17 январь 2018
Бишкек убактысы: 21:15


Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

(Башы гезиттин  өткөн  санында)

Эгемендүүлүккө жеткенибизге 26 жылдын жүзү болуп, бул мезгил аралыгында бир нече жолу Конституциялык реформа жасап, референдумдарды өткөрүп, мамлекеттик түзүмдү аныктап, аны кайра-кайра тактап, бышыктаган болуп келсек дагы:“Кыргызстан кандай мамлекет болушу керек, анын ички коомдук жана мамлекеттик түзүлүшү, адамга, коомго, бийликке, жер жана башка табигый байлыктарга карата мамилеси кандай болушу керек?” —  деген сыяктуу өзөктүүсуроолор жана маселелер коомдо азыр делекеңири талкууланып келе жатат. 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынан кийин өлкөбүз парламенттик демократия багытын алып,  жети жылдан бери бир топ тажрыйбага ээ болдук. 2016-жылдагы Атамбаевдин референдуму  бул багытты дагы бир жолу ырастады. Бирок, ошого карабастан,  кай бир саясатчылар азыр деле кайрадан президенттик башкарууга өтүүнү, өлкөнү бир киши башкарып, бир киши жоопкерчиликти алуусу керектигин айтып келе  жатышат. Өткөн 26 жыл ичинде эки президенттин жеке башкаруусу алардын жеке жоопкерчилигин камсыз кылбаганы, учурдагы президенттин да жеке башкарууга болгон далалаты мамлекетти далай оор кесепеттерге тушуктуруп жатканы деле көп адамдарга сабак болгон жок. Бир кишиге бардык бийликти кармата койгондон кийин ал кишиден жоопчот суроочу, аны ажыдаар болуп кетүүдөн сактап туруучу күч коомдо жок экендигин түшүнүшө элек алар.

Мындай жагдай биз алигиче коомдук жана мамлекеттик түзүлүштө туруктуулукка жете электигибизди, алдыда дагы далай конституциялык реформалар болушу ыктымал экендигин көрсөтөт. Ошону менен бирге, эгерде азыртадан  “ийри отуруп түз кеңешип”,  мамлекетке жана анын саясий түзүмүнө сергек мамиле кыла албасак,  мамлекеттик түзүмдү  мыйзам чегинде оңдоп-түзөп кетүү жолун таба албасак, өлкөнү кезектеги “жиндичиликтен” коргоочу чараларды кабыл ала албасак, анда алдыда  далай башаламандыктар  боло турганын да кабарлайт.

Чынын айтканда Баш мыйзамга ичи чыкпай жүргөндөр арбын. Анткени азыркы аракеттеги Конституциянын ичиндеги “Кыргыз Республикасы” деген жерлерин өчүрүп туруп “бул кайсы өлкөнүн Баш мыйзамы?” деп сурасаң так кесе жооп берүү кыйын, айта албайсың тиги же бул мамлекеттики деп. Баш мыйзамда Кыргыз мамлекетине таандык, анын мамлекеттик жана коомдук түзүмүн сыпаттап туруучу эч кандай өзгөчөлүк жок, бул кыргыздардын мамлекети деп аныктап турган айкын  белгилер да жок.

Мына ушундан улам: “Кыргыз мамлекетине, коомдук жана мамлекеттик түзүлүшкө  кыргыз элинин улуттук жүзүн берүүгө мезгил жетти, эми нукура элдик наркка негиздеп коомдук түзүлүштү аныктайлы, кайра куруп чыгалы, мамлекеттин саясий түзүмүн улуттук идеянын негизинде аныктайлы” — деген сунуштар Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиз тарабынан да тынымсыз айтылып, бийлик бутактарына талап коюлуп, коомчулукка кайрылуулар жолдонуп келе жатат.

Улуттук эгемендүү мамлекет – бул  өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө болгон мүмкүнчүлүк, улут катары сакталып калуубуздун зарыл шарты. Жараткан мындай мүмкүнчүлүктү бардык  этносторго  текши  берген эмес. Дүйнөдө 4 миңден ашуун өз тили бар калк бар болсо, эгемендүү мамлекеттердин саны эки жүзгө гана чукул. Демек, төрт миңге жакын кыргыздай эле өз тили, өз маданияты, өз тарыхы бар элдер өздөрүнүн улуттук мамлекеттүүлүгүнө жеткен жок, бул заманда жетиши да күмөн.  Биз, кыргыздар, ийгилик жылоологон ырыстуу эл экенбиз, тарыхтын каттамдарында, мезгилдин бүктөмдөрүндө калып калган жокпуз, жоголуп кеткен жокпуз, өзүбүздү өзүбүз сактап келдик, 20-кылымдын аягына барып биз эгемендүүлүккө  ээ болдук. Эгемендүүлүк —  бул  тагдырдын тартуусу. Эмки максат — өлкөнү кубаттандыруу, аныөнүккөн мамлекетке айландыруу. Ал үчүн биз кыргыз элинин байыртадан келе жаткан тарыхый тажрыйбасына, элдик наркка таянуу менен мамлекеттик курулуштун пайдубалын кайрадан түзүп чыгуубуз зарыл. Бул тарыхый зарылдык.  Ошондуктан улуттук өзгөчөлүккө ылайыктуу конституциялык түзүлүштү жана  мамлекеттик башкаруунун шайкеш системасын  калыптандырып,  күчтүү  жана улуттун кызыкчылыктарын көздөгөн социалдык, экономикалык жана тышкы саясатты ишке ашырышыбыз керек деген талаптар колдоого алынуусу абзел.

Кыргыз мамлекетине улуттук жүз берүү — бул түпкүлүктүү максат. АнткениКыргызстан улуттук мамлекет, бул талашсыз чындык,  биз муну кайра-кайра баса белгилешибиз керек. Кыргыз Республикасынын түзүүчүсү, анын ээси Кыргыз Эли. Эгемендүү Кыргызстан —  кыргыз элинин миңдеген жылдар боюаздектеп келген Улуу Тилеги. Бул Улуу Тилек  “Манас” эпосунда  муундан муунга өтүп,керез катары таасын айтылып келген.

Ошондуктанбиздин улуттук идеологиябыздын өзөгүн – Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүк идеясы түзөт деп так айта алабыз.  Бул да талашсыз чындык.

Ал эми улуттук мамлекеттүүлүк идеясынын өзөгү да, анын баш максаты да – бул кыргыз элин улут катары сактап калуу жана анын омоктуу өнүгүүсүнө шарт түзүү, улуттук рухту жана ар-намысты бийик көтөрүү.

Кыргыз Республикасында кыргыз элинин улуттук өнүгүү кызыкчылыгына жооп бербеген, улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш-аракеттерге жол берилбөөгө тийиш.Кандай маселе болсо дагы, кандай иш болсо дагы биз бир эле чен менен карообуз зарыл – бул чен улуттук кызыкчылык, улуттук дөөлөттөр. Туура келеби, коопту эмеспи, анда жасоо керек,  каршы келеби же шек жаратабы, анда токтоо зарыл.

Ушул Жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясында так аныкталып,   ачык айкын жазылууга тийиш. Ошону менен бирге  мамлекеттин ички жана тышкы саясаты дагы ушул улуттук мамлекеттүүлүк идеясына толук баш ийдирилиши зарыл.

Эгерде биздин азыркы “идеология жаратабыз”, беш-он жылга эмес, тиги “2040-жылга чейин өнүгүү жолун аныктап, стратегия түзүп салабыз” — деп желпинип жаткан “даанышмандарыбыз” ушул чындыкка жетпесе,  аны  иште негиз кылып албаса, анда дагы эле куру саясаттын тегерегинде чурулдашып жүрө бере тургандыгыбыз  анык.

Бул жерде белгилеп кетүүчү бир жагдай бар. Коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү, адилеттик менен акыйкаттыктын жоктугун Конституцияга шылтоо натуура. Анткени  Баш мыйзамга кандайдыр бир жагдай жазылбай калып, ал жерде так көрсөтүлбөй калып, анан чектөө жок болгонунан улам тескери иштер жасалып, бийлик “жиндичиликке” баш уруп кетип жаткан жок. Тескерисинче, жазылып, такталып турган укук-ченемдерин аткарбай,  конституциялык ченемдерди каалагандай бурмалап, а түгүл ачыктан ачык эле кол шилтеп коюп өз каалагандарын жасап жатканында кептин баары.  Акаев дагы, Бакиев дагы Конституцияда көрсөтүлгөн  сызыктан  сырткары чыгып алып башкарабыз дегенинен улам саясий кризиске кептелгенибизди эстен чыгарбасак. Азыркы президент Атамбаев деле тиги экөөнөн алыс кете алган жок, былтыркы “референдум зордугунан” кийин ал экөөнө барып кошулду, үчүнчү болуп. Бийликке жеткенче бирди айтып, анан  жеткенден кийин эле: “… элдин баары мыйзам чегинде жашашы керек, ал эми мага дагы, менин жакындарыма дагы мыйзам жок, биз каалагандай жашай беребиз…” – деген эреже киргизиштин өзү натуура иш.  Ошондуктан кеп Конституцияда эмес, кеп ошол жерде жазылган эрежени так сактап, мыйзамдар менен аныкталган чектен чыкпай жашоодо деген ойду айтып атам.

Биз үлгү кылып жаткан Европанын өлкөлөрүндө “мыйзам жол бербейт” десе ким болсун токтойт, президенти деле, депутаты деле же жөнөкөй катардагы жараны деле ал ишти аткарууга аракет кылбай калат. Ал эми бизде теңирден тескери, “мыйзам жол бербейт” десең дароо эле “анда мыйзамды өзгөртпөйлүбү” дешет, акыры Жогорку Кеңештин коймаарек тарткан тил алчаак депутаттарынын добушу менен мыйзамды бырчалап салышат да  өздөрү билген, өздөрү каалаган ишин жасашат, сатам дегенин сатат, бузам дегенин бузат, курам дегенин курат. Биздин кендирди кесип жаткан мына ушул — “мыйзам буйлаланган төө” деген натуура принцип, жөнөкөй мыйзамдар турмак Конституцияга  итаат кылуу, сыйлоо  жок. Коомдо укуктук маданият мененукуктук аң-сезим калыптана элек, укуктук тартип жок.  Коом туура өнүгүшү үчүн эреже баарына бирдей болуусу зарыл, сен президентсиңби же анын аткошчусу болосуңбу, депутатсыңбы же жөнөкөй эле карапайым адамсыңбы, айырма жок, сызыктан чыкпа, мыйзамга баш ий.

Жогоруда сөз болгон, Кыргыз мамлекетине улуттук жүз берүү маселесинде жыйырма жылга чукул мезгил Курултай темасы талкууланып келе жатат. Калыптанып  калган пикирге ылайык Курултай институтунун Баш мыйзамга киргизилиши, Курултайдын ыйгарым укуктарынын аныкталышы, делегаттардын шайлануу жана иштөө регламенттерин мыйзам менен бекитүү бийлик бутактарына элдик көзөмөл орнотууга, алардын эл алдында жоопчоттуулугун камсыз кылууга алып келет.  Өткөн мезгил ичинде “Курултай керек”  деп жалпы жонунан макул болгонубуз менен, ошол Курултайлардын ички мазмууну боюнча ача пикирлер көп болуп келди. Дастан Сарыгулов жазды бир вариант, “Элдик Кеңеш” деген коомдук уюм жазды өз вариантын.   2005-2007-жылдардагы Конституциялык реформаларга “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясынын атынан мен дагы Курултайдын орду так көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоорун бердим. Бул айтылгандардан башка да бир топ вариант бар. Бул сунуштарда Элдик Курултай дегени гана окшош болгону менен ички мааниси, мазмууну таптакыр башка.

Бул жерде тарыхый тактык үчүн айтып коюучу сөз —  ошол 2007-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын 52-беренесине Курултайларды өткөрүүгө коомчулуктун укуктары бар экендигин, ал Курултайлардын чечимдери сунуш иретинде бийлик тарабынан карала тургандыгын Азимбек Бекназаров киргизген, ал ошол кезде Президент тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси болчу. Кийин, 2008-2010-жылдары оппозициялык кыймылдар Конституциянын ошол жобосуна таянуу менен бир топ Элдик Курултайларды өткөрдү. Апрель элдик революциясынан кийин 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда ошол жобо сакталган.

Калыстык үчүн айтуучу сөз – мына ушунча жылдан бери ушул Курултай идеясынан танбай, тажабай, өжөрлүк менен аракет кылып келе жаткан инсандар бар.  Алардын башында Баяс Турал (акын, тарыхчы), Кадыр Кошалиев (журналист, коомдук ишмер), Чолпонбек Абыкеев (жазуучу, коомдук ишмер), Кеңеш Айтикеев (коомдук ишмер), Кусейин Исаев (философ-мударис, профессор), Бекбосун Бөрүбашев (окумуштуу-педагог, профессор), саясаттагы жаш муундун өкүлү Айбек Бусурманов сыяктуу көрүнүктүү  коомдук ишмерлер турушат. Акын, музыкант, кийинки замандын залкарларынын бири  маркум Нурак Абдракманов да Курултай жөнүндө атайын терме ырдап, далай жыйындардын көркүн ачып, ушул идеяга элди үгүттөп жүрдү эле.  Элдик Курултай темасын көтөргөндө ал  кишинин эмгегин да айта жүрүү зарыл.

Ошентип “Курултай, Курултай, Курултай…” деген ураандын алдында далай курултайлар, жыйындар, тегерек столдор өттү, далай кайрылуулар жазылды. Бирок мамлекеттик деңгээлде саясий колдоо болгон жок. Тескерисинче, кереги жок, мамлекеттик түзүмгө жат, ага коошпой турган нерсе катары  четке кагылып келди. Азыр кырдаал өзгөрдү. Эки революциядан кийинки өлкөнүн абалы, мамлекет башына келген адамдын тез эле кубулуп, ажыдаарга айланып кетип жатышы, бийлик башындагыларды сызыктан чыгарбай кармап туруучу коомдук күчтүн жоктугу далай кишини ойлонууга мажбур кылып, аларды Курултай темасына алып келип такап салды. Ошентип акыркы мезгилде Курултай идеясын колдогон саясатчылар көбөйдү,курултайчылардын  катарын Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Аликбек Жекшенкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов, Мукар Чолпонбаев, Садыр Жапаров сыяктуу белдүү саясатчылар толукташты.

А түгүл президент Алмазбек Атамбаев дагы жакында эле өнүгүү стратегиясы боюнча атайын жыйында сүйлөгөн сөзүндө Конституциянын 52-беренесинде көрсөтүлгөн Элдик Курултайларды жандандырып, анын чечимдерин парламент менен өкмөт үчүн милдеттүү түрдө аткарыла тургандай кылып жасоо максатка ылайык деп айтып жатпайбы. Атамбаевдин бул сөзү эчен жылдардан бери Курултай идеясын туу тутуп келе жаткан жарандарга дем бергендей болгону менен,  көпчүлүктүн ичинде кооптонууну жаратты, бийлик бул улуу ойду дагы чүлүктөп,  каалаган жагын карай буруп, кадимки эле “дүжүр” жыйынга айлантып алганы жатабы деген.  Мындай чочулоого да негиз бар. Анткени президенттин сөзүндө болочоктогу Курултайга айыл өкмөт башчыларын, аким менен мэрлерди катыштырам дегендей опурталдуу ой айтылды да. Ушундан улам: “Жер-жерлерди мойсоп жатышкан майда ажыдаарлар жыйылып келип бул жактагы чоң ажыдаарларга кошулса элдин тагдыры эмне болот?” деген жүйөөлүү суроо жаралып жатпайбы.  Чынында Курултай чакырыла турган болсо анын делегаты болуп аймактардагы аткаминерлердин келип алышы натуура болуп кала турганы айдан ачык эле иш.

Мына ушундан улам Курултай маселеси бүгүн учурлаш темага айланды. Бүгүнкү күнү Элдик Курултай институтуна карата пикир жалпы жонунан жакшы жагын карай ооп калганына карабастан анын коомдук жана мамлекеттик түзүлүштөрдөгү ордуна карата азырынча бирдиктүү пикир жок.

(уландысы кийинки санда)

Эмилбек Каптагаев