23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 19:42


Тарых кайталанат же мурашевчил жайкарма

Жакында өкмөттүн жыйыны болуп, жазгы талаа жумуштары, бери болгондо 20-25 күнгө кечиктирилип, кечиримсиз кашаӊдыкка жол берилип жатканы белгиленди. Айыл чарба, азык-түлүк жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баягы көндүм болуп калган көп шылтоолордун бири — аба-ырайынын жаанчыл болгонун бетке кармайт.

Жыйында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын сабактарын эске алган сыягы бар: Былтыркы, 2016-жылы Кыргызстан помидорду сырттан ташып келүүгө аргасыз болгонун эске салып келип, «өзүбүз өстүргөн жашылча-өсүмдүк продукцияларын экспорттоого толук мүмкүнчүлүгүбүз бар эле, арийне, томат товарларын Россиядан ташып алып келүүгө мажбур болдук,— деди ал айыл чарба министрине кайрылып: — Биз эккен томат өсүмдүктөрүн зыяндуу курттар мүлжүп таштады. Зыяндуу курттарга каршы күрөшүү боюнча бизде өзүнчө эле килейген кызмат иштейт. Ошолор профилактикалык иштерди жүргүзүүгө милдеттүү. Түзүлгөн проблемадан дыйкандар өз алдынча, өз күчү менен чыгып кете албасы анык. Айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн эмгеги бул жолу да талаага кетип түшүмдөн кур жалак калбашы кажет». Өкмөт башчысынын капталынан койгон бул суроосуна министр кайпалактатып келип көнүмүш болуп жайгармасына салып жооп кайтарды: «Бизде айыл чарбасындагы зыяндуу курттар боюнча бардык зарыл маалыматтар бар, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат» деди министр Н.Мурашев. Премьер С.Жээнбеков министр Н.Мурашевдин айтканына чыпчын ишенип алымсынып кете алдыбы же жокпу, анысын ачыкка чыгарып айткан жок.

Элдин эсинде тургандыр, былтыр—2016-жылы, базарда демейде тирелип турчу жергиликтүү помидордун ордун сыйпалап эле таппай калган элек. Биздин синьор-помидорубуз капилеттен эле жер жуткандай болуп караанын көргөзбөй, изин суутуп кеткен болчу. Бишкектеги сандаган азык-түлүк базарларынын биринен дагы баягы көз кубанткан кыпкызыл помидорлорду кезиктире албай шаабайыбыз сууп калган. Күндүз чырак менен издесеӊ да табылбайт. Күзгө таяп барып пайда болуучу кыртыштуу мала кызыл томаттын сорту да жок. Алардын ордун Россиянын Челябинск менен Краснодар облустарынан импорттолуп алынып келинген «чет элдиктер» басты. Бир эле караганда эмне болгон «чет элдик» помидорлор экенине көзүӊ жетет: чүрүшүп ырааӊы да суук, даамы жок, чайнасаӊ каучук чайнагандай болосуӊ. Кыскасы, жасалма жол менен күчкө салып өстүрүлгөн ГМО продукциялардын бири экени талаш туудурбайт. Анткен менен Россиядан ташылып келгендердин баасы асманды тээп кетпедиби. Жергиликтүү помидорлор кыйгай бышып турганда килограммы 10 сомго чейин түшүп кеткен баягы эл көнүп калган арзанчылык жок. «Россиялыктардын» баасы саратан жай айы 50 сомдон төмөн түшпөдү.  Ал эми кеч күздө болсо россиялык помидордун баасы барсайып көөп отуруп 100 сомду чапчыган болчу.

Эмнеге эле рыноктон кыргыздын жергиликтүү помидорун таппай калдыӊ, орду түбү менен жер сыйпалаткандай болуп кайда жоголуп кетти, себеби эмнеде деген суроо өзүнөн өзү келип чыгары айтпаса да түшүнүктүү болор. Суроого бийлик мыкчыгерлери быйыл жыл жаанчыл болду, ошондуктан помидордун түшүмү болгон жок деп жооп беришкен эле. Чиновниктердин түшүндүрмөсү, чынын айтканда, элди анча ынандырып жиберген эмес. Ишенчээк момун элди жаш баладай алдап, атайы жооткотуу үчүн бийлик чиновниктер ойлоп чыгарган көп шылтоонун бирин бетке кармап жатканы астыртан болсо да баамдалып турган. 2016-жыл быйылкыга окшоп жаанчыл болгону ырас дечи, аны эч ким деле танып жибере албайт. Бирок жаан тропикалык өлкөлөрдөй болуп күндүр-түндүр көз ачырбай төгүп туруп албаганына өзүбүз күбөбүз. Синоптиктердин тили менен айтканда башка жылдардан айырмаланып кетпей жаан-чачын норманын алкагында болгону жалган эместир. Жылдын жаанчыл болгону помидордун түшүмүнө чечкиндүү таасир берип жибербестигин агротехникалык адистерди айтпай ак коелу, жаш балдарга деле алаканга салгандай ачык болуп турганы белгилүү болчу.

Томат, талаш жок, ысыкты сүйгөн өсүмдүк экени белгилүү. Помидорду асырап өстүрүүдө өз маалында сугарып туруу, агрохимия менен агротехниканын ролу чоӊ, анан томат өсүмдүгүн өндүрүүдө — түшүмдүү болушунда аба ырайынын жагымдуу шарты да зарыл. Агроадистердин айтымында, өсүмдүктүн телчигип бутуна туруп кетиши үчүн февраль айларынын түнү болжол менен +15°С тегерегинде болушу керек. Март айында болсо түнкү температура +18°С түзүшү шарт. Жердин кыртышынын температурасы болжол менен+16°С төмөндөбөшү кажет болот. Адистер помидор өсүмдүгү гүлдөй баштаган учурда температура 0°С төмөн болгондо жалбырактарына зак кетиши мүмкүн дешет. Бирок, ошол эле учурда помидордун көп сорттору үшүк жүрүп ал бир нече күнгө созулса да (нөл градустан төмөнкү 3-5°С) кадыресе суукка туруштук берерин белгилешет. 2016-жыл жаанчыл болсо да жаз-жай айларында помидорду талкалап кете тургандай катуу үшүк болбогонун өзүбүз жон терибиз менен сезип көрбөдүкпү.

Жергиликтүү помидордун капысынан дайынсыз кеткенинин табышмагынын чоо-жайы жөпжөнөкөй болуп чыкты. Бул жөнүндө 2016-жылы 8-ноябрь күнү болуп өткөн тегерек үстөлдөгү талкууда Социалдык ишкерлердин ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү Тилек Токтогазиев ачыкка чыгарган болчу. Анын айтымына караганда, мамлекеттик структуралардын — чек арачылардын, бажы кызматынын, фитосанитардык көзөмөлдүн шалаакылыгы жана коррупциялык алдым-жуттумдуктары менен башка өлкөлөрдөн ташылып алынып келинип жаткан азык-түлүк продукциялары, анын ичинде томаттык продукциялары тиешелүү дыкат текшерүүдөн өтпөй калганын билдирген эле.

«Акыркы жылдары Кыргызстанга томат продукциялары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн ташылып келе баштады. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Tuta absoluta деп аталган томаттын күбө курту бизге келгенин көрүүгө болот. Табигый шарттарда зыяндуу жаӊы курттун пайда болушу үчүн болжол менен 4-5 жыл талап кылынары белгилүү. Күбө куртту жок кылуу үчүн алдын алып күчтүү химиялык заттарды колдонуу талап кылынат. Тилекке каршы, химиялык заттар дайыма эле жардам бере албасы анык. Tuta absoluta – биз эле эмес, изилдөө илими өнүккөн, катуу көзөмөлгө алуу боюнча карантиндик чаралары жолго коюлган Европа өлкөлөрү үчүн чоӊ проблемага айланган. Биз азыр мамлекеттик органдардан улуттук экономикага оӊбогондой чоӊ сокку уруп жаткан жугуштуу курттары бар томаттын жаӊы партияларын алып келбеши үчүн көзөмөлдү күчөтүү боюнча талап кылып жатабыз»,- деген болчу Т. Токтогазиев.

Т. Токтогазиевдин билдиргени боюнча, быйыл кадыресе өнүм алып калган томаттан өсүмдүгүнөн аркы-беркиси болуп үч жуманын ичинде эч нерсе калган жок, себеп дегенде жырткыч курттар өтө жут болот экен помидорду ичинен мүлжүп жеп отуруп түбүнө жетишет да коюшат экен. Ошентип, фермерлер рынокка алып чыгарып сатууга продукциясы жок куру жалак калышты дейт ичи ачышкан Т. Токтогазиев. Мына ошо бир жыл мурун эле чырылдап эскерткен агроэксперттин эскертүүсүнөн өкмөт тиешелүү жыйынтык чыгардыбы—ал азырынча белгисиз.

«Мамлекет бир жагынан кандайдыр бир грант каражаттарын, кредиттерди издеп таап, фермерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жаткансыйт, экинчи жагынан ошол эле мамлекеттик структуралардын шалаакылыгы менен импорттолгон товарларды дыкат текшерүүдөн өткөрбөй туруп ички рынокко күркүрөтүп айдап жиберген адаттары менен биздин жергиликтүү дыйкандардын аракеттерине зыян тийгизип, ал гана түгүл акыры барып жок болуп кетишине өбөлгө түзүп берип жатышат», — дейт тегерек столдо чыгып сүйлөгөн Т. Токтогазиев. Помидорлорду сырттан ташып келүүдө мамлекеттик чиновниктердин иш билбестиги менен бирге импортёрлор менен жеӊ ичинен сүйлөшүп алган коррупциялык иштер болгонун байкоо кыйын эместир. Чиновниктер иштин көзүн билбеген шалаакылыгы жана алдым-жуттумдуктары мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугуна болуп көрбөгөндөй сокку уруп, орду толбос зыян алып келишкендерин өздөрү аӊдап билбейт деле болсо керек дейсиӊ.

Т. Токтогазиев сөзүнүн акырында «жакынкы учурлары, алдыдагы бир нече жылдары фермерлерге помидор айдоонун муктаждыгы жок деген сөздү ачык айтууга аргасызбыз. Биздин атуулдар да мындан ары томаттын баасы дагы да өрлөп-өсөрүн билиши керек. Бул 2016-жылы томаттын баасы бизде пайда болгон зыяндуу курттардын залакасынан улам болуп көрбөгөндөй жогору чыгып кетти», — дейт эксперт. Эгер Т. Токтогазиевдин айткандары ырас болсо, анда ата-мекендик помидордон жакынкы учурларда кол жууганыбыз анык. Зыяндуу күбөнүн картөшкө, баклажан, төө бурчак өсүмдүктөрүнө да кол саларын, алардын келишпес душман экенин эске ала турган болсок, анда улуттук агросектор кыйла оор жагдайга тушукканы айкын болот. Кыскасы, Tuta absoluta зыяндуу куртунун тукуму курут болгонго чейин бери болгондо беш-алты жыл күтүүгө аргасыз болобуз.

Өкмөттүн курамында зыяндуу курттарга каршы күрөшүү боюнча атайы кызмат бар, мына ошолор профилактикалык иштерди жүргүзүүгө милдеттүү экени жөнүндө жашылча-жемиш өстүргөн фермерлерден сурап көрсөӊ андай «мокочо» структураны эзели кулак угуп, көз көрбөгөнүн айтышып шыпшынышат. Жакында 2017-жылдын помидорунун сезону башталат. Саналуу эле күндөр калды. Азыркы кезде кардарларды помидор базарга чыгаар-чыкпасы белгисиз бейпайга салып турган учур. Эгер былтыркы тарых кайра кайталанып калса, айыл чарба министри Т. Мурашев бул жолу кандай шылтоону бетке кармаар экен? Өткөн жылдагыдай болуп айтылып жүрүп ашмалтай болгон жаанчыл аба-ырайына шылтап этегинин чаӊын күбүп четке чыга береби? Непадам буга таӊ калып деле кажети жок—өкмөттүн аткаруу системасы тереӊ кризиске кептелгени жашыруун деле болбой калбадыбы.

P.S. Tuta absoluta же болбосо Томаттын күбөсүнө кыскача мүнөздөмө бере кетүү максатка ылайык келээр эле. Тута Абсолюта өсүмдүктөр, айрыкча томат өсүмдүктөрү үчүн өтө коркунучтуу зыянкеч курттардын катарына кирет. Мекени—Түштүк Америка. Көчүп-конуп жүргөнгө ыкташкан (миграцияланып турат) атайы орнотулган биологиялык чек ара тоскоолдуктарын бузуп өтүү алар үчүн кыйынчылык туудурбайт. Тута Абсолютанын томат өсүмдүгүнө алып келген зыяны 100% чейин жетиши мүмкүн. Айрыкча помидордун келишпес душманы. Анын картөшкөгө өч экени да белгилүү. Негизинен картөшкөнүн өсүп турган сабактары менен жалбырактарына чабуул жасашы ыктымал. Тута Абсолюта өзүнүн жашоо өмүрүнүн аралыгында жүздөгөн урук чачат. Кейпи жетим көпөлөк сыпаттанып кетет.  Ыӊгайлуу шарт түзүлүп, азыктары жетиштүү болгон кезде ар бир жылы 10-12 муунун өстүрүп чыгара алат дешет окумуштуулар. Кыскасы, өсүмдүктөр үчүн өтө коркунучтуу душман.

Үсөн Касыбеков