19 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 20:11


Салянованын соту:  Өкүм күчүндө калды 

Бүгүн, 7-февралда болуп өткөн Бишкек шаардык сотунда ЖК депутаты Аида Салянованын иши боюнча райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылды. 

2017-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Аида Салянова юстиция министри болуп турган убакта кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен  Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле. Аида Салянова күнөөсүз экенин журналисттер алдында айтып берди жана бул саясий куугунтук деп баалады.