16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 12:05


Токтогулдун тургуну 100 кг баңги даярдаган

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баңги затынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызмат узак убак Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын тургуну Ш. А. нын ишине байкоо жүргүзүп келген. Ал ири өлчөмдөгү баңги затын даярдап жана сактап келген.

Ушул жылдын 17-февралында аталган кызматтын  кызматкерлери Ш. А.нын үйүн тинтип, 2 мүшөк кургай элек кара куурай (каннабис), кургатылган кара куурай, бардыгы 97 кг ашык  баңги заты табылган.

Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.