15 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 03:44


УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов абактан ооруканага которулду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Мурат Суталинов абактан Онкология борборуна которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда,  Суталинов терапиянын экинчи курсун алганы жатат. Кошумчалай кетсек, Суталинов бөйрөгүнөн рак илдетине кабылганы жазылган.

 Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон. Ал Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.