22 май 2018
Бишкек убактысы: 06:39


Саясий туткундарды бошотуунун жол-жобосу иштелип чыгат

Бишкекте бүгүн, 14-майда, «Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш» аттуу форум өтүп жатат. Анын максаты—саясий туткундарды бошотуунун юридикалык, саясий жолун иштеп чыгуу. 

Форум Президент Сооронбай Жээнбековго саясий себеп менен камалган туткундар маселесине көңүл буруу, сөз эркиндигин калыбына келтирүү боюнча Кайрылуу иштеп чыгууда.   “Демократия жана саясий туткундар бири-бирине коошпогон көрүнүш” аттуу форумду экс Акыйкатчы Бакыт Аманбаев алып барууда.   

Аталган форумга Курманбек Осмонов, Феликс Кулов, Чынара Жакупова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Адил Турдукулов, Сапар Аргымбаев, Равшан Жээнбеков,Эмилбек Каптагаев, Эсенгул Исаков, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева ж.б. саясатчылар, укук коргоочулар катышууда.

Форумда Феликс Кулов саясий туткундарга президент ырайым кылышын суранды.

 “Бул гумандуулуктун белгиси катары жаңы саясий багыттын башталганынан кабар бермек. Камакта жаткан бир да саясатчы төңкөрүш жасоого барбайт болчу. Ал эми  кыялын ачык айтып койгону үчүн адамды соттоого болбойт” деди Ф. Кулов.

“Саясий туткун” комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

“Саясий негиз менен саясатчылардын артынан түшүү эч кандай жакшылыкка алып келбейт” ,  “Урматтуу Сооронбай Жээнбеков,  “Саясий туткундарды бошотуу сиздин колуңузда” деп, алар боюнча чечкиндүү кадамдарды жасашын өтүндү. Ал эми мунапыс берүү тууралуу сөз да болбошу керек экенин билдирди.

Ал эми Курманбек Осмонов мыйзам боюнча президент сотторго эч кандай тапшырма бере албасын билдирди. Ошондуктан укук коргоо органдарына,  комплекстүү түрдө алардын баарына тиешелүү. Укук коргоо органдарында калыстык жок болуп калганын белгиледи. Иш козголуп, сот өкүмү чыкканча чейин жарандардын укуктары эске алынбай жатат деди К. Осмонов.

“Соттор жалпы эл тарабынан шайланыш керек. Мыйзамдык ищин аткара албаган сотторду жоопкерчиликке тартыш керек. Жакында Акыйкатчы Президентке ырайым суроону өтүндү. Текебаев ырайым кылуудан баш тартты. Ал маселени “менин ишим кайра каралсын, мыйзам боюнча акталууну көздөйм” деди. Ырайым кылуу да, мунапыс берүү да, ал башка нерсе деди Курманбек Осмонов.

Курманбек Осмонов саясий туткундарды бошотуунун мыйзамдуу жолун айтты:  

“Парламент атайын мыйзам кабыл алуу менен ушул жолдон чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.  Мамлекеттик комиссия түзүп, алардын корутундусун даярдап, парламентке киргизип, саясий туткундар тууралуу мыйзам кабыл алыш керек. Комиссиянын корутундусу соттордун ишти кайра кароосуна негиз боло албайт. Болгону “жаңы жагдай” деген эле пункт бар. Бирок жаңы ачылган жагдай деп ар кайсы нерсени шылтоо кылып иштерди кайра карап жатат. Себеби чындап эле ошол убакта жаңы жагдайды издеп табуу кыйын” деди К. Осмонов.

“Адилет” укуктук клиника  башчысы  Чынара Жакупова Өмүрбек Текебаевдин атынан Адам укугу боюнча эл аралык комитетке кайрылуу жагдайы жана эл аралык сотторго кайрылуу процедурасы боюнча түшүндүрмө берди.

Саясий негизде соттолгондор кимдер?

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров бийликти күч  менен басып алууга айыпталып, 12 жылга, Эрнест Карыбеков ошол эле берене менен 20 жылга кесилген. 

Канат Исаев бийликти күч менен басып алуу жана коррупция беренеси менен 12 жылга кесилген. Канат Исаевдин ишине байланыштуу Мелис Аспеков да баш-аламан уюштурууга тиешеси бар делет.

Бекболот Талгарбеков, Толубай Койлубаев бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга, Садыр Жапаров барымтага киши алганы үчүн 11, 5 жылга, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Абдылда Капаров, Ош облус ИИМ экс-башчысы, өкүмдү күтүүдө. Максат Кунакунов он жылга камалган.

Айжан Айтышева