19 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 05:51


Сапар Исаков Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видео-көзөмөлдү алып салууну тапшырды

Өкмөт башчы Сапар Исаков Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Таалайбек Жапаровго «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видео-көзөмөлдү алып салууну тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бул маселе 10-апрель күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйыны учурунда «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов тарабынан көтөрүлгөн.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси бул маселе оң жагына чечилерин билдирген.