22 май 2018
Бишкек убактысы: 07:03


Сапар Исаков өзүн камоого негиз жок экенин билдирди

Бүгүн, 14-майда экс-премьер Сапар Исаков Бишкек электр жылуулук борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин чегинде Улуттук Коопсузук комитетине суракка чакырылган. Ага чеийн 29-апрелде да суралганы белгилүү.

14-майда тамактануу маалынан кийин экс премьер Сапар Исаков Улуттук Коопсуздук комитетине суракка кайрадан кирди. Ага чейин үч саат суракта болду.

Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин, » Жылуулук электр борборунун ремонтуна байланышы бар” деген адамдардын аты-жөнү толук айтылбай жатканын билдирген.

Экс премьер Бишкек жылуулук борбору боюнча өзүн камоого негиз жок экенин айтты.