23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 19:42


Референдум сабактары  же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

 

(Башы гезиттин  өткөн  санында)

Ошентип Кыргыз мамлекетине улуттук жүз берүү, кыргыз элинин байыртадан келе жаткан тарыхый тажрыйбасына таянуу менен мамлекеттик жана коомдук түзүлүштү аныктоо, улуттук наркка ылайыктуу конституциялык түзүмдү жана  мамлекеттик башкаруунун шайкеш системасын  калыптандыруу,  күчтүү  жана улуттун кызыкчылыктарын көздөгөн социалдык, экономикалык жана тышкы саясатты ишке ашыруу зарылчылыгына  келип такалдык.

Мына ушул максатта Элдик Курултайлар институтун Конституцияга киргизүү демилгеси көтөрүлүп,  ондогон коомдук уюмдар жана мекенчил жарандар көп жылдан бери  тынымсыз аракет кылып келе жатышканын жогоруда белгилеп өттүк эле.

Элдик Курултай коомдогу саясий тирешти курчутпайт, тескерисинче, мамлекетте калыптанып калган өкүлчүлүктүү бийлик түзүмдөрүнө таянуу менен элдик бийликтин бекем түркүгүн орнотот деген ишеним бар.

Элдик Курултайлардын негизги максаты — эл  бийлигин иш жүзүндө жүзөгө ашыруу менен бирге  мамлекеттик бийликтин жогорку өкүлдөрү болушкан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн эл алдында жоопкерчилигин камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайынын курамын түзүү эрежеси,   Курултайдын ыйгарым укуктары жана  иштөө тартиби, Курултайдын делегаттарынын  укуктары жана милдеттери өзүнчө Мыйзам менен аныкталышы керек. Андыктан Элдик Курултайдын орду Конституцияда так аныкталышы менен бирге, Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай” жөнүндө конституциялык мыйзамы иштелип чыгып кабыл алынууга тийиш.

2017-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарындагы “Ак Кеме” мейманканасынын жыйындар залында Улуттук-мекенчил күчтөрдүн жыйыны болуп өттү, өлкөнүн бардык аймактарынан келишкен 300дөн ашуун киши катышты. Бул жыйында “Улуттук кайра жаралуунун ачкычы – Элдик Курултайда”  деген ураан чакырылып,  бул идеяны турмушка ашырууну уюштуруу максатында Туруктуу Элдик Кеңеш түзүлдү. Бул Кеңештин төрагасы болуп Азимбек Бекназаров, орун басары болуп Кадыр Кошалиев, катчысы болуп Айбек Мырза шайланды. Туруктуу Элдик Кеңеш өз алдына Элдик Курултай институтун Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизүүнү Жогорку Кеңештен талап кылууну, быйыл тиешелүү чечимдин бир же эки окууда кабыл алынуусуна жетишүүнү максат кылып койду.

Мындан бир нече жума мурда, 2017-жылдын 23-майында Бишкек шаарында Улуттук-мекенчил күчтөрдүн курултайы болуп өтүп,  алдыга коюлган максаттарды турмушка ашыруу иштерин Туруктуу Элдик Кенешке тапшырды, Курултайды мыйзамдаштыруу Жогорку Кеңештен талап кылынды.

Бул аракеттен канчалык деңгээлде майнап чыга турганы мезгил көрсөтөөр, биз болсо коомчулук тараптан берилип жаткан сунуштун ички мазмунуна токтололу.

Баш мыйзамдын 2-беренесинин экинчи пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү сунушталууда:

“…Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо, референдумдарда жана Элдик курултайларда, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырат.

Элдик Курултай – нукура элдик бийликтин эң жогорку багыттоочу жана көзөмөлдөөчү органы катары мезгил-мезгили менен чакырылып, коомдук башталыш тартибинде иштейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президенти жана башка Конституцияда аныкталган мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары өздөрүнө жүктөлгөн мамлекеттик иштер боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү Элдик Курултайда жоопчет берүүгө милдеттүү. Эгерде Элдик Курултайдын жалпы делегаттарынын үчтөн экисинен көбү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин  “канааттандырарлык эмес” деп тапса, анда Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүнөн мурда таркатылууга жатат.  Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин, мамлекеттик башка да бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аткарган иштерин Элдик Курултай  “канааттандырарлык эмес”  деп тапса, анда 3 күндүк мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктарын аткаруудан мөөнөтүнөн мурда четтетилди  деп таанылат.

Элдик Курултай институтунун түзүмү, курамы, аны чакыруунун, делегаттарды шайлоонун жол-жоболору, ыйгарым укуктары, иштөө тартиби, каржы булактары, Элдик Курултайда каралуучу маселелердин тизмеги Элдик Курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзам менен аныкталат.”

Ошондой эле Конституциянын 52-беренесинин экинчи пунктундагы “Элдик Курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет” деген сүйлөмдөгү  “…сунуш катары…” деген жерин “…милдеттүү түрдө аткаруу үчүн...” деп алмаштыруу сунушталды.

Менин жеке пикирим боюнча, Улуттук-мекенчил күчтөрдүн курултайы тарабынан сунуш кылынган Конституциянын 2-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр менен гана чектелип калбай, келечекте Баш мыйзага “ЭЛ  ЖАНА ЭЛДИК ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ” деген атайын бөлүмдү кошуу зарыл. Бул бөлүмдө Элдик Курултай институтунун ыйгарым укуктарын тактоо менен бирге төмөнкү маанидеги беренелерди жазуу керек:

            — Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайына делегаттык мандат элдин атынан талап коюу, пикир айтуу жана баа берүү укуктарын ыйгаруу менен ар бир делегатка өтө жогорку даражадагы жоопкерчиликти жана кара кылды как жарган калыс  болуу милдетин жүктөйт.

           — Элдик Курултайдын делегатына шайланган адам жогорку даражадагы эл ишенимин актай тургандыгы, жалпы элдик кызыкчылыкка жана ырыскыга кыянаттык кылбай тургандыгы, эгерде кандайдыр бир шартка ылайык калыстыктан тая турган болсо эл алдында тарта турган өз жоопкерчилиги тууралуу ант берет.   

         — Элдик Курултайдын делегаты  коомдук иштерине байланыштуу куугунтукка алынышы мүмкүн.

Ошондой эле бул бөлүмдө Баш мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башкы субъектиси болгон “жергиликтүү жамааттар” жана “жергиликтүү коомдоштуктар” деген түшүнүктөр да ачылып берилүүгө тийиш.

Конституцияда “…жергиликтүү өз алдынча башкаруу … жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат” деп жазылып турганы менен ошол “жергиликтүү жамаат” дегендин мааниси, мазмуну ачылган эмес. Бул маселе боюнча оюмду жогору жакта (гезиттин мурдагы сандарында)  кеңири баяндагам.

Менин оюмча, биздин Конституцияда ушул бөлүмдү өзүнчө бөлүп көргөзүү менен биз  мамлекеттик жана коомдук түзүмдө бийликтин бирден-бир булагы болгон Элдин, жана ошондой эле жергиликтүү бийликтин ээси болгон Жамааттар менен Коомдоштуктардын ордун тактоого, алардын өз бийлигин жүзөгө ашыруудагы айкын механизмдерин ачып көрсөтүүгө жетише алабыз.

Бул сунуштардын эң башкы максаты — мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды  бириктирүү,  бийликтин бирден-бир туткасы болгон элдин  саясатка болгон таасирин жогорулатуу, мамлекеттик бийликтин дагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин дагы ээсин табуу, ошол бийликтин  ээси болгон элдин алдында  бийлик бутактарынын жоопкерчилигин камсыз кылуу, элдик көзөмөлдүн механизмдерин калыптандыруу.

Ачыгын айтуу керек, бул жөнөкөй иш эмес. Бул чыныгы революциялык процесс, коомдук жана мамлекеттик түзүмдөрдү астын-үстү кыла турган, саясий процесстерге түз таасир эте турган иш. Ошондуктан жөн жай эле ишке ашып, Курултайды Баш мыйзамга киргизе салуу менен бардык көйгөйлөр чечиле калбайт. Уюштуруу иштерин мамлекеттик деңгээлге чыгаруунун өзү канча түйшүк жаратат.  Жалпы жонунан Курултайлар коомдук башталышта иштейт деген ой айтылганы менен иш жүзүндө өтө ири өлчөмдөгү акча каражаты талап кылынат. Маселенин бул жагын да жадыбызда кармаганыбыз оң. Ошону менен катар бул ой мамлекет башында турган адамдын темирдей бекем саясий эрки болгондо гана ишке ашуучу маселе экендигин да унутпоо зарыл. Коомдук демилге иретинде, жарандык активдин жигери менен  Курултай түзүмүн толук ишке киргизүү мүмкүн эмес.

Азырынча “Курултайчылардын” кыймылында оптимисттик маанай басымдуу. Мына ушундан улам “Элдик Курултай” кыймылынын төрагасы Байас Турал: “…Элдик Курултай институтун орнотуу менен бул туташ кризистен чыгып кетебиз жана эң сонун улуттук мамлекетти курабыз. Чыныгы эл бийлиги мына ошондо орнойт” – деп айтса,  Курултайчылардын дагы  бир лидери Чолпонбек Абыкеев болсо: “…Жыл сайын бийликтен отчет алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн күндөн баштап элдин өз мамлекетине, анын бийлигине болгон кызыкчылыгы жогорулайт. Азыр мамлекеттик бийлик өзүнчө, эл өзүнчө болуп бөлүнүп калды. Элдик Курултай бул үзүлгөн абалды кайра бириктирип байлайт. Эл бийликтин чыныгы ээси экенине ишенет. Мамлекеттик бийликке иш билги мыкты жетекчилерди шайлай баштайт. Анткени алардын ишинин үзүрүн өздөрү көрөөрүн билет”, – дейт.

Курултайчылар оптимисттик маанайда болгону менен Элдик Курултай идеясына пессимисттик көз караштагы мекендештерибиз да арбын эле, айрыкча саясатка аралашып жүргөн инсандардын арасында. Алардын ойлору да жүйөлүү. Анткени Курултайлар саясий интригалардын ордосуна айланып, бул институтту пайдаланып жер-жерлерде, ошондой эле борбордук деңгээлде саясий олку-солкулукту жаратып, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарына кысым көрсөтүү куралы катары колдонгусу келген күчтөр да пайда болуусу толук ыктымал. Жалпы элдин ар бир маселенин майда-чүйдөсүнө чейин талдап, анын чоо-жайын толук түшүнүшү татаал нерсе. Элдин катмары көбүнчө эмоцияга жетеленет, жалпы саясат туура бара жатканы менен бир кичине окуядан жаралган эмоциялык толкун Курултайдын делегаттарынын пикирин тескери жакка буруп кетүүсү толук ыктымал. Мына ушундай жагдайдан улам: “Курултай бийликтин туруктуу иштөөсүнө кедерги болобу,  Жогорку Кеңеш менен Өкмөт терең реформаларга баруунун ордуна популисттик иштерге көп алагды болуп отуруп алышпайбы?” — деген да суроолор жаралат. Анткени терең реформалардын алгачкы этабында кабыл алынган чечимдердин жакшы жагына караганда көпчүлүккө тийгизген кедергиси көп болот, бир топ киши жабыр тартат, бул чындыкты да айланып өтүп кетүүгө болбойт.

Эки тараптан тең айтылган ойлор туура, жүйөлүү.  Элдик Курултайдын аракетке толук кандуу кириши жогоруда оптимисттик маанайда айтылган оң натыйжаларды  берип,  коомду жаңы абалга алып келет  деген ишеним бар. Бирок Курултай идеясы менен кошо жергиликтүү тургундарды жамааттарга, айыл жана шаарлардын тургундарын жергиликтүү коомдоштуктарга, Кыргызстанда жашаган калкты бир Элге, аймак-аймакка, уруу-урууга бөлүнгөн кыргыздарды бирдиктүү Улутка айлантуу иштери да жүргүзүлбөсө, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтердин ээси жаралбаса, анда экинчи тарап айтып жаткан натуура көрүнүштөр да болоору анык. Коом ичинде туруктуу таянычы жок болгон Курултайлар акыры барып  бийликтин колундагы аспапка айланып калуусу толук ыктымал. Бара-бара  Курултайлардын делегаттары болуп азыркы эле Жогорку Кеңешке, жергиликтүү кеңештерге шайланып атышкан “капчыктуулар” келишип, мына ошолор элдин атынан сүйлөп,  элдик бийликтин ээси болуп алышары айтпаса деле түшүнүктүү иш.

Мына ошондуктан Элдик Курултай деген эмне, анын уюштуруу тартиби кандай болот, ал кандай эрежеге баш ийип иштейт, бул жаңы бийлик институтун жолго коюуга канча каражат кетет, аны  кайдан алабыз деген сыяктуу көйгөйлөрдүн башын шашпай отуруп талкуулап толук ачып алуу керек.  Болбосо иштин аягы чатак болуп, мамлекетке улуттук жүз беребиз деген максаттын кадыры сынып, бедели түшүп калат. Курултай идеясы өлөт. Эң башкысы, “Элдик Курултай” дегенде ар ким ар башка нерсени түшүнүп, ар башка планды ишке ашырууга киришпестен, учурдагы саясий элитанын жана жарандык коомдук өкүлдөрүнүн,  күзүндө Президент болом деп шымаланып жаткан көрүнүктүү саясатчылардын жана жер-жерлерде элдин атынан сүйлөп жүргөн жигердүү жарандардын катышуусу менен кеңири талкуулардын уюштурулуп, пикирлердин ортолошкон топтомун иштеп чыгуу зарыл.  Бир пикирге келүү абзел.  Элдик Курултай деп жыйырма жылга чукул аракет кылып жүргөнүбүз менен бүгүнкү күнү толук иштелип чыккан Концепция жок. Муну да биз ачык айтуубуз керек.

Эң башкысы, бул улуу идеянын  дөөлөтүн түшүрүп, баркын кетирип, биротоло жараксыз кылып  салбаш үчүн Президенттин алдында атайын Улуттук Кеңеш түзүлгөнү,  укук-ченемдик документтердин долбоорлорун даярдоо үчүн адистешкен жумушчу тобу иштегени максатка ылайык.  Президент Атамбаевден коомчулуктун атынан мына ушуну өтүнүү керек чукул арада. Ошондой эле күзүндө шайлоого катышып, Президент болом деген талапкерлерге да кайрылып, Курултай маселеси боюнча пикирин так айтууну талап  кылуу зарыл. Мамлекет башында турган кишинин идеяга карата ишеними, жүзөгө ашырууга саясий эрки болбосо Элдик Курултай уюшулбайт. Бул дагы  учур чындыгы.

(уландысы кийинки санда)

Эмилбек Каптагаев