25 май 2018
Бишкек убактысы: 15:18


Президенттин башкы прокурор боюнча сунушун ЖК комитети жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети президент Жээнбековдун башкы прокурор Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун 10-апрелде карап, көпчүлүк добуш менен колдоду. Бул маселе эртең Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралмакчы.