликтин машкелеринин бутасына илинген саясатчы көрдөн алып жерге, жерден алып көргө урулат, башынан ылдый жугунду куюп жиберишет дейсиӊ да жаныӊан  түӊүлөсүӊ. Божомол-дөдөмөлгө салып алып учурма ушак таратып, жалган жерден насыя жалаа жабуу жедеп көнүмүш болуп калган, адатка айланган. Кудум эле ОБОНдун так өзү десе деле болчудай. Асыресе, буларды Атамбаевдин мисалында сотко берип миллиондогон айып пул өндүрүп алуу деген деги эле мүмкүн эмес—оозуӊан айлансын. Айып пулду мындай кой, бийликтин союл чабаар прессасынын богуна да куурай сая алышыӊ кыйын. Аларга каяша кылууга эч арга да, ылаажы да жок. Үн катпай отуруп беришиӊ гана калат. Кыскасы «Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат» деген кеп.

Бирдей теӊ укуктуулук сактала бербеген, чаӊырган адилетсиздик өкүм сүргөн б.а. өлкөдө өзгө өздөй, бөтөнгө бөтөндөй мамиле жасалган жагдайдын чоо-жайын саясатчы Феликс Кулов  Next TV телеканалында политолог Зайнидин Курманов катышкан баарлашууда жетишерлик түрдө ынанымдуу чечмелеп берди. «Мен өмүрүмдө пресса менен соттошуп көргөн жан эмесмин,- дейт Феликс Шаршенбавич — бир жолу, шайлоонун алдында жергиликтүү маалымат каражаттарында мени каралап шыбаган кампанияны баштап жиберишти. Ошондо, бир катар мага боор тарткан адамдар: мындан ары унчукпай чыдап жүрүүгө болбой калды, сотко кайрылгандан башка ылажы жок деп калышты. Айткандай эле көп узабай тигилердин айткан кеӊеши боюнча адвокаттарыма сотко арыз берүүнү өтүндүм. Сот процесси башталганда барсам прессанын сиздин аброюӊуз менен ар-намысыӊызга жана беделиӊизге канчалык деӊгээлде зыян тийгизгенин, канчалык деӊгээлде моралдык-психологиялык жапа тартканыӊызды ырастаган медициналык справка түрүндө болобу же башкасы болобу, документтер талап кылынат деп жатышпайбы. Өзүӊүздөр билесиздер, азыркы кезде экс-президент болуп калган А. Атамбаев Баш прокуратура аркылуу аброю менен ар-намысын коргоп берүү боюнча сотко кайрылды эле сот эч кандай документ талап кылган жок. 3 миллион сом айып пул талап кылып жатасыӊарбы, пожалуйста, дешип бүтүм токушту да коюшту. Эч кандай кыйынчылык да, тоскоолдук да болгон жок. Кыскасы, ошондон бери биздин сотто эч кандай теӊчилик, калыстык болбостугуна көзүм жетип биротоло түӊүлгөн жайым бар» — дейт Феликс Кулов.

Ошентип, иш жүзүндө, «мыйзам бардыгына бирдей» деген кеп эч кандай негизи жок куру кептердин эле бири экенине көзүӊ жетпей койбойт. Бир сөз менен «мыйзамдын бирдейлиги» сырты кооз, бирок ичи көӊдөй түшүнүктөрдүн катарына кирет десек жаӊылышпас элек. Көбүнэсе ал бийлик мыкчыгерлери менен алардын жан жөөкөрлөрү тарабынан өздөрүнүн юридикалык-укуктук  эки жүздүүлүгүн жаап-жашыруу үчүн дембе-дем пайдаланып келе жатканын моюнга алууга аргасызбыз.

PS: Экс-президент А.Атамбаев баштаган сөз эркиндигин чектөө, оппозициялык маанайдагы ээлигип эсирип кеткен «эселек» журналисттерди кынына киргизип «тыйып» коюу кампаниясы дагы да болсо уланып жатканын байкоо кыйынчылыкты жаратпайт. Кезек эми ММКлардан Интернет платформасындагы социалдык тармактарга келип жетти. Парламенттеги соцдемократтардын (СДПК) фракциясынын депутаттары соцтармактардагы «бейбаштыктарды» чектөө, көзөмөлгө алуу аракеттерин башташканы жашыруун деле болбой калды. Бул тема өзүнчө кеӊири сөз кылууга татыйт. Келечекте атайы макала жазуу ниети бар.

              Үсөн Касыбеков