20 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:57


Туратбек МАДЫЛБЕКОВ: «Жаш өйдөлөгөн сайын аялыңа үстөмдүк кыла албай калат экенсиң»

Madylbekov T.

«Атам качан класска кирип келет деп»
– Балалыгым Чүй облусунун азыркы Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында өтүп, ата-энемдин мээримине бөлөнүп, татыктуу тарбиясына сугарылгам. Мектепти 6-класска чейин окуп, андан кийин Москва районунун Кепер-Арык деген айылынын орто мектебине которулуп, 10-классты ошол жерден аяктадым. Негизинен Жайыл району менен Москва району мага бирдей. Себеби, мурда биздин айыл Москва районуна карачу, кийин Жайыл районуна карап калды. Менин бир туугандарымдын баары тең Жайыл районунда жашашат. Кээ бири шаарда турушат. Биз жети эркек, төрт кыз болуп, он бир бир тууган элек, экөө арабыздан өтүп кетти. Айыл жергесинде 100 бала болсо, анын бирөө гана жоош болбосо, калгандары балалык бае, ойноок сезимдер менен жүрөт да. Ар биринин ар башка өнөрү болот. Ата-энебиз мугалим болгондуктан, бизди катуу кармачу. Кийин экөө тең кесибин алмаштырып, соода жаатына өтүп кетишти. Атам бактарды көп тиккендиктен, ага кошулуп алып мен да бак тигишчүмүн. Азыр ал бактын баары тең асман тиреп өсүп калды. Биздин айылдан менин атамдай билимге өзгөчө көңүл бурган адамды көрө элекмин. Эсимде, баарыбызды кырка тизип отургузуп коюп, үй тапшырмаларын сурап чыкчу. Ал кезде биздин ар бир кадамыбыз жазылуу болор эле. Мисалы, кышында эртең менен эрте туруп малдын баардыгын тейлеп, курсагыбызды тойгузуп алып мектепке кетчүбүз. Мектептен түшкү саат бирде келип тамактанган соң, сарайды тазалап малдарды тейлеп чыкчубуз. Андан соң лыжаларыбызды алып, тоонун башынан тээп түшчүбүз. Кышкысын бул күндөр дайыма кайталанып турчу. Атам кээ бир учурда бизге айтпай туруп эле «Балдарым кандай окуп атат?» деп мугалимибиз менен сүйлөшүп, биздин ар бир сабагыбызга катышып кетер эле. Аны биз жакшы билип алгандыктан, «Атам кайсы күнү келип калат болду экен?» деп дайыма сабакка жакшы даярданып барчубуз. «Төрт» алсак «Эмнеге төрт аласың? Жакшылап оку да» деп урушуп калчу. Ошондон улам баардыгыбыз мектепти жакшы окудук.

«Мектепте мушташты жакшы көрчүмүн»
– Мектепте окуп жүргөндө спорттун бардык түрүнө кызыкчумун. Балдар менен турникке көп тартынып, футбол ойночубуз. Кээ бир учурларда балдар менен бир нерсе талаша кетип мушташкан күндөр болгон. Абазкан деген агайым бар эле. Ошол агай атама келип «Ай Маке, балаңыз жакшы окуйт, бирок мушташты жакшы көрөт» деп айткан экен. Атам «Эмнеге андай дейсиз?» десе, агайым «Кайсы жерде балдар мушташып атса, арасында сиздин балаңыз сөзсүз болот» деп айткан экен. Үйгө келсем атам «Сен эмнеге мушташкан балдардын жанына барасың?» дегенинен, «Мен мушташты жакшы көрөм» деп атама жооп кайтарган элем. Айрыкча, мектепти аяктап жаткан жылдары айылдагы кыздарга көрүнүү максатында башка класстын балдары менен тарап-тарап болуп согушчубуз. Азыр ошол күндөрдү эстеп күлүп калабыз.

«Келинчегимдин өзүнүн макулдугу менен ала качып алгам»
– Мектепте окуп жүргөндө кыздарга көп көңүл бурган жокмун. Бирок классташтарым бири-бирине сүйүү каттарын жазып калышчу. Мага кечирээк келди окшойт. Аны сүйүү деп айтууга болобу, болбойбу- билбейм. Бирок шаарга келип, жогорку окуу жайында окуп жүргөндө сүйүү сезимдери башталды. Мен келинчегимди алгач көрүп эле «Мен ушул кызга үйлөнөм» деп койгом. Ал кызды таанычу да эмесмин. Кийин дос балдарым аркылуу ал кыздын дарегин таап, өзүмдүн сезимдеримди билдиргем. Ал да менин сезимимди четке какпастан, макулдугун берип, үч ай кыз-жигит болуп ээрчишип жүрдүк. Кийин өзүнүн макулдугу менен эле ала качып, үйгө алып келип колукту кылып алдым. Келинчегимдин биздин айылдык курбу кызы бар болчу. Ал кыздар менен ошол курбусунукуна июль айында конок болуп келип калды. Азыр төрт уулдун ата-энеси, жети неберенин чоң ата, чоң энесибиз. Уулубуздун бирөө эки жашка чыкканда чарчап калган. Келинчегим экөөбүз тең балдарыбызга татыктуу тарбия, билим берип, өз ордуларына коелу деген максат менен талыкпай иштеп келдик.

«Бизде деле казан-аяк кагышат»
– Ар бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышат эмеспи. Анын сыңарындай, биздин үй-бүлөдө деле казан-аяк кагышып, катуу айтышып калабыз. Кээде кыйкырып койсоң, унчукпай калат. Негизи жаш курак өйдөлөгөн сайын аялыңдын алдында көп үстөмдүк кыла албай калат экенсиң. Жаш кезде биз үстөмдүк кылсак, азыр аялдар үстөмдүк кылып коюшат (күлүп). Мисалы, мен көпчүлүк убакта жумушта болуп, балдарга көп көңүл бура албай калам. Ал эми келинчегим балдарыбыз өз алдынча бөлүнүп кетишсе да, аларга катуу талап коет. Бир четинен бул жакшы көрүнүш болуш керек. Келинчегим балдарга катуу талапты койгону менен өзү анча-мынча тамашаларды көтөрө албай, чычалап жиберет. Бул сапаты өзүнө жагаттыр. Бирок, башкаларга өөн учурайт. Кээде таарыныша кеткенде көпкө чейин экөөбүз тең тултуюп жүрөбүз. Акыры мен туура эмес айтып койдум окшойт деп кечирим сурайм. Ичимден «Мен туура эле айттым, ал туура эмес түшүнүп калды» деп ойлоп калам. Бирок, ага болбой эле кечирим сурайм (күлүп).

«Кийимдеримди келинчегим алып берет»
– Негизи биз көп деле белек беришпейбиз. Эсимде, союз убагында француз атырынан берген учурларым болгон. Мен кийим тандаганды билбейм. Студенттик кезде өзүмдүн кийимимди өзүм сатып алчумун. Азыр болсо менин кийимдеримди да келинчегим алып берет. Ал 1991-жылдан бери Түркиядан кийим-кечек ташып бизнес кылат. Мына ошол жактан мага, балдарга, өзүнө кийимдерди алып келет. Азыр келин балдарына да алып келип калды. Бирок көйнөктөрүмдү өзүм эле үтүктөп кием. Айрыкча мурда, балдар үйлөнө электе өзүбүз тамак жасаганга туура келчү. Азыр эми балдар үйлөнүп, үйгө барсаң баары даяр, алдыңдан неберелериң тосуп чыгат. Небере балдарга караганда таттуу болот экен (күлүп). Алардын ар бир өнөрүн байкап баштайт экенсиң.

Кымбат Турдубекова