23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 19:31


Президентке кат: Мигранттардын укугун ким коргойт?

Урматтуу редакция! Сиздер аркылуу КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатканымдын себеби, КМШ өлкөлөрүндө кырсыктаган же өлүмгө учураган мигранттарыбыздын укугу корголбой жаткандыгы болууда. Бул багытта менин сунушум бар.  Буга чейин Миграция кызматынан канааттандырарлык жооп ала албаганымдан мамлекет башчы катары сизге кайрылып олтурам.

Кыргыз Республикасынын (же Россия Федерациясынын жарандыгын алган) мекендештерибиз Россияда иштеп, түрдүү кырсыктарга кабылып, жыйынтыгында ишке  жараксыз абалга учурашып же өлүмгө дуушар болгондор аз эмес.

Алардын сөөгү келген окуяларды жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп же укканымда зээним кейип кетет. Россия тарап эмне жардам  көрсөтүптүр деп сураганымда, болор-болбос жардам алганын же таптакыр албаганын айтышат. Ошол жердеги  мекендештерибиз акча чогултуп, сөөгүн жөнөткөндүгү тууралуу кабарларды угам.

Кыргыз Республикасында 1992-жылы кабыл алынган «Эмгекти коргоо» деген мыйзамды жакшы билесиз. Бул мыйзам  биринчи жолу 1990-жылы СССР Жогорку  Советинин сессиясында биринчи окууда каралып, ошол бойдон калып калган.   1992-жылы  Кыргызстан эгемендик алган соң  бул мыйзамды  кабыл алып ийгиликтүү иштеп жатат. Россия федерациясы ж.б. КМШ өлкөлөрү кийинчерээк  кабыл алышкан.

Бул  мыйзамдын негизинде, эгерде кызматкер иш үстүндө жаракат алып 1, 2, 3 топтогу майып болуп калышса,  ар түрдүү төлөмдөр,  компенсациялар  каралган. Мисалы  1-топто – 10 жылдык, 2-топто — 5 жылдык, 3-топто — 3 жылдык, орточо айлык акысын бир жолу төлөнүп  берилүүчү пособие катары ж.б.  сакайганга чейинки түрдүү төлөмдөр. Ал эми каза болгондо мекеме 20 жылдык акчасын төлөйт. Аны  үчүн атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусу аркылуу далилденсе болот. Россияда да ушул сыяктуу мыйзам-ченемдер бар.

Башкасын айтпаганда да, өрттөн каза болгон мекендеш кыздардын өлүмү бул мыйзамга түздөн-түз туура келет. Жумушка кирген мекендештерди,  менин угушумча расмий буйругу жок деп же башка себептерди айтып, жолотпой коюшат экен. Буларды далилдөө кыйын деле эмес 2, 3 күбө көрсөтмө берсе, жумуш берүүчү мамлекеттикпи, коомдукпу, жеке менчикпи,  ага  карабастан,  мыйзам  алдында баары  бирдей жооп берет.

Бул маселеде биздин өкүлчүлүктөр алсыздыгын көрсөтүп жатабы деп ойлойм. Иш берүүчүгө кайра жакшы – сен укугуңду билбесең алар оңой кутулушат, төлөбөйт.

Россия эмес, өзүбүздө деле  мамлекеттик мекемелер деле, эч ким кийлигишпесе, эч нерсе  төлөгүлөрү келбейт. Эптеп  жаап-жашырууга аракет жасашат.

Мен, инженер, юрист жана Москвадагы академиянын атайын курсун бүтүргөн адис катары Ош, Жалал-Абад, Баткен областтары боюнча 1989-жылдан 2005-жылга чейин башкы техникалык  инспектор болуп иштеп, далай кырсыктарды тергеп, жабырлануучуларга ар кандай маанидеги жардамдарды алууга көмөк көрсөткөм. Бир- эки мисал келтире кетейин:

1992-жылы мыйзам чыккан жылы, Ноокен  районунда жер титирөөдөн каза болгон мектеп директоруна 275 миң рубль, Кара-Кулжа районунун тургуну Өзгөн шаарында 9-майда парад болоор алдында терек жыгылып басып өлтүргөн эжекеге 82 миң сом, Кара-Көл шаарында дарак кесүү мезгилинде, дарак басып өлгөн кызматкерге 120 миң сом ж.б.у.с. окуяларда жергиликтүү бийликтердин каршылыгына карабастан төлөттүрүп берилген.

Мыйзам чегинде далилдеп төлөтсө болот. Ал үчүн, жакшы иш билген адис болуу зарыл. Россия, Казакстан боюнча өкүлчүлүктөрдө адистер жок болсо, экотехинспекциянын жакшы адистерин бу ишке тартса эмнеге болбойт?

Биздин мекендештердин кырсыкка учурап,  андан эч кандай материалдык жардам албагандарын угуп,  зээним  кейип кетет.

Акчаларын ала албай, кыйналганынан кайра Кыргызстанга келген жарандарыбыз толтура. Булардын эсебин ким билет? Мисал келтирсем: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду айылында Сатаров Капар деген жарандын Сүйүн деген баласы Россияда  курулушта иштеп жүрүп каза тапкада сөөгүн ошол жердеги кыргыздар акча топтоп жөнөтүшкөн. Иштеген жеринен бир рубль да акча берилген эмес. Чүй областынын Чоң-Кемин өрөөнүңдө биздин жаран Россиядан баласынын сөөгү келгенин, Россия тарап эч жардам бербегенин айтат. Мындай окуялар көп.

Москвадагы өрттөн каза болгон 14 кызыбызга 1 млн. рублдан төлөнөт деген сөз да, ың-жыңы жок белгисиз боюнча калды. Россиянын  эмгекти коргоо тууралуу  мыйзамы боюнча каза болгондорго бир жолу төлөнүүчү пособие 120 айлык акыга  барабар. Ошондо каза болгон  кызматкердин орточо айлык  акысы 20 миң рублду түзгөн болсо, анда бир жолу төлөнүүчү пособие 2 млн 400 000 рублду түзмөк.  Андан сырткары анын карамагындагы кары-картаңдарга,  балдарына 18 жашка  чыкканга  чейин айлык  акысынын көлөмүнө  жараша пособие  төлөнмөк.

Бул  маселе менен ким иш алып барат? Россия тараппы же иш берүүчүлөрбү? Алар кызыкдар эмес да. КР Миграция кызматы менин катыма жооп кылып 2013-жылдын 13-августунда Кыргызстан “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюна мамлекеттик саясаттын негиздери” аттуу мыйзам кабыл алганын, 2017-жылы Россиядан 41 млн рубль айлык кайтарылып берилгенин  жооп кылып жазган. Бирок бул абдан аз сумма. Менин КР Миграция кызматынын мага берген жообуна канааттанган жокмун.

Иш берүүчүлөр түрдүү себептерди, шылтоолорду таап, төлөбөй  коюуга аракет жасашат.  Россиянын курулуштарында кырсыкка учурагандарга болоор-болбос төлөм төлөгөндөр бар. Кыргыз тарап бул маселени тез арада чечиши зарыл деп  ойлойм.

Ошол өкүлчүлүктөргө, Миграция кызматына жардам берүүгө, окутууга даярмын.  Бекер эле жардам берейин. Мен азыр пенсия жашына жетип калдым. Азыркы жумушум боюнча каржылоо токтоп тургандыгына байланыштуу убакытым, мүмкүнчүлүгүм бар. Соопчулук үчүн эле консультация, түшүндүрмө иштерине жарайм.

             Абдиаким  Исаков,

КР Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү коомдук комитетинин комиссарынын биринчи орун басары, полковник