25 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:34


Украина сабактары

Өткөн сандагы “Жол дептерди” окубай калгандар болсо кайра кайталап кетейин. Киевге КМШнын 5 өлкөсүнүн өкүлдөрү Украинадагы реформалар менен таанышуу үчүн барганбыз.  Бул сапарды Реформалардын реанимациялык пакети, Прагалык граждандык борбор, Демократия жана укуктун баалуулугу борбору уюштурду. Буга чейин шаар тууралуу алгачкы пикирлеримди жаздым эле. Бул жолу дагы ошол нукта кепти улайын.

(Башы өткөн санда, 2-бөлүк)

Майдан


Киев дегенде акыркы убакта “Майдан” деген сөз өзүнөн өзү айтылып кетет эмеспи. Бул Украинадагы акыркы жылдардагы саясий окуяларга байланыштуу болсо керек. Майдан деген сөз аянт дегенди түшүндүрөт. Киевдин борбордук аянты Майдан деп аталат. 2013-жылы Европага жакындашуу талабын коюп, карапайым эл жана граждандык активисттер мөөнөтсүз нааразычылык акциясына чыгышкан. Жыйынтыгында полиция менен эл кагылышып, 106 адам каза тапкан. Алардын көпчүлүгү жаштар болчу. Азыр Майданда каза болгондордун жаркын элесине арналган  “Шейит кеткен жүз киши” эстелиги орнотулган (“Памятник небесной сотне”). Бул жерге келип, гүл коюп, шам жагып жаткан каза болгондордун жакындарын, ал тургай чиновниктерди дагы көрүүгө болот.  Ошол эле аянтта Украина башынан кечирген үч революциядан кийин, бул окуяларды эстеп туруу максатында жана өлкөнү өнүктүрүү идеяларын талкуулап туруучу жай катары “Акыркы Барикада” кафе-музей ачылган (“Остання Барикада”). Бул кафенин өзгөчөлүгү кире беришинен эле украин тилинде сүйлөгөн гид тосуп алып, кафенин ичи менен тааныштыруу үчүн алып жөнөйт. Башка тилде сүйлөшпөйт.  Кафенин интерьери ошол нааразычылык акцияларында пайдаланылган буюмдар менен жасалган. Эң кызыгы, жалаң Украинадан чыккан азык-түлүктөрдөн гана тамактар жасалат. Мисалы, биз чай буюртма берсек, официант Украинада чай өспөй турганын айтып, сылык гана башка нерсеге алмаштырууну суранды. Жыйынтыгында, жөн гана компот ичтик.

Жогорку Рада


Биздин сапардын алкагында Украинанын парламенти – Жогорку Радага экскурсия уюштурулду. Кире беришинен тартып эле биздики менен салыштыра баштадым. Биздегидей дресс-код жок экен. Каалаган кийими менен кире берсе болот. Көзүңө дароо эле эскирген көк түстөгү килемдери урунду. Биздеги кызыл килемдер былкылдайт го. Экинчи кабатында депутаттарды сессияга келген-келбегенин каттай турган жер бар экен. Электрондук каттоодон сырткары, ар бир депутат жазуу түрүндө өзү каттоодон өтүшү керек. Өтпөгөн күнүнө айлык-акы төлөнбөйт экен. Эң кызыгы, жыйында депутаттар кадимкидей эле жыгач отургучка отурушат. Биздегидей улам булгаары кресло алмаштырып, баштары деле оорубайт.

Реформа
Украинанын чыгышында болуп жаткан окуялар, кошунасы менен чыңалган мамилеге карабай, демократиялык нукта өнүгүү жолуна түшө алганы көрүнүп турат.  Бул жерде граждандык коомдун ролу өзгөчө экен. 2004-жылдагы революция болгон учурда деле ушул граждандык коомдун өкүлдөрү болгон экен. Бирок бийлик алмашары менен алар, “Бүттү, жеңдик, эми баары жакшы болот” деп тарап кетишкен экен. Көп өтпөй эле андан кийинки келген бийлик өзүнүн позициясын бекемдеп алып, мурдагыдай эле режим өкүм сүрө баштайт. “Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей, 2014-жылы бийлик алмашканда граждандык коомчулуктун 350 өкүлү РПР-Реформанын реанимациялык пакети деп аталган коалицияга биригип, чогуу иш алып барышат. Булар жөн эле бийликти сындап эле кыйкырып койбой, ар түрдүү тармактар боюнча топторго бөлүнүп, ал тармакты өнүктүрүү жолдорун иштеп чыга башташкан. Майдандагы окуялардан кийин РПРге элдин ишеними абдан күчтүү болуп турган. Муну менен бийлик эсептешпей кое албайт болчу,  ошондуктан булар ошол учурду туура пайдаланышып, иштеп чыккан программаларын, мыйзам долбоорун парламенттеги депутаттык топторго, бийлик өкүлдөрүнө беришип, ошолор аркылуу өздөрүнүн идеяларын ишке ашырып жатышкан чагы.

Коррупцияга каршы күрөш жана Януковичтин алтын унитазы

Бизге өзгөчө таасир бергени коррупцияга каршы күрөштү жакшы жолго салганы болду. Мисалы, чиновниктердин баары электрондук декларация тапшырат эмеспи. Бул нерсе бизде дагы бар. Бирок бизде баары болгон байлыгын апасына, бир туугандарына, аялына каттатып коюп, өзүлөрү бир байкуш болуп чыгышат эмеспи. Бул ыкма Украинада өтпөйт экен. Сенин бир тууганыў болобу, аялыңбы баарынын декларациясын кошо тапшырат экенсиң. Декларацияда туура эмес маалымат көрсөтүп, айрым байлыгын жашырып койгон болсо анда “Декларацияга туура эмес маалыматты жазганы үчүн” 2 жылдык түрмө коркунучу бар. “Эки жыл элеби?” дешиңиз мүмкүн. Адегенде ушул мөөнөт. Андан ары сен ошол каткан байлыгыңды кандай жол менен тапканыңды, ал адал эмгек менен табылганын далилдеп беришиң керек. Далилдеп бере албасаң анда “Мыйзамсыз байыганы үчүн” деп 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул кыймылсыз мүлккө гана тийиштүү эмес, 250 доллардан кымбат болгон подарка үчүн дагы, колуңдагы накталай акчаң 2300 доллардан ашса дагы отчет беришиң керек. Бир тууганыңа, аялыңа жазылган байлык дагы кандай жол менен табылганын көрсөтүп беришиң керек. Бир кызык учур болуптур. Кайсы бир чиновник байлыгынын баарын граждандык аялынын атына каттап койгон экен, өзү декларациясы боюнча эч нерсеси жок, никеси дагы жок кылып көрсөткөн. Бирок сот анын ошол аял менен жүргүзгөн турмуш-тиричилиги чогуу экенин кыйыр далилдер менен далилдеп жоопко тарткан экен. Бул анын ошол үйдө жашаарын, аны менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрү, бир гаражга машине коеру аркылуу далилденген.  Мурдагы Президенти Януковичтин мамлекетти кантип тоногонун бир канча иштер менен далилдеп беришкен. Азыр анын резиденциясы авторитардык режимден бир элес катары музей болуп сакталат. Ал жакка баргандар Януковичтин алтындан жасалган унитазынан бери көрө алышат.

Prozorro                
Prozorro– мамлекеттик сатып алуулар жүрө турган электрондук базар.  Бул сөздү которгондо орусчасы — прозрачно, кыргызчасы — таптаза болуп калат экен. Муну менен украиналыктар электрондук сатып алууларды дагы жакшы жолго коюп алышыптыр. Мындай нерсе бизде дагы бар, бирок бизде сатып алуулар бир гана порталга киргизилет. Анда айрым учурларда  сатып алуучу менен сатуучу ортодо сүйлөшүп алып, товардын атынын бир тамгасын латын тамгасы менен жазып коюп, эки тараптан башка эч ким таба албай тургандай кылган учурлар кездешкен. Украинанын Prozorro деп аталган порталында минтип катып коюуга мүмкүн эмес. Товар сатууң тууралуу билдирүүнү бир түйүн киргизбей койсо, сен башка түйүнгө барып киргизип кое бересиң, катылып калып калбайт. Мындай билдирүү калтырганың үчүн азыраак акча төлөйсүң. Ошондуктан ар бир түйүн сенин акчаңды алып өзү киргизгенге кызыкдар. Эгер кайсы бир министрлик сен сунуштап жаткан арзаныраак товарды албай, башка таанышынын кымбатыраак товарын сатып алса, анда мамлекеттик акчаны короткону үчүн жоопко тартылат.  Бул базарда жүрүп жаткан процесстерди ар бир жаран карап, көрүп турса болот. Мисалы, баласы окуган мектеп канча сомго эмне сатып алганынан бери ачык. Ошентип prozorro ишке киргенден тартып Украинанын мамлекеттик бюджети мамлекеттик сатып алуулардан эле 370 млн доллар акча үнөмдөшүптүр.

(Уландысы кийинки санда)

Дилбар Алимова, Бишкек-Киев-Бишкек