21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 21:37


УКМК: Жаза аткаруу кызматы мамлекетке 10 млн ашык сом зыян келтирген

КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында  текшерди.

Анын жыйынтыгында, алдын- ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке ири өлчөмдөгү, тактап айтканда, 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.