17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:34


Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеңил машинасы жок

Өкмөт башчы 2017-жылы биринчи вице-премьер кызматында иштеп турган. Ал 2017- жылы төмөнкүдөй жалпы киреше тапкан:

М. Абылгазиевдин жалпы кирешеси:

2017-жылы жалпысынан 2 367 986, 70 сом иштеп тапкан.

Анын жылкылары -1 850 000,00 сомго;

Бодо малы-640 000,00 сомдук;

Мүйүздүу малы-1 676 000,00 сомго бааланат.

Жалпы туугандарынын үйү- жалпы аянты 278,5 чарчы метр.

Премьер-министрдин өткөн жылдагы чыгашасы тууралуу маалымат жок.

Өкмөт башчынын өзүнүн наамына катталган үйү, жеңил машинасы жок. Жакын туугандарынын да жеңил машинасы жок.