17 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 17:40


Расул Умбеталиев: “Энергетика системасында “Малчысы көп болсо, малы арам өлөт” дегендей болду»

Отун-энергетика системасы боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев жакында Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга өз баасын берип, энергетика тармагын реформалоо, тармак келечекте кандай болушу керектиги жана андан кандай сабак алуу тууралуу “ПолитКлиника” гезитинин кабарчысына ой бөлүшөт.   

—Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы авариядан кийин кандай сабак алышыбыз керек? Кимди жазалаш керек деп ойлойсуз?

— 2018-жылдын 26-январында эң маанилүү, стратегиялык объектте ири авария болуп жаткандан кийин, бул маселени  бир тараптуу карабай, жалпылап, терең кароо керек. Авария эмнеден улам чыкты?  Энерготармактагы кризисти, башкаруу системасын толугу менен карап чыгыш керек. Бүгүнкү күндө андагы башкаруу системасы туура эмес болуп жатат. Кыргыздар айткандай, энерготармакта “Малчысы көп болсо, малы арам өлүп жатат” дегендей абал.

—Башкаруу системасы кандай болушу керек?

—Азыркы учурда энергокомпаниянын үстүнөн түздөн-түз биринчиден, улуттук Энергохолдинг башкарып жатат, анын үстүнөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети башкарууда. Ошондуктан, менин сунушум — улуттук Энергохолдингди жана мамлекеттик комитетти жоюш керек. Энерготармактын  имиджин, аброюн көтөрүш үчүн кайрадан Энергетика жана өнөр жай министрлигин ордуна келтириш керек. Ошондо энерготармакта түздөн-түз, министрлик аркылуу башкаруу болуп, ортодогу ортомчу тармактар кетет.

Энерготармак көп маселе туудуруп жаткандыктан, терең жана жалпы караш керек. Ошондо башкаруу системасын өзгөртүү, кескин реформа жасап, коррупцияга бөгөт коюп, коррупциянын деңгээлин азайтуу керек.

Курулуш жагына инвестицияны түз тартып, инвестицияны, акчаны туура жакка жумшап, туура пайдаланып, жакшы жыйынтык алыш керек.

—ЖЭТти модернизациялоо деген маселе качан чыкканын айта кетсеңиз?

—Жылуулук электр борборун  модернизациялоо деген маселе 2010-жылы чыккан. Ошол кезде мен “ЖЭБди модернизациялоонун кереги жок, андан көрө жаңы, заманбап ЖЭБ куруу керек” деп айткам.  Азыркы жылуулук борборун төрткө бөлүп, ар бир районго бирден чакан жылуулук борбору коюлса, ошондо ар бири өзүнчө жооп берет болчу.

Бир мисал айта кетейин: Мына “Жал” кичирайонунда өзүнчө жылуулук борбору, ЖЭБ бар. Бишкекте авария болгондо, ал авариянын “Жалга” таптакыр тиешеси болгон жок. Өздөрүнчөжылуулук борбору турат, баары жакшынакай, ысык суусу да, жылуулугу да. Эч кимге көз каранды болбой, өздөрү ошол жерге жардам берип, көзөмөлгө алып, кышкы суук мезгилде эч кандай кыйналган жок, жабыр тарткан жок.

386 млн долларга андан көрө Нарын дайрасына, Көкөмерен суусуна чакан ГЭС куруп коелу дегем. Мени ал үчүн сындап келишти. Биринчиден,ал гидростанция болмок,  Жылуулук борбору үчүн өндүргөн электр энергиянын баасы он эсе арзан өндүрүлмөк.

Экинчиден, экологиялык жактан таза өндүрүш. Мына азыр Бишкектеги Жылуулук электр борбору шаардын ортосунда жайгащып калды. Мурда, ЖЭБ салынган кезде ал жак шаардын чети эле. ЖЭБде мазут, көмүр жагылып,  баасы кымбат болуп жатат. Экинчиден, экология жагынан зыян алып келүүдө. Жылына 1 млн 200 миң —1 млн 300 миң тонна жагылат ЖЭБде. Түтүн аркылуу зыяндуу зат чыгып кетет деп жатышат, ооба дээрлик чыгат, бирок ал абаны булгап, зыян алып келип жатпайбы.

—Эми кимди жазалап, кандай чара көрүш керек?  

—“Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” дегендей, болоору болду. Ошентсе да, башкаларга сабак болуш үчүн, биринчиден, башкы энергетик, Айбек Калиевди жазалаш керек, ал энергетика жана өнөр жай министрлигинде орун басар болду, энергохолдингдин башчысы,  ЖЭБдин башчысы менен башкы инженерин,  “Электр станциялар” ААКтын башкы директору менен бирннчи орун басарын, улуттук Энергохолдингдин биринчи орун басары менен башчысына жаза бериш керек, антпесе болбойт.

Модернизациялоо деп жатканыбызда техника-экономикалык негиздеме (ТЭН) болгон эмес. Бир да ири  курулуш ТЭНи жок курулбаш керек эле. Бул — чоң мыйзам бузуу. Ошонун негизинде модернизация аягына чыккан эмес. Жакында болуп өткөн аварияга да ошо себеп болду.

Химиялык суу тазалоо системасы курулган эмес.Шар келип жаткан суу Бишкек жылуулук түйүнүнө кошулуш керек эле, ошол кошулган эмес. 5 күн аны  менен алектенип,бүгүнкү  күнү эптеп-септеп иштеп жатат. Азыркы абалдан эптеп чыксак, кийинки жылы дагы эле кыш келет да. Анда кантебиз? Мына ушунун баарын кайра карап, жасачу ишти жасаш керек,бууказан, түтүк — баарын алмаштырыш керек.

Энергосистеманы жалпылап, тереңдетип караш керек дегеним—авария кайталанбаш үчүн жасалышы керек.

Энергосистемадагы кадр саясатын такыр талкалап салышты. Мурун иштеген, мыкты, тажрыйбалуу адистерди айдап жиберишти. Ошолорду кайра кайтарыш керек. Жаш балдар көп нерсени билбейт, башчысы, башкы инженери—баарын жаштардан коюп алышты, алар көп нерсени билбейт.

Кадр саясаты, коррупция менен күрөшүү, энергосистеманы реформадоо—ушунун баарын карап чыгыш керек. Мамлекеттик сатып алуулар ачык-айкын болуш керек, мамлекеттик сатып алууларда чоң коррупциялык жолдор бар, ошолордун баарына бөгөт коюлса, азыркыдай абал болбойт эле.

Жылына 7 млрд сом жетишсиз болуп жатат деп жатышпайбы, ошо 7-8 млрд га ички мүмкүнчүлүктү карап чыгып, иштетип, энерготармакты бир жыл ичинде кирешелүү кылууга болот. Мен буга ишенем.

Маектешкен Айгүл Бакеева