17 январь 2019
Бишкек убактысы: 10:31


Мамлекеттик сыйлык менен сыйлоо Указы чыкты

 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

 

II даражадагы «Манас» ордени менен:

 

Карыпбек Алымкулов Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын вице-президенти;

 

Орозбек Дүйшеев Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы;

 

Исмаил Исаков мамлекеттик ишмер;

 

III даражадагы «Манас» ордени менен

 

Сыртбай Мусаев И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун директору;

 

 

 

«Даңк» медалы менен:

 

Бурулуш Батаканова Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун башкы инженери;

 

Любовь Зубехина И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ардактуу профессору;

 

Турдубек Ишебаев

 

Ысык-Көл облусунун «Жети-Өгүз жаңылыгы» гезитинин редактору;

 

Абдимуктар Маматов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Эркин Тентишев С. Тентишев атындагы Азиялык медициналык институтунун уюштуруучусу;

 

Искендер Шаяхметов Бишкек шаардык Медициналык тез жардам станциясынын башкы врачы, «Ветераны и инвалиды «Союз Чернобыль» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Е.Б. Якир атындагы         № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплекси

 

Бишкек шаары;

 

берилсин:

 

«Кыргыз Республикасынын эл артисти»

деген ардактуу наам:

 

Хадам Берикбаевага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артистине;

 

Атайбек Бөдөшовге композитор, комузчу, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доцентине;

 

Сабырбек Жумашовге А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солистине;

 

Бактыбек Мамытого Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору, «Маданият-Тарых-Тил» телеканалы студиясынын редактор-алып баруучусуна;

 

«Кыргыз Республикасынын эл акыны»

деген ардактуу наам:

 

Маркабай Ааматовго акын, котормочу, публицист, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Кыргыз патенттик-техникалык китепканасынын директорунун орун басарына;

 

Каныбек Жунушовго

 

балдар акынына;

 

«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»

деген ардактуу наам:

 

Валерий Кимге сүрөтчү, живописчи, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

 

Кадыркул Орозматовго сүрөтчү, живописчи, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти»

деген ардактуу наам:

 

Талайкан Абазовага театр жана кино артисти, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

 

Саид Бекмуратовго

 

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин инспектору, биринчи скрипкалар тобунун концертмейстери — жогорку категориядагы  артистине;

 

Канымжан Жаманбаевага Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият-Тарых-Тил» телеканалынын студиясынын редакторуна;

 

Абдылда Иманкуловго

 

артист, куудулга;

 

Рысбай Исаковго манасчы, «Санат» телекөрсөтүүсүнүн редактору, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фондунун мүчɵсүнө;

 

Сакыбек Карабаевге Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын жогорку категориядагы режиссеру, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

 

Жумакун Маадемиловго М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артистине;

 

Гүлнара Өмүрзаковага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солистине;

 

«Кыргыз Республикасынын маданиятына

эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам:

 

Мамырайым Дуванаевге жазуучуга;

 

Самидин Жоробаевге Ош шаарынын С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын башкы сүрөтчүсүнө;

 

Мамат Камчыбековго Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директоруна;

 

Сапарбьек Кɵчɵрбаевге Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук «Жеңиш туусу» гезитинин башкы редакторуна;

 

Каныбек Курбантаевге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башкы оператору, «Мурас» эстрада тобунун негиздɵɵчүсү – музыкалык жетекчисине;

 

Касым Кушубековго жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана лингвистика экспертизасы бөлүмүнүн секторунун башчысына;

 

Жайнагүл Максимовага Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын баяндамачысына;

 

Кубан Мамбеталиевге публицист, «Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

 

Аалы Молдокановго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, терминология, жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысына;

 

Мурат Сагимбаевге ичке Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын накталай акча башкармалыгынын сүрөтчү-дизайнерине;

 

Майрамбек Сагынбаевге Нарын облусунун Жумгал районундагы К. Акиев атындагы «Жумгал» музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссер коюучусуна;

 

Сергей Стрельцовго А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын хореографына;

 

Сууракүл Сыябековага Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын адабиятты иштеп чыгуу жана каталогдорду уюштуруу бөлүмүнүн башкы китепканачысына;

 

Бакытбек Тилекматовго сценограф, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы сүрɵтчүсү, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

 

Эльмира Чаландиновага Бишкек шаарынын Ж. Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин директоруна;

 

Топчүгүл Шайдуллаевага жазуучу, публицист, Борбордук Азия ПЕН-клубунун, «Кыргызстан жазуучулар союзу» жана «Кыргызстан журналисттер союзу» коомдук бирикмелеринин мүчөсүнө;

 

Эрмекбаев Омурбекке Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын телеоператоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы»

деген ардактуу наам:

 

Насирдин Баетовго Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-врачына;

 

Эрнест Джишамбаевге М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, жүрөк ритминин бузулуусу бөлүмүнүн башчысына;

 

Салтанат Назаралиевага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы врачынын акушердик жана гинекология боюнча орун басарына;

 

Өмүрзак Шайназаровго Ош облусунун Алай аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысына;

 

Жыпар Шаршембиевага Бишкек шаарынын № 15 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна;

 

Максат Эгембердиевге Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын көз бөлүмүнүн башчысына;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу»

деген ардактуу наам:

 

Абдыкадыров Эмилбек «Нур Строй Монтаж» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна;

 

Төрөбеков Кермалы Бейшенбековичке Талас шаарынын «МПМК-Талас» жабык акционердик коомунун төрагасына;

 

Эсенбаев Сарбагыш Мукановичке «Тунук-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими»

деген ардактуу наам:

 

Абдыраимова Бактыгул Дуйшеналиевнага Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын алдындагы Балдар билим берүү борборунун директорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басары, «Манас» жана «Кыргыз тили» ийримдеринин жетекчисине;

 

Алтыбаева Дүйшөгүл Исаковнага Нарын облусунун Ат-Башы районундагы А. Искендеров атындагы орто мектебинин физика мугалимине;

 

Дробышева Татьяна Леонидовнага Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин математика мугалимине;

 

Көчкөнбаева Топчугүлгө Бишкек шаарынын № 68 окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалимине;

 

Сыдыкова Салтанат Чүй облусунун Аламүдүн районундагы С. Самсалиев атындагы Жогорку-Ала-Арча орто мектебинин орус тили жана адабият мугалимине;

 

Узденова Ханифа Жалал-Абад шаарынын «Нур-Билим ордосу» мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалимине;

 

Умаров Вахабжанга Ош облусунун Араван районундагы  № 9 «Бостон» орто мектебинин орус тили жана адабият мугалимине;

 

Юсуфжанова Толганой Жалал-Абад шаарынын Алым Усман атындагы № 7 орто мектебинин тарых мугалимине;

 

«Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер»

деген ардактуу наам:

 

Бокошов Жамгырбекке Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн башчысына;

 

Жоробеков Жолборско Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Фундаменталдык илимдер  институтунун башкы илимий кызматкерине;

 

Касымов Омор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Алдын алуучу медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директоруна;

 

Ормушев Асан Эл аралык Кувейт университетинин ректоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Исраилов Азысбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчисине;

 

Токтошев Аскарбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү жана саркынды сууларды агызуу  департаментинин директоруна;

 

Шайымкулов Муратбек Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисине;

 

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Кайыков Курманбек Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысына;

 

Тагаев Ысмаил Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басарына;

 

«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Айдаркул Каанага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессоруна;

 

Акмолдоева Шайлобубу Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасынын профессоруна;

 

Зарифьян Анэсс Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетинин деканы, нормалдуу физиология кафедрасынын башчысына;

 

Наркозиев Аманбек «Кыргызстан эл аралык
университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин чыгыш таануу жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессоруна;
Осмоналиев Акматбекке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана башкаруу кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусуна;

 

Төрөбеков Бекжанга И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору, өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректоруна;

 

Язов Александр Ош шаарынын «Олимп» мектеп-гимназиясынын директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Борукулов Осмонбай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жаратылышты пайдалануу жана мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн жетектөөчү адисине;

 

Дуйшеев  Мамадали Ош облусунун Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркынын директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын өнөр жайына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Арапбаев Азамат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

 

Жолдошбаев Камчыбекке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

 

Камчыбеков Дуйшенбек Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын биринчи орун басарына;

 

«Кыргыз Республикасынын байланышына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам

 

Фазылов Азнаур Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун Сервис борборунун начальнигине;

 

«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Алимжанов Орозбекке зоотехник, селекционер, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык мамлекеттик асыл тукум кой заводунун директорунун орун басарына;

 

Байтиков Жанарбек Талас облусунун Манас районундагы «Мамбетжан Ата Агросервис» айыл чарба кооперативинин жетекчисине;

 

«Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө

эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Анаркулов Тургунбайга жеке ишкерге, Ноокен району, Жалал-Абад облусу;

 

Нусупбеков Кылычбек «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору» мекемесинин директоруна;

 

Эргешов Турдумаматка «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомдук бирикмесинин алдындагы «Дыйкан» түштүк окуу-өндүрүштүк ишканасынын директоруна;

 

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

 

Иманалиев Токтобек Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректоруна;

 

Кулматов Кочкор Эл аралык олимпиадалык категориядагы судья, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын президиумунун мүчөсүнө;

 

Сабатаров Бейшембек К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия жана аны окутуунун ыкмалары кафедрасынын башчысы, Каракол шаардык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин бокс боюнча машыктыруучусуна;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 

Абдраев Алмазбек «Текстиль Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү;

 

Абдылдаев Эркинбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын директору;

 

Абдылдаева Жаңыл «Бекен» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Нарын шаары;

 

Абдырахманов Садир Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук айылынын айыл башы;

 

Айдаралиева Минал Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;

 

Акматов Алмазбек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Алиев Абдыганы Ош облусунун Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

 

Алиева Алтынбүбү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Жумагулов атындагы орто мектебинин математика мугалими;

 

Аматов Момунали Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Т. Суранбаев атындагы «Кара-Гуз» орто мектебинин англис тили мугалими;

 

Анохина Наталья Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын инженер-агрометеорологу;

 

Арстанбеков Нематила Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын нейротравма алган жана нейрохирургиялык бейтаптарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы;

 

Артыкбаев Сейдахмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Суу ресурстарын жана объекттерин контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;

 

Арынова Зарылбүбү Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун физиотерапевти;

 

Асанов Иманакун Нарын облустук өспүрүмдөр спорт мектебинин улук методисти;

 

Байбосова Болдукан «Кант-Сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы технологу;

 

Баймуратов Калдарбек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Балтабаева Ира «Сейтек» балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун директорунун орун басары;

 

Бейшеев Джолдошбек Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын административдик-чарбалык бөлүмүнүн начальниги, «Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы;

 

Беков Мухамедалы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун анестезиология жана реаниматология бөлүмүнүн башчысы;

 

Бекчороева Эркинбүбү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Д. Иманов атындагы орто мектебинин кол эмгек сабагынын мугалими;

 

Боронова Жумагүл Ош облусунун Ноокат районунун «Алтын-Казык» орто мектебинин математика мугалими;

 

Гафуров Тахир Көз карандысыз Бишкек телеберүүсүнүн спорт жаңылыктарынын координатору;

 

Джуматаева Гулнура Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;

 

Жалиев Таштемир Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын «ЭлFМ» радиосунун директору;

 

Жолдошов Расул мамлекеттик жана коомдук ишмер;

 

Жунушалиев Асанкул Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн алдындагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин «Манас» эпосу музейинин директору;

 

Жусанов Акылбек Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун мобилдик инженердик механизациялаштырылган отрядынын айдоочусу;

 

Имашова Альбина Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Калматова Сонунбубу Бишкек шаарынын № 89 орто мектебинин адеп мугалими, «Өзгөчө» этно-фольклордук тобунун жетекчиси;

 

Каныметова Чолпон Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн медайымы;

 

Капаров Раимберди Жалал-Абад облусунун Г.А. Атабекова атындагы Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы;

 

Каск Светлана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы штабынын инспекциялоо, уюштуруу жана контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору;

 

Кебекчиева Жээнбү Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси;

 

Колдошов Түмөнбай обончу, аткаруучу, Ош мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия маселелери боюнча проректору;

 

Кольбаев Усен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо» маалыматтык программасынын баяндамачысы;

 

Коробаева Бубу Ы. Туманов атындагы Ысык-Кɵл мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокал өнөрү бɵлүмүнүн жетекчиси;

 

Кулматов Алмаз

 

коомдук ишмер;

 

Куменов Аскарбек Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамблинин артисти;

 

Куренкеева Акбермет Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Кыргыз мамлекеттик «Ак Марал» бий ансамблинин жогорку категориядагы балет артисти;

 

Макеев Садырбек «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

 

Мамаражапова Марзихан Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ак-Суу орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими;

 

Мамбетомуров Дуйшеналы «Санат» телерадиокомпаниясынын шеф-редактору, кабарчысы;

 

Маметжанов Аскарбек «Алайку Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

 

Мамытов Эламан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Этномаданият, ат спорт индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору;

 

Масаитов Кубанычбек

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;

 

Матназарова Токтобү «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалы — Токтогул ГЭС Каскадынын Токтогул ГЭС электржабдуулары боюнча 4-разряддагы электрслесары;

 

Мергенбаева Салтанат Баткен облусунун Кадамжай районундагы С. Айни атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими;

 

Момуналиев Анарбек Кыргыз Республикасынын Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын өндүрүштүк графика дизайны кафедрасынын башчысы, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

 

Мукамбетов Жеенбек Азиялык армрестлинг федерациясынын президенти;

 

Мураталиев Тилек «Кинохроника» документалдуу фильмдер студиясынын кинорежиссёру, сценаристи, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Мусаева Назгул Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку категориядагы режиссеру;

 

Нуралиева Марта

 

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ч. Айтматов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими;

 

Нурматов Кубанычбек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Омурзаков Кеңешбек Ош облусунун Өзгөн районунун Суу чарба башкармалыгынын начальниги;

 

Осумбеков Байышбек Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облустар аралык бириктирилген № 2 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы;

 

Рыскулов Самарбек М. Рыскулов атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Жогорку магистратура мектебинин директору;

 

Сабурова Увадат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы;

 

Салиев Камчыбек Ош облустук мамлекеттик архивинин директору;

 

Саримсаков Адилкан М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин табыгый-техникалык факультетинин деканы;

 

Сейдесинова Канымбубу Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин математика мугалими;

 

Уулбүбү Стамкуловага Талас облусунун Кара-Буура районундагы  № 3 Көк-Сай үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси;

 

Расул Султангазиевге «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинин башкы врачынын орун басары – башкы хирургу;

 

Сыдыкбекова Гулнара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин музыканты;

 

Марпат Ташполотовага Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

 

Асылкан Тиленбаевага Бишкек шаарынын № 2 стоматологиялык бейтапканасынын врач-стоматологу;

 

Жылдыз Токтоболотовага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын начальниги;

 

Кубанычбек Токтоназаровго Жалал-Абад облусунун Ала-Бука педагогикалык колледжинин математика окутуучусу;

 

Калбү Төлөновага Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы, Момбеков айылдык кеңешинин депутаты;

 

Нурдин Төрөбековго Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы үн режиссеру;

 

Гүлүмкна Турганбаевага Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

 

Эрмекбүбү Турганбаевага Нарын облусунун Кочкор райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун акушер-гинеколог врачы;

 

Кадырбек Уметовго Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин мамлекет жана укук теориясы кафедрасынын доценти, «Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы;

 

Кабылбек Чаргынбаевге Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык № 35 жол-пайдалануу ишканасынын жол кызматкерлеринин бригадири;

 

Саламат Чоңатаевага Баткен облустук гимназия-мектеп-интернатынын химия жана биология мугалими;

 

Азим Шаршебаевге обончу, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамблинин артисти;

 

Гүлнура Энкебаевага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Н. Түгелов атындагы мамлекеттик «Ак Марал» бий ансамблинин балет артисти.

 

 

 Указга бүгүн, 31-декабрда, Президент С. Жээнбеков кол койду.