14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 09:48


Президенттин бир жылы (Фотобаян)

Бугүн, 24-ноябрда, Президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматта иштей баштаганына бир жыл толду.

2017-жылдын 24-ноябрында Бишкектеги мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясынын «Энесай» үйүндө президенттик кызматка киришүү расмий аземи болуп өткөн.

 

Сооронбай Жээнбековдун алгачкы расмий сапары 2017-жылдын 29-ноябрында Россия Федерациясына болгон.  Россиянын президенти В.В. Путин менен болгон жолугушуу.

 

Сооронбай  Жээнбеков коңшулаш Өзбекстан жана Казакстан менен мамиленин мындан ары жакшырышына салым кошту.

Жээнбековдун алгылыктуу кадамдарынын бири —2018-жылдын 8-февралында өткөн Коррупцяига каршы күрөш башталган Коопсуздук Кеңешинин айтылуу жыйыны болду.

Аймактарды өнүктүрүү жылында эл аралап…

 

Балдар—биздин келечегибиз!

Көчмөндөр оюндары 2018-жыл 3-сентябрь.

Чек ара сакчыларынын турмушу менен таанышуу. 2018-жыл, 16-август

2018-жыл. 9-май. «Өлбөс полк» жүрүшү.

Расмий сүрөттөр. Султан Досалиев тарткан. 

Даярдаган Айжан Айтышева