26 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 11:25


Текебаев менен Чотоновдун актыгын далилдеген жагдайлар Башкы прокуратурага берилди

Күнөөсү далилденбей эле камалып кетишкен саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча жаңы жагдайлар жаралгандыктан, ишти кайра кароо өтүнүчү менен адвокаттар Башкы прокуратурага арыз беришти. 21-май, дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика – Ата-Журт» фракцияларынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып чыгышкан. Мыйзамга ылайык, Башкы прокуратура ишти 10-15 күндө карап чыгышы керектиги айтылууда. Коомчулукта Текебаевдин акталып чыгышына үмүт арткандар көп.

 

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунда алардын күнөөсүз экенин далилдеген 60тан ашуун документтер, 50дөн ашык күбөлөр келип, көрсөтмө беришти. Ага карабай Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылдын 16-августунда оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновго карата мыйзамсыз өкүм чыгарып, сегиз жылдан абакка кести.

Сот өкүмүндө 2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский Бишкекте болуп, “Хаят” отелине токтогон, ошол күнү Модин, Чотонов, Маматкеримов болуп, Жогорку Кеңеште 306-кабинетте Текебаев менен жолугушкан, ал жолугушууда Текебаев Маевскийге “Альфа Телекомдун” акцияларын алып берүү боюнча сүйлөшүшкөн. Мындан тышкары, 13-май күнү кечке жуук аталган ысымдагы адамдар “Супара” этнокомплексинде жолугушкан. Маевскийдин айтканы боюнча, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Альфа Телекомдогу” маселелерди чечип берем” деп, 1 млн. АКШ долларын алган”, — деп белгилеп чечим чыгарышкан.

Соттор корутундусун дал ушул 2010-жылдын 13-майына басым кылып, өкүм чыгарып салышты.

Белгилей кетүүчү нерсе, Маевский менен Модиндин көрсөтмөлөрү айрыкча, “Хаят” жана “Супарадагы” жолугушуулары боюнча жүргөн сот отурумдарында бир нече жолу өзгөрүп турган. Маевский 6 жолу, ал эми Модин 5 жолу көрсөтмөлөрүн көз көрүнөө өзгөртүшкөн.

“Текебаевге 1 млн. доллар пара бердим” деген Леонид Маевский жөнүндө сөз кылсак. Ал өзү чуугулгандуу иштер менен атагы чыккан адам. 2003-жылы Россиянын Мамлекеттик думасына Комунисттик Партиянын катарынан депутат болуп турганда, “Коммунисттик Партия жеке ишкер Барис Березовскийден 1 млн. доллар акча алган” деп жалган айтып, фракциядан куулган.

Негизги маселеге кайрылсак. Учурда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновго карата сот чечими чыгаарда алардын күнөөсүз экендигин далилдеген негизги беш жагдай жаралгандыгын адвокаттар таап чыгышты.

Биринчи жагдай. Маевскийде башка жарандын паспорту кандайча пайда болду?

“Хаят” отелине башка Маевский токтогон. Леонид Станиславович Маевский 2010-жылдын 13-майында “Хаятта” болгон эмес. Ал жерде Леонид Борисович Маевский жашаган, анын паспорту таптакыр башкача.

2018-жылдын 18-апрелинде Текебаевдин адвокаттары “Хаят” отелинен жазуу түрүндөгү далилдөө алышкан. Анда 12-14-май күндөрү “Хаятта” Маевский Леонид Борисович аттуу адам жашагандыгы көрсөтүлгөн. Анын паспортунун номери № 45 08 42 26 16. Мындан улам, негизги күбө Леонид Маевский Станиславовичке атасынын аты гана эмес, паспортунун номерлери да дал келбейт. Ал эми иштин материалдарында Маевскийдин 63 №90 95 429 жана 63 №49 43 607 номерлүү эки паспортунун көчүрмөлөрү тиркелген. Көрүнүп тургандай, булар эки башка адамдар.

Мындан улам, бул документтеги далилдер 2010-жылдын 13-май күнү Маевский Леонид Станиславовичтин Кыргызстанда, Бишкекте болбогондугун, демек Текебаев менен Өкмөт үйүндө да, “Супара” этнокомплексинде да жолуга алмак эместигин даана далилдейт.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө Леонид Маевскийдин паспортунда чек араны кесип өткөндүгү тууралуу мөөр жок болуп чыккан.

Экинчи жагдай. Маевский менен Модин кабинеттен адашышкан.

Жогорку Соттун токтомунда Маевский жана Модин Текебаев менен анын Өкмөт үйүндөгү иш бөлмөсүндө, 306-кабинетте жолугушкан деп белгиленген.

2018-жылдын 10-майында Текебаевдин адвокаттары Президенттин иш башкармалыгынан 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ээлеген кабинеттери тууралуу так маалымат катын алышкан. Анда Убактылуу Өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаевдин 307-кабинетте отургандыгы, а 306-кабинетте Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев отургандыгы так, даана жазылган. Бул эки кабинетти адаштыруу мүмкүн эмес. Анткени, Атамбаев отурган 306-кабинет түштүк жактагы эшиктен, ал эми Текебаев отурган 307-кабинеттин эшиги түндүк жактан кирип, кабылдамаларында да олуттуу айырмачылыктар болгон. 306-кабинеттин аянты 77,0 чарчы метрди түзүп, кабылдамасы жана эс алуучу бөлмөсү болгон. 307-кабинеттин аянты 38,5 чарчы метрди түзгөн.

Үчүнчү жагдай. 2010-жылдын 13-майында Модин шаардын борборунда  жүргөн. Бирок, “Супарага” барган эмес.

Тергөөдө Модин менен Маевский Текебаев менен 2010-жылы 13-майда саат 18:00-20:00до Хаят мейманканысында жолукканын айткан. Бирок, Текебаевдин дал ошол күнү саат 17:30дан 21:00гө чейин “Пинара” отелинде өткөн Конституциялык реформа боюнча жыйынга катышканын тастыктоочу КТРК тартып алган видео запистер, жыйындын стенограммасы жана протоколу сыяктуу далилдер чыгып калат. Ошондон улам, тергөөчүлөр жана Маевский, Модин берген мурдагы көрсөтмөсүн өгөртүп, “кечинде «Хаят» мейманканасында эмес, кечке жуук шаар четиндеги «Супара» этнекомлексинде жолугушканбыз” деп көрсөтмөсүн өзгөртүшкөн. Бирок, анда да Алексей Модиндин жалганы чыгып калды. Себеби, «Нур Телекомдон» алынган телефон сүйлөшүүлөрдүн табуляграммасы Алексей Модиндин таң эртеден кечке чейин Бишкектин так борборунда болуп, шаардын четинде жайгашкан “Супара” этнокомплексине жакын барбаганын далилдеп койду.

Төртүнчү жагдай. Сот материалдык далилди катып койгон.

«Нур-Телеком» ЖЧКсынан алынган расмий документ Текебаев менен Чотоновдун күнөөсүз экенин тастыктаган негизги далилдерден болчу. Бишкек шаардык соту 2017-жылы 26-сентябрда 2010-жылдагы базалык станциялардын тейленүүчү тилкелери тууралуу маалымат сурап, “Нур-Телеком” ЖЧКсына кат жолдогон. Сот жоопту 12-октябрда колуна алган. Бирок, сот кылмыш ишине байланыштуу негизги документти күтпөй туруп эле, 2-октябрда айыптаган чечим чыгарып салган. Ал аз келгенсип, Бишкек шаардык соту 2010-жылы 13-майда Модин менен Текебев, Чотоновдун жолукпаганын тастыктаган декументтерди иштин делосуна тиркеп, Жогорку Сотко жөнөтпөй, тескерисинче жаап-жашырышкан. Натыйжада, Жогорку Соттун судьялар коллегиясы да, маалыматтын атайылап жашыралганына укуктук баа бербестен, 2017-жылдын 21-ноябрында Текебаев менен Чотоновду күнөөлөгөн мыйзамсыз чечим чыгарган.

Бешинчи жагдай. Иш боюнча жаңы күбө пайда болду.

2018-жылы 3-майда Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова жаңы далил тапканга жетишти. “Супара” этнокомполексинин ээси, маркум Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңыл Турганбаева жолдошунун Текебаевге бир нече жолу жолугууну күтүп жүргөнүн, бирок Текебаев Референдум өткөндөн кийин гана, июль айында “Супарага” барганын айткан.

Ал эми Дүйшөн Чотоновго келсек, ал курулай эле жалаанын курмандыгы болуп калган. Анткени, 2010-жылы 13-майда Түштүктөгү кырдаал курчуй баштагандыгына байланыштуу, Чотонов түш ооп, Ошко учуп кеткен. Соттук териштирүүлөр учурунда күбө катары Генерал Исмаил Исаков жана башка адамдар Чотонов, алар менен кошо Ошко учкандыгын айтып, көрсөтмө беришкен.

2018-жылы 18-апрелде адвокаттар “Кыргызаэроновигация” мамлекеттик ишканасынан 13-май күнү, бортунда Чотонов бар тик учак “Фрунзе-1” аэродромунан саат 11:21де учуп, “Төлөйкөн” аэродромуна 12:55те конгондугу тууралуу маалымкат алышкан. Андыктан, Чотонов Маевский жана Модин менен Өкмөт үйүндө дагы, “Супарада” дагы жолуга алмак эмес. Бул жагдай, дагы бир жолу Маевский менен Модиндин көрсөтмөлөрү ойдон чыгарылгандыгын далилдеп отурат.

Жогорудагы жаңы жагдайлар “2010-жылдын 13-майында жолугушту” делген адамдардын ар кимиси ар жакта болуп, жолугушуу мүмкүн эместигин далилдеп жатат. Чотонов Ошто, Текебаев таң атпай Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын кырдаалга байланыштуу чукул жыйынында, саат 9дан 13:30га чейин “Хаят” мейманканасында Проон, Венециялык комиссия жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте өткөн конституциялык реформа тууралуу тегерек столго катышса, саат 14:00дөн 17:00гө чейин Раззаков-Фрунзе-Орозбекова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн кеңсесинде Роза Отунбаева менен Түштүктөгү абалды талкуулашкан.17:30дан түнкү 21:00гө чейин “Пинара” отелиндеги Конституцмиялык реформа боюнча жыйында болгон. Ал эми Модин күн кечке Бишкектин ичинде эле, ар кайсы аймактарда жүрсө, Маевский такыр эле Кыргызстанда жок болгон. Демек, алардын ар кимиси ар кайсы жакта жүрүшсө, жолугушуу дегеле мүмкүн эмес экени дагы бир жолу тастыкталып жатат.

Кылмыш ишинде кылмыштын ордун, убактысын, катышуучуларын аныктоо эң негизги мааниге ээ. Кылмыштын катышуучулары бир жерде чогула албаса, муну кылмыш ишинде “алиби” деп коет. Баары бир жерде болбосо, иштин жалган экени ушундан эле далилденип калган.

Мындан улам, жаңы ачылган 5 жагдай Текебаев жана Чотоновго карата чыккан үч инстанциянын өкүмдөрүн толугу менен жокко чыгарып, алдардын күнөөсүз камалып кеткендигин көз көрүнөө далилдеп отурат.

Айжан Айтышева