22 май 2018
Бишкек убактысы: 04:24


Сот реформасы боюнча сегиз маселе   

Бүгүн, 17-майда, Бишкекте  Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Бул кеңеш Президенттин алдында түзүлгөн.

Жыйында мамлекет башчысы баяндама жасады. Кеңештин мүчөлөрү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча өлкөнүн Өкмөтү көрүп жаткан чараларды, 2018-2020-жылдарга карата Сот системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун талкуулашат.

Президент өз баяндамасында жарандар менен жолукканда укугу бузулган, коррупцияга баткан, адилетсиз  сотторго карата дооматтар айтылып жана кайрылуу каттарда жазылып жаткандыгын белгиледи.

Сот органдарын реформалоо —  азыркы мезгилде Кыргыз мамлекетинин негизги көйгөйү болуп калганын айтты.  Аткарылган иштерге, алсак, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги 17 кодекс жана бир нече мыйзам кабыл алынып, Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөнүн  жана судьялык кадрларды жаңылоо жүргөндүгүн белгиледи.

“Бирок, реформанын темпи коомчулук күткөнгө караганда кыйла жай жүрүп, тилекке каршы, сот системасын реформалоо кечеӊдеп жатат. Ошондуктан соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү — Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты” деди Президент.

Өлкө башчысы Сот  реформасына байланыштуу 8 маселени белгиледи.

  1. Биринчиден, бардык күч-аракетти жумшап, кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарды колдонууга киргизүү – эӊ негизги милдетибиз.

Өзгөчө белгилей турган жагдай — кылмыштардын, жосундардын, укук бузуулардын бирдиктүү реестри түзүлүп, тиешелүү адистер аны колдонгонду үйрөнүшү керек.

Башкы прокуратура бул ишти тездетип, бирдиктүү реестрди, 2019-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизүүсү зарыл.

Кодекстерди аткара турган адамдарды масштабдуу түрдө окутуу керек болчу. Буга судьялар, прокурорлор, милиционерлер, адвокаттар, тергөөчүлөр, сот аткаруучулары, жаза аткаруунун кызматкерлери жана башкалар кирет. Алар кодекстерди жатка билип, реформанын логикасын бурмалабай, бузбай, түшүнүшү зарыл.

Ошондой эле кодекстерде көрсөтүлгөн бардык институттар жана механизмдер түзүлөт деп белгилегенбиз. Мисалы, Кыргызстанда мурда болбогон жаңы пробация институту түзүлүп, 2019-жылдын 1-январынан баштап иштей турган тергөөчү судьянын жаңы кызмат орду киргизилиши керек болчу.

Укук коргоо органдарында ведомстволук нускамалар иштелип чыгып, беттештирүү, сурак жүргүзүү үчүн жайлар жабдылышы зарыл эле.

  1. Экинчи, сот органдарын санарипке өткөрүү узактан бери чечилбей жатат. Судьялар кабыл алган жана коомчулукка таанышуу үчүн соттордун сайтына чыгарылуучу чечимдер жана өкүмдөрдүн баары эмес, тандалып гана санарипке өткөрүлүп жатат. Ал эми бардык чечимдерди жана өкүмдөрдү санарипке өткөрүү маселеси болсо азыркыга чейин ишке аша элек.

Ошону менен катар соттук процессти аудио-видеого тартуу, соттук жыйналыштын электрондук протоколдорун киргизүү керек.

  1. Мыйзамдарды өркүндөтүү жаатындагы Өкмөттүн иши жай жүрүп, тынчсызданууга себеп болууда. Себеби кабыл алынган кодекстерден келип чыгуучу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуунун ордуна, жаңы кабыл алынган кодекстерге алардын концепциясын бузган оңдоолорду киргизүү сунушталууда. Бул бардык институттардын алты жылдык ишинин жыйынтыгын жокко чыгарышы мүмкүн!

Мен парламенттин депутаттарына да кайрылам. Биз сиздер менен бирге жакшы мыйзамдарды кабыл алдык. Эми аларды колдонууга киргизүүгө өзгөчө көңүл буруш керек. Анткени кодекстерди колдонууга киргизүүгө кедерги болчу себептер жаралып жатканын билем. Жаңы мыйзамдарга алардын баштапкы концепциясын бузган оңдоолор демилгеленип жатат. Азыр ушундай үч демилге бар.

  1. Судьялык кадрлар жөнүндө. Сот органдарында судьялык кадрлар алмашылды. Жүрүш-турушу кынтыксыз эмес деген судьялар кетти. Бирок жаңы тандоо жүргөндөн кийин деле судьяларга карата жарандардын даттануулары азайган жок. Алар соттордун бардык деңгээлине тийиштүү.

Судьялык корпус үчүн кадрларды тандоодо эӊ негизги талап – бул абдан кылдат, сапаттуу, адилет тандоо болушу керек. Судьянын кызмат ордуна өмүр бою иштөө үчүн тандоо абдан күчтүү болуп, талапкердин кирешелери жана чыгашалары жөнүндө декларацияларын, ишинин сапатын, адеп-ахлактык абалын катуу текшерүү менен коштолушу керек.

Судьяны такай окутуу – анын кесиптик жана инсандык өсүшүн камсыз кылган узак процесс катары каралууга тийиш.

  1. Бюджет жөнүндө. Бардык реформа каражаттарды талап кылат, өзгөчө жаза жаатындагы реформада чыгымдар көп болот. Бюджеттен каражат бөлбөй туруп, бул реформаны жүргүзө албайбыз. Сырттан кимдир бирөө каражат берет деп күтпөш керек.

Биздин реформа үчүн негизги каржы булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын бюджеттеринде кодекстерди колдонууга киргизүүгө зарыл болгон каражаттар камтылышы зарыл. Бюджет менен соттук-укуктук реформа бирдей пландалып, каражаттар натыйжалуу колдонулууга тийиш.

Бул жерде донор уюмдардын өкүлдөрү катышып олтурасыздар. Сиздерге да кайрылам. Буга чейин сот реформасын даярдоого жакшы колдоо көрсөттүӊүздөр.  Өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасына, Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына, Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгына, “Сорос-Кыргызстан” фондуна, Евробирликке, ОБСЕге ыраазычылык билдирем.

  1. Райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу зарыл.

Сот адилеттигине жетиш үчүн адамдарга абдан ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өзүнүн укугун коргош үчүн жарандарыбыз  талашты чечкен сот органы алыс жайгашкандыгына байланыштуу кошумча чыгымга учурабашы керек (жол киреси, жатакана чыгымы).

Көпчүлүк, жер-жерлердеги жарандар ушуну талап кылышат. Мен дагы туура деп эсептейм.

Азыр экономикалык жана административдик талаштарды чечүү функциясы райондор аралык сотторго берилген. Бул соттор облус борборлорунда жайгашкан.

Мисалы, коңшулаш жайгашкан жер участогун талашкан жарандар кыйла алыс жердеги райондор аралык сотторго барууга мажбур болууда.

Алсак, мындай талаш Балыкчы шаарында болсо, бул талашты чечүү үчүн Каракол шаарына барууга туура келет, ага чейинки аралык 200 километрден ашат. Ушундай эле маселени Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары да айтышкан. Алар облустук борборго барыш үчүн 2 ашуудан өтүп, 240 км жол жүрүшөт.

Мындай талаштарды жеринде чечүү үчүн райондук соттордун судьялары жетиштүү билими жана квалификациясы болушу керек, себеби судьянын кызмат ордуна тандоодо бирдиктүү талаптар коюлат.

Ушуга байланыштуу, райондор аралык соттордун функцияларын жана штаттык бирдиктерин райондук сотторго өткөрүп берүүнү сунуштайм. Бул дароо эле ишке ашпайт, убакытты талап кылат. Бирок, бул процессти тездетүү зарыл. Маалымат катары: республика боюнча 8 райондор аралык соттор бар. Алардын штатында 27 судья эмгектенет.

  1. Мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза ишин кыскартып, кылмышкерди жоопкерчиликтен куткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу — ойлоно турган маселе.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде, кылмыш жасаган адамдын күнөөсүн аныктабастан эле соттор жаза ишин токтотот.

Анын айынан укук коргоо жана сот органдарынын кылмыштын бетин ачуу, күнөөлүү адамды издөө жана табуу боюнча бардык күч-аракети текке кетет. Күнөөлүү адамдын кылмышы аныкталбай эле, зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилбей  эле жаза иши  соттук акты менен жокко чыгып калат.

Бул маселе кыйла кылдат иштеп чыгууну талап кылат. Себеби кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кетсе да күнөөлүү адамдын аракеттерине юридикалык баа берилип, алардын күнөөсү аныкталышы керек жана зыяндын ордун толтуруу маселеси милдеттүү түрдө чечилүүгө тийиш.

  1. Сот-укуктук реформасын ишке ашыруу  боюнча  координациянын жоктугу. Тилекке каршы, Өкмөттүн  координация кылуу иштери сапаттуу болбой келди. Процесс системалуу жүрбөй жатат. Өкмөттүн бул багыттагы иштерин жаӊы деӊгээлге көтөрүү керек.

Кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү үчүн аткаруу жана укук коргоо органдары, прокуратура, соттор, Ички иштер министрлиги, Жазаларды аткаруу кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Улуттук коопсуздук комитети, адвокатура, Жогорку окуу жайлары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул процесске катышуусу керек. Макулдашылган иш-чаралардын комплексин жүргүзүү талап кылынат.

Сот реформасы боюнча Кеңеш формалдуу орган болбой, өзүн лидер катары көрсөтүш керек эле. Себеби анын курамына реформаны ишке ашырууга тийиш болгон бардык органдар киргизилген.

Жогорку сот кодекстерди колдонууга киргизүүнү координациялап, көзөмөлдөп, концепцияны сактап калышы керек эле.

Президенттин Аппараты реформаларды ылдамдатып, аны аягына чейин чыгарышы керек болчу. Бирок андай болбой, тиешелүү бөлүм бул процесстен өзүнөн-өзү четтеп кетти.

Ушул учурдан баштап биздин Кеңеш соттук реформа боюнча лидерлик орунду ээлеген улуттук аянтча болуусу зарыл.

Элдин сотко болгон ишеними артып, сот системасы туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшүүсү абзел. Биз ушунун өтөөсүнө чыгышыбыз керек.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков  сот реформасы боюнча ушундай 8 маселени белгиледи.