17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:36


Шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү стратегиясы

Кыргыз Республикасында шайлоонун киргизилген моделинин артыкчылыктуу жактары баса белгиленди. Алсак:

“Жаңы модель боюнча шайлоону өткөрүү бир катар кадамдарды жана аракеттерди жасоодон улам мүмкүн болду, аларды жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, таза, ачык-айкын, адилет, атаандаштыктагы шайлоону өткөрүү максатында мамлекет менен коом жасады.

Киргизилген жаңы технологиялар бюлеттендерди урнага жапырт таштоо жана «селкинчек» сыяктуу добуш берүүнү бурмалоонун методдорун толугу менен жойду. Шайлоонун натыйжасы добуш берүү аяктагандан кийин эки сааттын ичинде болжол менен 95% ыктымалдуулук менен билинди” деп айтылат аталган документте.

Бирок алгылыктуу жактары менен катар жаңы шайлоо моделинин мүчүлүш жактарын да айтып кетүүгө болот.  Алар биринчи кезекте шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салуу менен байланышкан.

Андан ары алдыдагы келе жаткан шайлоолор тууралуу сөз болот.

“Кыргызстанда жаңы шайлоо цикли 2020-жылы башталат — кезектеги парламенттик шайлоо жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өтөт.

Мамлекеттик органдар жарандык сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташып, колдонуудагы мыйзамдарды системалуу талдоо, айрым кемчиликтерди жоюу гана эмес, жаңы мыйзамдарды жана практикалык чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн шайлоо ортосундагы азыркы үч жылдык мезгилди натыйжалуу пайдалануу керек, алар төмөнкүлөргө өбөлгө болууга тийиш:

  1. Өзүнүн эркин билдирүүгө болгон активдүү укук, ошондой эле шайланууга болгон пассивдүү укук катары жарандардын шайлоо укуктарын бардык деңгээлдеги шайлоого бардык субъекттердин катышуусунун так жана бирдей эрежелерин түзүү жана жарандардын шайлоо укугун камсыз кылууга тартылган мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын шайлоо процессинде өз ара аракеттенүүсүн жана жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу жакшыртуу.
  2. Парламенттик типтеги партияларды жарандардын кызыкчылыгын билдирүүчү институт жана өкүлчүлүктүү органдарды түзүүнүн институту катары өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү аркылуу парламентаризмди чыңдоо.
  3. Жалпысынан шайлоону уюштурууну жана каржылоону, шайлоонун коопсуздугун жана процесстин жүрүшүндө аны бузууга каршы күрөшүүнү жакшырта турган өзгөртүүлөрдү” деп айтылат шайлоолор тууралуу стратегиянын максаты тууралуу.

2018-2010-жылдарга шайлоолор тууралуу мыйзамдарын өзгөртүү стратегиясын иштеп чыгуу, бекитүү процессинин этаптарынын мөөнөтү белгиленет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы 5-ноябрда билдирди.