15 август 2018
Бишкек убактысы: 01:03


Марс Сариев, саясий серепчи: «Партия ичиндеги быкы-чыкылар сыртка чыгып кетпеши үчүн жабык съезд кылганы жатышат»


Эртең Кыргызстан социал-демократтар партиясы съездин өткөргөнү турат. Жыйындын күн тартибиндеги башкы маселе партиянын лидерин шайлоо ал экс-президент Алмазбек Атамбаев болмокчу. Съезд буга чейин коомчулукка белгисиз себептерден улам бир канча ирет жылдырылып отуруп, акыры 31-мартка токтолушканы жарыяланган. Алдыдагы бул жыйын көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда, анткени анда Атамбаев партияны жаңылоо жана келечектеги саясий пландар боюнча программалык билдирүүлөрү менен чыгаары күтүлүүдө.
Партия курултайынын кайра-кайра кийинкиге жылдырылып жатышы коомчулукта талкуу жаратып, ар кандай түкшүмөлдөгөн пикирлерди көбөйттү. Бирок эксперттик коомчулук мындай кырдаалды уюмдун ички тартибиндеги олку-солкулук жаратып жаткан жагдайлардан көрүүдө. Ал эми партия курултайына президент Сооронбай Жээнбеков, КСДПчы депутаттар Асылбек Жээнбеков (президенттин иниси), Искендер Матраимов, Жанар Акаев сыяктуу саясатчылардын тизмеден чыгарылганы, делегаттардын кол телефондорун өздөрү менен кошо ала кирүүгө тыюу салып жатышканы жана ММК өкүлдөрүн катыштырбай, жабык өткөрүүнү чечишкени коомчулуктун бүйүрүн андан бетер кызытып койду. Ушулардын тегерегинде саясат таануучу Марс Сариевди кепке тарттык.

— КСДПнын курултайы бир нече ирет жылдырылып келип, акыры мына өтүп жатат. Иш-чаранын мынчалык создугушунун себебин эмнеден көрөсүз?
— Партиялык көп маселелерди, анын ичинде курултайдын мөөнөтүн Атамбаев жеке өзү чечет да. Курултайдын создугуп жатышынын түшүнүктүү себептери бар. Буга чейин Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаевдер менен маселелер болгон. Партиянын ичинде абал бир жаңсыл эмес, өз ара топторго бөлүнүп, алышып жатышат. Ошонун баарын тактап, чечкенге, топтор менен сүйлөшүп бир жаңсыл болгонго убакыт кетти. Акыркы жыйынтыктоочу маселе катары курултайдын алдынан мурдагы күнү президент Жээнбеков менен жолугуп, такташып алды.
Курултайга ММК өкүлдөрүн киргизбей, жабык өткөрүп жатышканын жарыялашты. Мынчалык кымтынуунун себеби эмнеде?
— Партиянын ичинде кырдаал жай, өз ара маселелер болбогондо тескерисинче жарыя кылып өткөрүшмөк. Курултайда аябай курч талкуулар болот го. Ич ара быкы-чыкылар тышка чыгып кетпеши үчүн жабык эшик артында, ичинен чечип алсак деп аракет кылып жатышат.
Атамбаев президентке түздөн-түз таасир эте алуучу чоң күч катары келип отургусу келип жаткандай. Ал муну менен кандай максаттарды көздөшү мүмкүн?
— Эгерде партиянын лидери катары келсе, анда спикерликти деле, премьер-министрдин ордун деле албай эле койсо болот. Азыр башка партиялар баары тең КСДПга тең келе албай, анын алдында алсыз болуп калбадыбы. Ошондуктан, өлкөдөгү күчтүү партиянын лидери катары “көмүскө кардинал” болуп, саясий процесстерди долбоорлоп, башкарып калса болот. Тарыхты карасак, буга чейин Путинди, Брежневди, Хрущевду, Сталинди, Мао Цзедунду деле саясий топтор алып келишкен да. Бийликке отургандан кийин өзүнчө саясат жүргүзүп, колдон чыгып кетип жатышпайбы. Саясаттын логикасы ошондой ким болбосун өзү башкарып, өзү саясат жүргүзгүсү келет. Азыр кемчиликтер көп болуп, коррупция менен күрөшүү милдети турат. Күрөшкөндө саясаттагы айрым топторго да кол салууга туура келет. Алардын ичинде Атамбаевдин айланасындагылар да болуп калышы мүмкүн. Коорупцияны казса бир нерсе табылат да. Бир жакта оппозиция, Батыштан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдар турат. Алардын баары “Жээнбеков айткан сөзүн кантип аткарат?” деп күтүп жатышат. Бизде элита чакан эле, сөздөрүн аткарганда аларга сөзсүз тийип кетет.
Баарыбыз көрүп турабыз, азыр өзүңүз да “КСДПнын ичинде бир канча таасир топтор бар” деп айттыңыз. Атамбаевдин кайтып келиши ошол күчтөрдү кайра бириктире алабы?
— Бириктире алат деп ойлойм. Себеби, Атамбаев күчтүү позицияны колуна алып келсе, алардын ортосунда консенсус табылат. Азыр партия ичинде эки чоң топ бар, алар Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары жана Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы колдоочулары. Президенттин тарапташтары “Жээнбеков президент болгондон кийин президенттик функцияны толук колуна алсын” деген логикалык маселени коюп жатышат. Ал эми экс-президент жана анын тарапташтары болсо саясатта мурунку бойдон калгысы келип жатышат. Себеби, логикага жараша эгер азыркы президент полномочиени таптакыр эле өзүнө тартып алса, анда башка саясат башталышы мүмкүн. Ошон үчүн Жээнбековго ишенгенине карабай Атамбаев баары бир көзөмөлдү өз колунда кармагысы келип жатат. Колдон биротоло чыгып кетпесин деп күч менен кайра келип партияны кармаса, анда саясий лидерлик ушул бойдон эле калат көмүскө лидер Атамбаев, расмий лидер Жээнбеков болуп.
Айрым эксперттер КСДПда экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун да сезилээрлик таасири жана аны ээрчиген өзүнчө топ бар дешет. Бирок сиз партия ичиндеги таасир топтор жөнүндө айтканда эмнегедир Турсунбековду көңүл сыртында калтырып жаткандайсыз. Анын таасири жокпу же бир тарапка ооп кетиши мүмкүнбү?
— Чыныбай Турсунбековдун өзүнчө күчү жок. Ал эки чоң топтун кимисинин ташы оорлоп баратса ошол жакка ооп кетиши мүмкүн. Атамбаев азыр Жээнбеков менен сөз табышып, бир күч менен барышы керек, ошону жакшы түшүнгөн ал да курултайды бирдикте өткөрүүгө аракет кылып жатат. Мындай шартта Турсунбеков партиянын тартиби, этика боюнча ошол агымга кошулуп кете берет. Ал өзү да былтыр бир аз туура эмес саясат кыла коюп, ыңгайсыз абалда турат.
Азыркы президент менен экс-президенттин ортосунда тирешүү бар деген сөздөр жүрүп келет. Сиз ошондой кырдаалды байкап жатасызбы?
— Мен ойлойм, экөөнүн ортосунда тирешүү жок. Тирешүү экөөнүн айланасындагы таасир топтордун ортосунда болуп жатат. Бирок, Жээнбеков колу-жолу бош болбой, айтканын так жана бат аткара албай жатат. Эл дагы баарын байкап турат, коңшу Өзбекстанда Мирзиеев жаңы келип алып эле программасын кандай темп менен ишке ашырып жатканын. Ал эми бизде болсо сөз менен иштин ортосунда аябай чоң интервал болуп жатат. Ошого жараша эл дагы “бул күчкө толо элек экен, толук президент боло элек экен” деп шекшип жатат. Ушул да Жээнбековду ичинен жеп жатат. Бирок, президенттикке келээрде Атамбаев экөө джентлмендик келишим кылышкан, анын командасы Жээнбековдун шайланышында аябай таасирдүү роль ойнободубу. Аны дагы аттап кете албайт. Ошондуктан, Жээнбеов учурда эки ортодо, оңой эмес жагдайда турат.
Фарид Ниязовдун Жээнбековдун жанынан кетиши, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Алмазбек Курманалиевдин президентти сындап чыгышы сыяктуу окуялар коомчулукта Атамбаев тараптан уюштурулуп жаткандай кабылданууда.
— Фарид Ниязов кесипкөй аппаратчы. Анын президенттик аппараттан кеткени КСДПны азыркы курултайга, жаңы шайлоого даярдоо менен байланыштуу го деп ойлойм. Ал Атамбаевдин кишиси катары эки жакка тарта албайт да, ошондуктан бул логика боюнча да, этика боюнча да туура чечим десек болот. Бир жагынан Атамбаев деле андан уюштургуч катары партияны топтоп, күчкө келтирип, бардык процесстерди колго алып, парламенттик шайлоого даярдоону суранса керек. Ал эми Курманалиевдин сын пикири өзгөчө бир кызык суроо туудуруп жатат. Ал жерде кандайдыр бир интрига бар болушу мүмкүн. А мүмкүн кызматтан алып койгонуна таарынып калгандыр.
Демек, жакынкы аралыктарда парламентке шайлоо болуп калышы мүмкүнбү?
— КСДПнын ичиндеги бир кылка эмес кырдаал парламенттик кризисти күчөтүүдө. Мындай шартта батыраак парламенттик шайлоо өткөрүү зарылчылыгы келип чыгат жана анын мөөнөтү барган сайын жакындай берет. Экс-президент менен анын партиясы парламенттик көпчүлүктү түзүп, реванш алып кетүүгө аябай кызыкдар болот. Анткени, Жогорку Кеңешти таркатып, жаңы парламентти түзмөйүнчө көпчүлүктү ала алышпайт. Жээнбеков менен анын кишилерин КСДПдан четтетип жатышканы ушундай пикирге токтолууга түртүк берет.

Кубатбек АЙБАШОВ