13 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 00:51


Тиреш

Азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков менен мурунку Президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы тирешүүлөр жаңы этапка өткөндөй. Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы, мурдагы жансакчысы Болот Сүйүнбаевди УКМКнын төрага-орун басарлыгынан бошотконунан көп өтпөй аны өкмөт башчы Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жетекчи кылып дайындады. Ал эми Сапар Исаков Атамбаевдин “оң колу” экени баарына маалым.

Кыргыз көчү жолун башкача уламай болгондо

Адегенде Президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековду КСДП талапкер кылып “Кыргыз көчү жолун улайт” деген лозунг менен чыгарганда коомчулук Алмазбек Атамбаевдин мураскери катары кабыл алган. Адамдык сапаты бийик, саясатта булганбаганы айтылып сүрөттөлгөнү менен өз алдынча чечим кабыл аларына көпчүлүк ишене берген эмес. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп коррупция менен күрөшүү татыктуу деңгээлде жүрбөй жатканын айтып Атамбаевдин кадрларынын ишин сындаганда деле – бул жөн гана популисттик кадам болсо керек, сөз менен иши дал келсе гана баа берүү керек деп шектенүү болуп турган.

Бирок Сооронбай Жээнбековдун айткан бул сыны Алмазбек Атамбаевге катуу тийгени көп узабай эле билинди. Буга КСДПдан мурда депутат болгон Мээрбек Мискенбаевдин “Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырып кетиши керек, бул үйбүлөлүк башкарууга жол ачат” деп айтып чыккан пикири, Жээнбековдорго Атамбаев тарабынан чабуул катары белгилүү болду. Өзүнүн демилгеси, эрки менен Мискенбаев бул сөздү айтып чыга алмак эмес.

Бул ортодо эки Президент жолукту. Кийин белгилүү болгондой, экөө бул жолугушууда бир пикирге келе алган эмес.

Мискенбаевдин сөзү тегин жерден айтылбаганын КСДПнын съездинде Алмазбек Атамбаев өзү дагы далилдеди. Иш жүзүндө Мээрбек Мискенбаевдин айткан сөзүн кайталап, Сооронбай Жээнбеков үйбүлөлүк башкарууга жол бербейм десе иниси мандатын тапшырышы керек деди. Ал гана эмес Бишкек ЖЭБиндеги авария тууралуу сүйлөп, буга байланышкан тендерлерге Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда кол койгонун айтты. Бул чоң айыптоо болчу.

Президентин Жээнбековдун маалымат кызматы болсо Атамбаевдин эмоционалдуу билдирүүлөрүнө жооп берүүнү туура көрбөгөнүн, бирок ЖЭБ маселеси боюнча Жээнбековдун күнөөсү жок экенин, бул иштер жүрүп жатканда ал Президенттик шайлоого талапкер болуп кеткенин, ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши  жана дагы иликтөөлөр аягына чыкканын күтүп туруу керектигин билдиришти. Бул жооп алда канча салмактуу жооп сезилди.

Буга улай эле ЖЭБдин иши боюнча ири фигуранттар камакка алынды. Алмазбек Атамбаевдин  кадрлары УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев, анын орун басары Болот Сүйүнбаев кызматтан алынды. Көп узабай эле парламенттин колу менен Башпрокурор Индира Жолдубаева жумуштан алынды. Сапар Исаковдун аты аралашып жаткан Максим Бакиевдин коттедждери боюнча кылмыш ишинин арты менен Мамлекеттик мүлк фондунун ошол кездеги жетекчилери камакка алынды.

Бул жүрүштөр эки Президенттин ортосунда чоң ажырым кеткенин далилдеди. Сооронбай Жээнбековду Алмазбек Атамбаевдин мураскери катары эмес, өз алдынча чечим кабыл алганга эрки жете турган Президент катары башка көз караш менен карап, үмүт артып, колдогондордун саны көбөйдү. Буга бир катар мыйзамсыз чечим кабыл алган айрым соттордун жумуштан алынышы, тынч митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин жокко чыгарылышы, буга чейин мамилелер салкындай түшкөн Түркияда жылуу кабыл алынышы, Европага болгон ийгиликтүү сапар дагы Сооронбай Жээнбековго бир топ упай алып келди.

Конституциялык реформанын жыйынтыгы – кош бийлик

Президент жумуштан алган Болот Сүйүнбаевди Премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жетекчи кылып дайындаганы эки Президенттин ортосундагы тирешүү дагы деле уланып жатканын, ал жаңыча этапка өткөнүнөн кабар берип жатат. Буга Алмазбек Атамбаевдин учурунда референдум жолу менен  Конституцияга кирген өзгөртүүлөр дагы жол берип жатат. Иш жүзүндө Кыргызстанда кош бийлик болуп жатканын көрүүгө болот. Конституциялык өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизип жатканда Алмазбек Атамбаев Өкмөт башчынын таасирин күчөтүп, кийин деле мына ушундай жол менен таасир этип турууну максат кылганын иш жүзүндө кыргызстандыктар эми байкап жаткандай.

Жакында өкмөт башчы Сапар Исаков парламентке отчет тапшырганы келет. Парламент анын отчетун кабыл албай коюп, министрлер кабинетин таратып жибере алат. Же коалициядан кайсы бир фракция чыгып кетсе дагы, коалицияны, өкмөттү кайра куроого туура келет. Бирок азырынча парламентте кайсы Президенттин таасири күчтүүлүк кылары так белгисиз. Айрыкча КСДПнын депутаттары экөөнүн кимисин тандашын билбей баштары катып турган чагы. КСДПнын съездине катышып, Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлаганын карасаң, алар Алмазбек Атамбаевди колдойт деп ойлойсуң. Бирок, Алмазбек Атамбаевдин койгон Башпрокурору Индира Жолдубаеваны бир добуштан кызматтан алып салганын карасаң, Сооронбай Жээнбековду колдоп жатат деген ойго келесиң.

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев фракциясындагы депутаттарды кайрадан жыйынга чогултту. Бул жерде дагы анын иштерин, анын ичинде Сапар Исаковду колдоо маселесин койгону турган иш. КСДП фракциясынын депутаттары мындан ары эки жээке тең ойной албайт, акыры бир чечимди кабыл алып, эки Президенттин бирөөсүн тандашы керек болот.

Аванс менен берилген ишеним

Азырынча акыркы жасаган кадамдарынан улам Сооронбай Жээнбековду колдогондор басымдуу. Ошол эле учурда, өз бийлигин бекемдеп алгычакты эл менен эсептешип жатат, андан кийин мурдагы Президенттер сыяктуу эле өз көмөчүнө күл тартат деп шектенип жаткандар дагы көп. Ошентсе деле Президентке аванс менен ишеним берилип жатат. Эгерде Сооронбай Жээнбеков бул ишенимди туура пайдаланып, элдин кызыкчылыгында иштеген жөнөкөй Президент болуусун улантса, мурдагы Президенттердин кетирген катачылыктарынан сабак алып, ага жол бербесе, мамлекеттик башкарууда жаңы жол салмак.

Дилбар Алимова