17 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 15:48


Парламент талкуусу: Жылуулук электр борборундагы авария

 

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште Жылуулук электр борборундагы быйылкы кыштагы аварияны иликтеген убактылуу парламенттик комиссиянын отчетун талкуулоо улантылды.  Мына үч күндөн, 15-майдан бери талкуу уланууда. Ага чейин 10-майда  да Жогорку  Кеңеш жыйыны комиссиянын отчетун уккан.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетин жоюу 3-5 күнгө чейин созулганын, анын аркасы менен өлкөнүн энергетика тармагында орун алган кемчиликтер ачыкка чыкканын белгилеген.

«2017-жылы 408 млн сом каралганына карабастан, ал жерде оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Каражаттын кайда жана кантип жумшалганына укук коргоо органдары кылдат текшерүү жүргүзүшү керек. Анын натыйжасында жооптуу кызматкерлерге укуктук жактан баа берилүүгө тийиш» деген.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, өлкөнүн энерготармагындагы негизги обектилердин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте оӊдоо, гидроэнергетикалык жана жылуулук- механикалык жабдууларды оӊдоо филиалын түзүү, «Электр станциялары» ишканасында кошумча техникалык көзөмөл боюнча кызмат ордун ачуу сыяктуу бир катар сунуштар берилген.

Депутаттык комиссиянын корутундусу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына, Эсептөө палатасына жөнөтүлүп, аварияга тиешелүү кызматкерлердин  жоопкерчилиги, оӊдоо жумуштарына каралган каражаттардын кайда жана кантип жумшалганы, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышы текшерилмекчи.

Бишкек ЖЭБи боюнча 4 кылмыш иши козголгон. Анын ичинде, 2 кылмыш иши Улуттук энергохолдинг менен «Электр станциялары» компанияларынын жооптуу кызмат адамдарына карата, бир кылмыш иши Бишкек ЖЭБди модернациялоодогу «коррупция» беренеси, дагы бири 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча козголгон. Андан тышкары, оӊдоо жумуштарына тартылган айрым жеке менчик фирмаларга карата козголгон кылмыш иштери да бар.

Кытай бөлгөн 386 млн доллар кредит Кыргызстанга түшкөн эмес

Жогорку Кеңеш отурумунда Кыргызстанга кредит катары Бишкектеги жылуулук электр борборуна берген 386 млн доллар Кыргызстандын эсебине түшпөгөнүн Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков 16-майдагы жыйында айтты.

Кредит боюнча макулдашуунун 5-пунктунда кредит берүү боюнча эсеп Кытайдын өзүндө,  “Эксимбанкынан” ачылган. Келишимде ушундай көрсөтүлгөн. Ошол Кытайдын “Эксимбанкынан” подрядчыларга, консультанттарга түзмө-түз которулуп турган.

 “ Келишимде “Эксимбанк” өзү эсеп ачат деп жазылган. Кыргызстандагы банктарда биздин каржы министрлигине эсеп ачылган эмес” деди Мирлан Байгончоков.  .

2013-жылы 11-сентябрда  Жогорку Кеңеш Бишкектеги Жылуулук борборун модернизациялоого Кытайдын «Эксимбанкынан» 386 миллион доллар насыя алуу жөнүндөгү  макулдашууну бекиткен. Жумушту кытайлык ТBЕА компаниясы аткармак болгон.

ЖЭБди модернизациялоонун техникалык  көзөмөл жагы Кытайдын TBEA компаниясына берилген. Депутат Айдаровдун суроосуна ал кездеги Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 17- майдагы жыйында  сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында TBEA компаниясы ушундай талаптарды койгондугун, бул кадимки эле шарт экенин билдирди.

Депутат Айсулуу Мамашева Бишкек ЖЭБи боюнча EPC-контрактык негизде түзүлгөн келишимге ким кантип кол койгон деген суроо коюп, 386 млн долларды е ТВЕА компаниясы бөлүштүрүп, тиешелүү жабдууларды дагы ТВЕА компаниясы сатып алгандыгын сынга алды.

17-майда талкууланып жаткан бул маселе боюнча ошол кездеги КР Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов модернизация боюнча түзүлгөн келишим тууралуу оюн ортого салып, бир дагы эл аралык келишимде концелярия деген түшүнүк жазылбагандыгын, дипломатиялык мамилени эки мамлекет элчиликтери, консулдуктары аркылуу жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Мындай пикирге кошулбаган КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев канцелярия элчиликтин түздөн-түз түзүмдүк бөлүмү экенин айтты.

Депутат Айсулуу Мамашева Бишкек ЖЭБи боюнча EPC-контрактык негизде түзүлгөн келишимге ким кантип кол койгон деген суроону кабыргасынан коюп, 386 млн долларды кайра эле ТВЕА компаниясы бөлүштүрүп, тиешелүү жабдууларды дагы ТВЕА компаниясы сатып алгандыгын сынга алды.

Депутат Чыныбай Турсунбеков модернизациялоо боюнча Кытайдын СМЕС компаниясы дагы сунуштарын бергендигин бирок ал Кытай тараптан колдоо болбогондугун КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевден тактады. Бул маселе боюнча Тышкы иштер министринин ошол кездеги орун басары Аскар Бешимов Кытай тараптын СМЕСти колдогон каты ТИМде бар экенин белгиледи.

386 млн доллар  493 млн доллар өлчөмүндө кайтарылууга тийиш

Депутат Акылбек Жапаров 16-майдагы жыйында Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө Каржы министрлигинин жетекчилерине ушундай собол салып, Бишкек Жылуулук-электр борборун реконструкциялоо үчүн алынган насыя боюнча канча каражат төлөнөрүнө кызыкты.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова келишимге ылайык, Бишкек ЖЭБине алынган 386 млн доллар насыя үчүн Кыргызстан 20 жыл аралыгында 493 млн доллар көлүмүндө карыз төлөй турганын билдирди.

«Азырынча негизги карызды төлөй турган мөөнөт жете элек, ал 2023-2024-жылдарга туура келет. Азыр үстөк пайыздар менен комиссиялык жыйымдар гана төлөнүүдө. Канча каражат төлөнгөнүн каржы министри так билет болуш керек», — деди ал.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, ушу тапта насыя боюнча 19 млн 117 миӊ доллар төлөндү, анын ичинде 16 млн 707 миӊ доллар – үстөк пайыздар, 1,7 млн доллар – комиссиялык жыйымдар, 694,8 миӊ доллар –бир жолку жыйымдар.

Баалар жогорулатылып берилген

17-майдагы  жыйында депутат Садык Шер Нияз ЖЭБге алынган жабдуулардын баасы жогорулатылып берилгенин айтты.

«Бишкек ЖЭБдеги эски жабдууларды чечүүгө эле 18 млн доллар бөлүнүптүр, ага мынчалык чоӊ каражаттын каралганы өтө таӊгалычтуу нерсе. ЖЭБ көп болсо 2-3 гектар жерге жайгашкан. Ошол каражатка алтын сатып алып, каптаса деле кенен жетмек. Эски жабдууларды чечүүнүн мынчалык наркын кимдер аныктаган? Мен билгенден, ошол кезде Азамат менен Айзада аттуу котормочулар иштеген, алар азыр чоӊ кызматта отурушат. Алар Хубей провинциясынан мөөр коюлбаган бир кагазды алып келишкен экен. Ошондо эле жабдууларды алмаштыруу наркы так көрсөтүлсө, мындай көйгөйлөр келип чыкмак эмес»  деди Садык Шер-Нияз.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов 16-майдагы парламент жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги аварияга ошол кездеги инженерлер менен техникалык персоналдар жооптуу деп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ТВЕА менен түзүлгөн 386 млн АКШ доллар каражатындагы келишим эки-үч эсе жогорулатылгандыгын айтып, ага кимдер кызыкдар болгондугун тактоо зарыл дейт.

Депутат Зиядин Жамалдинов калган долбоолор да текшерилиши керек экенин билдирди.

«Бишкек ЖЭБден тышкары да, башка ири долбоорлордун курулушуна алынган насыя каражаттардын жумшалышын текшерүү зарыл. Мисалы, «Түндүк-Түштүк» автожолунун курулушунда да мандем бар. Балыкчы – Корумду жолунун 1 чакырымы 850 миӊ долларга курулуп жатса, «Түндүк-Түштүк» автожолуна 2 млн доллар жумшалууда. Алардын айырмасын карагылачы. Бир катар депутаттар «Датка – Кемин» электр чордонунун курулушу боюнча да маселе көтөрдү. Укук коргоо органдары бул долбоорлордун баарын кылдат текшерип, ким күнөөлүү экенин так аныкташы керек», — деди депутат Зиядин Жамалдинов.

Жыйынга  Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана 5 премьер тең чакыртылса болмок

Рыскелди Момбеков 16-майда парламенттик жыйынга Алмаз Шаршенович менен Сооронбай Шариповичти чакыргыла деп айтты.

“Духуңар жетеби, урматтуу комиссия, экс-президентти да, азыркы президентти, өкмөт башчыны (ал кезде биринчи вице болуп отурган) да чакыргыла!.. Ошондо чындыкка жетесиңер. Мамлекеттик комиссия түзүш керек болчу” деди ЖК депутаты Рыскелди Момбеков 16-майдагы жыйында.

Ал эми 17-майдагы талкууда депутат Садык Шер Нияз TBEA компаниясы менен иштеген 5 премьер-министрди тең жыйынга чакырса туура болмок экенин айтты.

“ТВЕА компаниясы менен 5 премьер-министр иштешкен, калыстык үчүн аларды жыйынга чакырып, ал эми кандайдыр бир себептерге байланыштуу жыйынга келе албагандардын ишенимдүү адамдарын катыштырса жакшы болмок” деген пикирин кошумчалады.

Сапар Исаковдун жоопкерчилигин караш керек

 16-майдагы парламент жыйынында  депутат Каныбек Иманалиев Сапар Исаковдун жоопкерчилигин караш керек экенин айтты.

“Кандай чечим кабыл алышыбыз керек? Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт? “ деди Иманалиев.