17 январь 2018
Бишкек убактысы: 21:14


Референдум сабактары  же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

 

(Башы гезиттин  өткөн  санында)

Ошентип былтыр өткөн    “референдум” деген саясий оюндун капшабы менен  коомдогу Абийир,  Ыйман деген адамдык касиеттер  курмандыкка  чабылып,  карандай калптын, ушактын, караөзгөй жалаанын, кара күчкө салып коркутуп-үркүтүүнүн  доору келгендей  коомдук ырай түзүлүп калганын азыр “көзү сокур, көкүрөгү туюк” адам эле баамдабай жатпаса, бул чындык менен баары эле макул.  Төрт айдан бери сандан-санга үзүлбөй басылып келе жаткан макаланын башкы максаты мына ошол кезектеги “референдумдан” сабак чыгаруу,  мындан ары өлкөбүз дагы эле барып “жиндичиликтин” барымтасында калбаш үчүн турмушка ашырылуучу зарыл чараларды талдоо, аларды ишке ашыруу жолдорун издөө эле.

Сандан-санга басылып келе жаткан макала соңуна чыгып, айтылчу сөз жыйынтыкталып жаткан соң “жиндичиликтен коргоо”  дегендин аныктамасын окурмандын эсине дагы бир жолу салып коюу туура болот дейм.

Өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо деп  —   бийлик кумарына мас болгондорду  соолуктуруучу, аларды  элирип же эсирип кетүүдөн токтотуучу,  “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей кыял-жоруктун  эл-журтка болгон кесепетин азайтуучу,  чийинден чыгып бара жатканынын тизгинин тартып кайра ийге салып туруучу, калыптан чыгарбай кармап туруучу  мыйзамдык жана коомдук тосмолорду түзүүнү,  ушуга ылайык коомдук пикир жаратуу, аларды турмушка ашырып туруучу механизмдерди ишке киргизүүнү түшүнөбүз.  Коомду тазарта турган, бийликти тазарта турган жол деп айтса да болот.

Мына бүгүн  президент Атамбаев алты жылдык мөөнөтү бүтүп кетип бара жатып, бетине кармай турган бир эле нерсе болуп жатат – бул “Таза коом” деп аталган атайын мамлекеттик программа  жана “2040-жылга чейин Кыргызстандын өнүгүү стратегиясы” иштелип чыгып жатканы.  Эки-үч айдан бери ооз көптүрүп айтып жаткан сөзү ушул эле.  Кетип жатып мына ушу жомок иретиндеги кагаздар менен абийирин жаап кетем деген ою бар го чамасы. “Мен президент катары буга чейин ушундай улуу иштерди жасап кеттим” — деп ооз толтуруп айтууга анча деле алгылыктуу, жыйынтыгы чыккан иштер болбогондуктан, “Эй бурадарлар, мен силерге мындан ары кандай иштештин программасын даярдап берип жатам,  жолду көрсөтүп жатам, ушул жолдо бара берсеңер жыргал турмушка жетесиңер” — деген куру насаатты эле калтырууга ниеттенип турат. Кийинки бийликке келчүлөргө мындай жомок-жолдомо керекпи же жокпу деп ойлогон жок,  өз баласына керез айткандай  эле түр көрсөтүп жатат.  Чынында Атамбаевден кийин кандай киши президент болуп шайланса дагы элге өз сөзүн, өз оюн билдирүүгө милдеттүү. Эл жаңы сөздү, жаңы жолду күтүп отурат.  “Кетсе тынч кетип калсынчы, жаңысы келсе турмуш оңолуп кетер” – деп тилек кылып, сабыр кылып отурат көпчүлүк. Ошондуктан жаңы шайланган президент: “Менден мурдагы президент жазып коюптур, айтып коюптур, мен ошого кошулам, ошонун айтканын жасайм” – дей салуусу элдин шаабайын суутат, назарын сындырат.  Мындай сөз журт башы болом деген дымакка туура келбей.

Мейли дейли, баарыбыз эле коомдун тазаланышын тилек кылып турабыз, азыр “Таза коом” деген программа акыры керек. Бул макаланын жазылыш максаты деле ошол.  Бирок канчалык деңгээлде электрондук, санариптик технологияларды киргизбегин, аларды турмушта колдонбогун, натыйжа чыкпайт, өз тарыхыбыздан туура сабак ала албасак, жыл башынан бери биз бул макалада сөз кылып келе жаткан коомду түз жолго салуучу көйгөйлөрдү чечпесек, мыйзам чегинде “жиндичиликке” бөгөт койо албасак, ал мыйзамдык ченемдердин ишке ашышына коомдук көзөмөл уюштура албасак, анда коом тазаланбайт, мамлекеттик бийлик менен  элдин ортосундагы ажырым бирикпейт, элдин бийликке болгон ишеними калыбына келбейт. Бул чындыкты соңку жаңы тарыхыбыз жакшы эле далилдеди.

Былтыр Атамбаев тарабынан Референдум маселесинин козголушу менен ар бир инсандын, айрыкча саясатка аралашып,  депутаттык же дагы бир мамлекеттик жүктү аркалап жүргөн атка минерлердин,  аттуу-баштуу аксакалдардын  абийири, ыйманы  мезгил таразасына, тарых баталгасына коюлган эле.  Бул тарыхый сыноодон өткөн жокпуз.  Аттуу-баштуу деген эле кишилер ыйманын жешти, а түгүл “Атамбаевге сын айтандар эл душманы”  деп да жиберишти. Референдумду колдоп  “кошоматка кой союп” сүйлөп жаткан “билермандар”  ошол жосунсуз жоругу менен мамлекеттин тамырына балта чаап,  жаңы гана калыптанып келе жаткан саясий маданияттын, элдин бийликке болгон ишениминин ташын талкан кылып, “мыйзам буйлаланган төө” деген эски түшүнүктү кайра бекемдеп, өлкөнү укуктук башаламандыкка түртүп  жаткандарын түшүнүшпөдү, же түшүнүп турса дагы  ыйманын жеп бийликтин сөзүн сүйлөштү. Акыл калчап акыйкат сөзүн айткандар аз болуп, саясий күн карамалыктын, жоопкерсиздиктин жана көңүл коштуктун өкүмү сүрдү.

Мына ушундай кырдаалда биз ала турган биринчи сабак:  Улут жүзү болобуз деген кыязда жүрүшкөн  саясатчы-депутаттар, акын-жазуучу же дагы башка чыгармачыл адамдар, окумуштуу-мударистер,  эл ичинде сөзү бар аксакалдар, дымагы күчтүү жаштар, деги эле  коомдук иштерде жигердүү позициясы менен төбөсү көрүнүп калган ар бир адам эки жүздүүлүктөн, кандай бийлик болсо дагы  кошотой чапма кошоматчылыктан, кол куушурма күн карамалыктан  арылмайынча Кыргызстанда  өнүгүү жок. Коомдун таза болуусу – коомдун  ыймандуу болуусу. Ыймансыздыкка, кошоматчылыкка, бет тырмарлыкка, курулай жалаа менен ушакка негизделген коом эч качан таза болбойт.

Экинчи сабак – бийлик менен мансаптын  адамдын психологиясына болгон таасирин таануу, бул жагдайды эсепке алуу. Көрсө  учурдагы  түзүлгөн кырдаал  жана ошол шартта адамдын коомдогу ээлеген орду, мансабы  анын жүрүм-турумун, кыял жоругун аныктап,  аң сезимин буруп, аларды таптакыр ойдо жок жагына карай өзгөртүп жиберүүсү мүмкүн экен. Мына ушундан улам жакшынакай  эле кишилер  мансапка жеткенде желмогуз болуп кубулуп кетип, антип кеткенин өзү да баамдабай калат турбайбы.  Ошентип мансап менен бийлик адамдын акыл-эсин тумандатып, моралдык жана этикалык туюмдарын мокотуп сала турганы  илимий жактан дагы, адамзаттын тарыхындагы көптөгөн окуялар жана мисалдар менен, өзүбүздө эгемендик жылдарында болуп өткөн эки Элдик революциянын себептери  менен  толук далилденген факт  болуп калды.

Үчүнчү сабак – бул бийлик башындагы адамдын колун кыскартуу, аны мансапка манчыркатып, көзүн тумандатып аткан нерселерден арылтуу зарылдыгы, сот, прокуратура, милиция жана мамлекеттик коопсуздук кызматын  саясий күрөштө пайдаланууга мыйзам чегинде тыюу салуу, аларды саясий күрөштүн алкагынан сырткары чыгаруу, жеке кызыкчылыкта курал катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу. Антпесе саясий буюртма  менен бейкүнөө адамдар кысымга алынып, аларга же алардын жакындарына кылмыш иштери козголуп,  курулай жалаа менен соттолуп да кетип жатпайбы.  Тагдырдын тамашасы ушул экен ошол Акаев, Бакиев заманындагы “желдет” болуп келген тергөөчүлөр азыр дагы кызматта, ошолор эле иштеп жүрүшөт.  Кечээ эле Атамбаевдин өзүнө иш козгоп, аны камайбыз деп материал топтоп жүргөн кызматкер бүгүн анын буйругу менен Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөн Чотоновго,  Аида  Саляновага же Алманбет Шыкмаматовго иш козгоп, аларды түрмөгө камоонун аракетин кылып жатышпайбы. Кечээ эле Атамбаевди элге жолотпогула деп  опуза кылып жүргөн прокурор бүгүн анын өзүнүн колунан сыйлык алып төрүндө отурат. Дагы бир заман оодарылып кетсе ошол эле тергөөчү, ошол эле прокурор Атамбаевдин өзүнө, анын жанындагы жан жөөкөрлөрүнө кылмыш ишин козгоп, камакка алаары да шексиз эле иш. Мындай көрүнүш коомдо эки жүздүүлүккө,  мамлекеттик  кызматтын  бейпринциптигине, ыймансыз мамлекеттик бийликтин калыптанышына шарт түзөт, дат сыяктуу мамлекеттүүлүктүн өзөгүн жеп, ичинен чиритип, элдин укуктук аң-сезимин бузат.

Бул абалдан чыгуу үчүн, биринчиден, мамлекеттик кызмат абалын саясий кызыкчылыкта пайдалануу же пайдаланууга карата аракет кылуу жарандык жана саясий укуктар менен эркиндиктерге каршы жасалган өтө оор кылмыш катары каралуусун,   мындай кызмат адамы (президент, премьер-министр  же дагы башка жогорку кызматтагы адам) токтоосуз кызматтан четтетилишин  укуктук ченемдер аркылуу камсыз кылуу зарыл; экинчиден, мамлекеттик же муниципалдык  кызматтагы адамдар өз карамагында иштеп жаткан кызматкерлерди  кандайдыр бир саясий партиянын максаттарын колдоого, саясий акцияларга жана шайлоо учурунда үгүт иштерине катышууга мажбурлоого  аракет кылса сөзсүз түрдө  кылмыш  жоопкерчилигине  тартылуусу керек, ушундай мыйзам ченемдери  калыптанууга тийиш; үчүнчүдөн,  соттун судяларынын, прокуратура, коопсуздук кызматы жана милиция кызматкерлеринин  кандайдыр бир  саясий максат менен же жогорку кызмат ордунда турган адамдын буйругу менен жеке адамдарга, саясий партияларга жана коомдук уюмдарга кысым көрсөтүүсү оор кылмыш катары каралып, мындай кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине  тартылып, өмүр бою юридикалык тармакта иштөө укугунан ажыратылуусу зарыл. Бул кадамдар кандайдыр бир деңгээлде “жиндичиликти” токтотууга өбөлгө болот, бийлик башындагылардын колун кыскартат.

Төртүнчү сабак сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарынын ишине байланыштуу.  Биз  массалык маалымат каражаттарынын бийлик бутактарынан көз карандылыгын жоюуну, айрыкча  Коомдук канал болуп эсептелген КТРК менен ЭлТРдин ишин түп тамырынан бери кайра уюштуруп чыгууну ойлонгонубуз абзел.  Мамлекеттик бюджеттен каржыланып жаткан, мыйзам боюнча Коомдук деп саналган теле-радио канал бир жактуу болуп, бийлик башындагылардын буюртмасы менен оппозициялык маанайдагы адамдарды каралап, аларга карата ачыктан ачык эле жалаа жаап, анан жооп берүүгө, тагылган айыптар боюнча түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк бербей отурушу  натуура иш, мыйзамга туура келбей турган көрүнүш. Мамлекеттик массалык маалымат каражаттары бийликтин колундагы курал болбоого тийиш.

Биз ала турган бешинчи сабак — мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды  бириктирүү,  бийликтин бирден-бир туткасы болгон элдин  саясатка болгон таасирин жогорулатуу, мамлекеттик бийликтин дагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин дагы ээсин табуу, ошол бийликтин  ээси болгон элдин алдында  бийлик бутактарынын жоопкерчилигин камсыз кылуу, элдик көзөмөлдүн механизмдерин калыптандыруу.

Мына ушул максаттарды турмушка ашыруу үчүн Элдик Курултайлар институтун Конституцияга киргизүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Элдик Курултайлардын негизги максаты — эл  бийлигин иш жүзүндө жүзөгө ашыруу менен бирге  мамлекеттик бийликтин жогорку өкүлдөрү болушкан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн эл алдында жоопкерчилигин камсыз кылуу. Демилгечилердин ою боюнча, жыл сайын Курултай алдында жоопчот берип туруусу бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт.

Учурунда биз Акаев менен  Бакиевдин заманындагы  куйрук улаш өткөрүлгөн референдумдардан тыянак чыгарып, алардан сабак ала албай калгандан улам кайра эле барып ошол “референдум” дегенге чалындык. Референдум биз үчүн оюнчук сыяктуу болуп калды. Бийлик каалаган маселесин добушка коет,  “дүжүрлөр” дуулдап колдоп чыгышат, анан “элдин жалпы колдоосу” менен бекийт. Бул жаман жөрөлгө, акыры барып мамлекетти жок кылуучу көрүнүш. Ушулардан  тезинен арылуу  кыргыз эли үчүн учурлаш көйгөй.

Улуттук эгемендүү мамлекет – бул  өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө болгон мүмкүнчүлүк, улут катары сакталып калуубуздун зарыл шарты. Кудайга шүгүр дейли, эки жүзгө жакын эгемендүү мамлекеттердин катарында Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп, башка мамлекеттердин катарында Кыргыз мамлекетинин туусун оболотуп көтөрүп жүрөбүз.    Бул чоң дөөлөт, кыргыз элине түшкөн Кут. Учурда кеп мына ушул Кутту учурбай сактап калуу жөнүндө болуп жатат, бул жагдайды окурман туура эле түшүнүп турат деп ойлойм.

Мына ушундай негизги сабактарды корутундулап көрсөтүү менен макаланы жыйынтыктайлы. Негизги тыянакты  окурман өзү чыгарып алат деген ишеним бар.

Аягы