24 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 14:29


Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев келечегин тобокелге салып жатат”

Убактылуу өкмөтчүлөрдүн ортосунда ажырым пайда болуп, саясий кырдаал чиеленип кетти. Бул ажырым, Конституциялык реформа жана дагы кошуна Өзбекстандын президенти Ислам Каримов тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маектештик.

— Өмүрбек мырза, сиз “Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга Президент Алмазбек Атамбаев өзү барышы керек эле” деген ойду айтып жатасыз. Аны кандай негиздеп бересиз?

— Ислам Каримов Орто Азиядагы эң чоң өлкөнүн жетекчиси. Жөн эле жетекчиси эмес, ал өлкөнү түзүп, чейрек кылымдан ашык башкарып, бүгүнкү деңгээлге алып келген жетекчи. Мындай адамдарды мамлекеттин негиздөөчүсү деп атайт. Өзбекстан  маданияты, экономикасы, аскер күчү боюнча регионалдык держава. Бирок Каримов Өзбекстанды Борбордук Азияда лидерлик позицияга алып чыга алган жок. Бардык кошуналары менен тигил же бул маселе боюнча талаш-тартыш, пикир келишпестик болуп, изоляцияланып калды. Лидерликти Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев алып кетти. Ал Орто Азия өлкөлөрүн, КМШ өлкөлөрүн интеграциялоочу демилгелерди көтөрүп, бүгүнкү Евразиялык экономикалык союздун автору болуп жүрөт. Өзбекстандын изоляцияланганы анын кубаттуу, чоң мамлекет экенин жокко чыгарбайт. Борбордук Азияда Өзбекстан чечүүчү, таасирдүү саясаттын катышуучусу болуп эсептелинет. Каримовдон кийин Өзбекстанда, жалпы эле Орто Азияда кырдаал кандай болот? Бул баарыбызды ойлондурат. Каримовдун көзү өтүп кетти, аны кичи мекени Самаркандда узатышты. Кыргызстандан мамлекеттик делегацияны Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштап барды. Мен Президент өзү барышы керек эле деп эсептейм. Анткени карапайым адамдардын гана ортосунда эмес, бүтүндөй элдердин ортосунда дагы жамандык-жакшылыктагы мамиле чечүүчү ролго ээ болуп, көп жылдарга мамилелерди аныктап коюшу мүмкүн. Мисалы, убагында Югославиянын жетекчиси Броз Тито Сталинди дагы, андан кийинки советтик жетекчилерди дагы көп уга берген эмес. Броз Тито өлгөндө Европа өлкөлөрүнүн бардык мамлекет башчылары келип, СССРдин биринчи жетекчиси барган эмес экен. Кийин Брежнев өлгөндө дагы Югославиянын биринчи жетекчилиги келбей койгон. Айылда эле адамдар ушундай болот экен десек, мамлекеттердин ортосунда дагы жазылбаган ушундай эреже бар экен. Биздин мамлекеттик делегацияны Президент жетектеп барыш керек эле. Өзбекстандын президентин акыркы сапарга узатууга кошуна мамлекеттердин мамлекет башчылары, Түркмөнстан, Тажикстан, Афганистандын президенттери өздөрү келип Өзбек элинин аза кайгысын тең бөлүштү. Путин менен Назарбаев келбей калганына олуттуу себеп бар, Пекинде өнүккөн 20 өлкөнүн жыйыны болду. Бирок Путин Кытайдан Москвага кайтаарда Самаркандга токтоп, Каримовго болгон акыркы сый-урматын көрсөтүп өтөт экен. Казак президенти Нурсултан Назарбаев деле курбалдашы, жолдошу, замандашы Каримовго болгон сый-урматын көрсөтүү үчүн келип кетери бышык. Бизден барган делегациянын курамы дагы мени канааттандырган жок. Мурунку Ош облусунун губернатору, азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ЖК депутаттары Анвар Артыков, Нодирбек Каримов, экс-депутаттар Бөрүбай Жураев, Бактияр Кадыров,  Махамаджан Мамасаидов сыяктуу өзбек туугандардан кошуп алып барганы жакшы. Бирок Өзбекстан, Кыргызстандан өзбектерди күткөн жок, аларда ансыз да  32 миллион өзбек бар. Алар кыргыздын аттуу-баштуу аксакалдарын, мамлекеттик-коомдук ишмерлерин, мурда-кийин мамлекетти башкарып жүргөн жетекчилерин, Каримовдун курдаш-замандаштарын күтүп жатышкан.  Делегациянын курамында президент же премьер-министрден башка да Каримов менен Советтик доордо, 90-жылдардагы өткөөл мезгилдерде иштеген, аны жакшы билген курбалдаш-замандаштары барыш керек эле. Экс-президент, экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө зор салымдарын кошкон Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов сыяктуу мамлекеттик-коомдук ишмерлер, Иса Өмүркулов сыяктуу 1-2 фракциянын лидерлери делегациянын курамында кошо барганда, делегация алда канча маанилүүрөк жана таасирдүүрөк болмок.

— “Ата-Журт” партиясынын депутаты Улукбек Кочкоров “Каримов 3-4 жылдан кийин өлөт, ошол өлгөндөн кийин талаш маселелерибизди чечип алабыз” деп айтты Атамбаев” деп айтып чыкты эле. Балким, ошондон улам, табалагандай болбоюн деп барбай жүрбөсүн?

— Бул сөз расмий түрдө айтылбай, имиштин деңгээлинде болгондон кийин ошону жокко чыгаруу үчүн болсо дагы барышы керек. Ал жерде Каримовдун мураскерлери сөзсүз болот. Аларга жамандыкта барып көңүл айтып, жеке мамилелерди түзүп, андан ары бул мамилелерди мамлекеттик деңгээлге көтөрүш керек эле деп ойлойм. Каримовдун ордуна башка бирөө келсе эле маселелер өзүнөн өзү чечилип калбайт, анткени Өзбекстанда система ошол бойдон кала берет. Жаңы келе турган адамдар кандай болору дагы бизге белгисиз. Ошондуктан жеке мамилелерди түзүү зарыл эле. Мамлекеттик жетекчилер өзү үчүн эмес, мамлекет үчүн иштеши керек. Жаман көргөн адамың менен дагы кичи пейил болуп сүйлөшүүгө туура келет. Жеке мамилең мамлекеттин ишине зыяны тийбегендей болушу керек.

— Эми өзүбүздүн Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу сүйлөшсөк. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү экиге бөлүнүп калдыңыздар. Эми кырдаал мындан ары кандай өнүгөт?

— 2010-жылкы Апрель революциясынан кийин саясий система өзгөргөн. Биз парламенттик аталган саясий системаны тандап алып, мурунку авторитардык түзүлүшкө келбей турган эрежелерди киргизгенбиз. Ошол эрежелердин бири — Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деген норма. Албетте, Конституцияда юридикалык жылчык бар, референдум жолу менен өзгөртсөк болот деген. Ал үчүн атайын “Референдум жөнүндө” мыйзам кабыл алынышы керек. Ал мыйзамда референдумду өткөрүү тартиптери аныкталышы керек. Бул юридикалык жылчык. Биз, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жылчык издебейли, шылтоо издебейли, юридикалык жагын эмес, моралдык, саясий аспектисин карайлы деп, кайра артка кайтпаш үчүн Конституцияга өзгөртүүнү киргизбейли деп жатабыз. Ошондуктан Атамбаев сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөрдүн мөөнөтүнө, формасына эле эмес, биз анын маңызына каршыбыз. Анткени Атамбаев киргизип жаткан өзгөртүүлөр авторитардык режимге кайра алып келет. Кайра 2010-жылга кайтып баруу биз үчүн кылмышка тете кадам болот. Мен муну контрреволюция деп атайт элем.

— Сиз былтыр эле «Конституциялык өзгөртүүлөргө каршы эмесмин» деп чыктыңыз эле. Быйыл эмне өзгөрдү?

— Мен азыр деле каршы эмесмин. Биринчиден, өзгөртүү кечиктирилгис зарылдык чыкса, юридикалык негиз бар. Бирок Атамбаев киргизип жаткан өзгөртүүлөр авторитардык бийликке жол ачып жатпайбы? Экинчиси, бул өзгөрүүлөр бүгүнкү саясий системаны бекемдөөгө багытталышы керек. Артка, авторитаризмге алып барбай турган болушу керек. Үчүнчүсү, референдум тууралуу мыйзам кабыл алынышы керек. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага коомчулуктун кеңири өкүлчүлүгү катышышы зарыл. Конституциялык Кеңешмеге аттуу-баштуу, мамлекетти жана өкмөттү башкарып жүргөн мамлекеттик-коомдук ишмерлер кириши абзел. Окумуштуулар, эксперттер, граждандык активисттер, ар кандай партиялардын өкүлдөрү да Конституциялык кеңешмеге тартылышы зарыл. Конституциялык кеңешме 2010-жылдан бери кандай кемчиликтер болду, Конституция бул аралыкта кандай иштеди, кайсыл жерине өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин эл алдында аныктаган соң, сапаттуу эксперттерден турган жумушчу топко тапшыруу керек эле. Бул процесс 1-2 жылга созулмак. Ошон үчүн 2020-жылды күтпөйлүбү, эмне жоо кууп келатабы?

— Сиз буга чейин Атамбаев менен жакшы эле мамиледе болуп келгенсиз. Жолугуп эле, ушул аргументтериңизди түшүндүргөнгө аракет кылган жоксузбу?

— Жеке дагы, жардамчылары аркылуу дагы айтып жүргөнбүз. Быйыл Темир Сариевдин өкмөтү кеткенден кийин дагы фракция жетекчилери чогулуп, «2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөй турган болдук» деп жарыялаган. Президенттин ошол сөзүнө ишенип, Сооронбай Жээнбеков жетектеген жаңы өкмөттү алып келишкен. Бул апрель айынын башында эле болуп отурат. Анан минтип күтүүсүздөн эле август айында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп жарыяланып отурат. Ал Конституциянын долбоорун кайсы эксперттер иштеп чыкканы белгисиз. Президенттин аппараты алардын фамилиясын айта албай жатат. Талкуу деп жарыяланганы менен бир айдын ичинде бир жерде дагы талкуу болгон жок. Бир-эки басылма жана маалымат агенттиктер өткөргөн талкуулар талкуу эмес. Сот бөлүмүнө көп өзгөрүүлөр кирип жатат, биз сурадык: “Талкууга азыркы соттордун курамынан ким катышты? Мурунку судьялардан ким катышты? Сот тармагындагы белгилүү юрист, окумуштуулар, мурунку мамлекеттик ишмерлерден ким катышты?” деп. Айта алышпайт. 2010-жылы биз шашылыш убакта реформа жүргүздүк. Ошондо дагы 70тен ашык ар тармактын адамдары, ар кандай партиянын өкүлдөрү, окумуштуулар, коомдук уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, оппозициянын өкүлдөрү катышкан Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын ар бир бөлүмүн Кыргызстандагы мен-мен деген кыйын адистер иштеп чыккан. Ар бир бөлүмүнө жумушчу топ түзүлгөн, алардын тизмеси бүгүнкү күнгө чейин бар. Граждандык кагылышуу болуп, согуш коркунучу турганда күнү-түнү иштешкен. Мына бүгүн жайчылыкта, президенттин аппараты эмне каалаганын негиздеп айтып бере албай жатат, кимдер иштеп чыкканын дагы айта алышпай жатат. Кайсы жерде талкуу болуп, кандай сунуштар түштү десең айтып бере алышпайт. Мунун баары бул процесс көмүскө, легитимдүү эмес жүрүп жатканынын далили.

— Президент “Азыркы Конституциядан жарыла турган миналар көп экен” деп айтты го?

— Кандай миналар экенин өзү билбейт, бирок ал өз колу менен бомбаларды коюп жатат. Аны мен эле эмес, дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу юридикалык орган Венеция комиссиясы дагы айтып отурат. Россиянын эксперттери, ММКлары бул өзгөрүүлөрдү “дурацкий” өзгөрүүлөр деп ачык эле айтып жатышат. Муну эми Россия айта берет десин, бирок Кыргызстандагы интеллигенция, укук коргоочулар, граждандык активисттер, саясатчылардын баары бир добуштан бул өзгөртүүлөр жараксыз экендигин, алар тескери жактарга алып келерин айтып жатат. Ушундай долбоорду өчөшкөндүк менен “Болот дегенде болот” деп турганы бизди аябай таң калтырат.

— “2010-жылы Роза Отунбаеваны президент кылып шайлап жатканын эл билген да эмес”, бейпил жашоо Убактылуу өкмөттүн жардамы менен келген жок деп айтты президент. Ошол маселелерди талкуулап жатканыңыздарда Атамбаев каршы чыкты беле?

— Жаңы саясий системаны Убактылуу өкмөт мүчөлөрү баары колдогон. Албетте, талкуу учурунда ар кимде ар кандай пикирлери болгон. Бирок негизинде баары колдошкон. Атамбаев кийин Премьер-министр болду, Президент болду. Чоң иш-чараларда азыркы Конституцияны мактап, Кыргызстанды сактап калды деп айтып эле жүргөн. Эл алдында “Мени Президент кылган Роза Исаковна, болбойм десем дагы колумдан жетелеп келди” деп айтып жүргөн. Баарыбызга белгилүү 2010-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Отунбаева, коалиция түзүү укугун Атамбаевге берди, ал түзө албай калды. Экинчи мүмкүнчүлүктү “Ата Мекен” партиясына бериш керек эле, берем деп эл алдында айткан. Отунбаева КСДПнын мүчөсү болгондуктан, аларга жан тартып, “Ата Мекенге” бербестен, мандатты Бабановго берди, бир шарт менен. “Мандатты сага берем, бирок Атамбаев премьер-министр болот, сен анын орун басары болосуң, кийин ал президент болгондо сен анын ордуна премьер-министр болосуң” деп, схема чийип берди. Так ошондой болду. Роза Исаковна өзүн гана ойлобостон, кийин дагы Убактылуу өкмөттүн белдүү адамдары бийликке келип, элге берген убадабызды аткарсын, биз курган системаны коргосун деп Атамбаевди президент кылды. Алмазбек Атамбаев 6 жыл президент болуп, эми кетерге келгенде Роза Отунбаеваны дагы, Убактылуу өкмөттү дагы мыйзамсыз деп жарыялады, өзү 6 жыл бою иштеп келген Конституцияны жарабайт деп четке кагып жатат.

— “Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айрым мүчөлөрү мародерчулук боюнча, банктагы ячейкалар боюнча, Кадыржан Батыровду сыртка чыгарып жиберүү боюнча жооп берет” деп билдирди. Буга не деп жооп берет элеңиз?

— Атамбаев эмоционалдуу жана чыгармачыл адам. Ар кандай салыштырууларды, көркөм сөздөрдү ашыкча пайдаланат. Ошон үчүн анын айткандарын биз дагы, эл дагы түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок Кыргызстандын 25 жылдыгы белгиленип, чоң тарыхый иш-чарада Президент сүйлөй турган сөздү сүйлөгөн жок. 2000ден ашык сөз айтыптыр, ошонун 1600ү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жамандаганга кетти. Чыныгы мамлекеттик лидер бул күнү тарыхты айтып, андан жыйынтык чыгарып, элдин алдында чоң-чоң тапшырмаларды коюп, аны аткарыш үчүн шыктандырып, дем бериши керек эле. Тескерисинче, ал элди экиге бөлүп, тарыхка акаарат айтып сөз сүйлөдү. Мунусу кечиримсиз. Эң туура эмеси – өзүн бийликке жетелеп алып келген Роза Отунбаеваны өзү тойго чакырып келип, төргө отургузуп алып, бүт кыргыз элинин алдында жамандады. Бул адамгерчиликке дагы, жигитчиликке дагы жатпайт. Бул Кыргызстандын салтында дагы жок, кыргыздын жан дүйнөсүнө дагы туура келбейт. Мындай жорукту кыргыздар “Мактаган кыз тойдо осурат” деп айтып коет. Так ошондой болду.
Атамбаев “Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн былыктары көп, алар кылмыш кылган, эртеби-кечпи жооп берет” деп айтты. Жарыялап бүтөрү менен эртесинде Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлерин жетекчилерине иликтөө топторун түзүп, ушуларга бир нерсе тапкыла деп тапшырма берди. Аны биз билебиз. Мародерлук боюнча 4 жылдын ичинде 4 комиссия түзүп, “Ата Мекенге” карата эч нерсе таба алган жок. Чындап мародерлукту эч ким иликтебей жатат. Мародерлукту иликтөөнүн маңызы -Бакиевдердин жана анын жакындарынын менчиктери жана бизнестери болгон, ошолорду ким басып алды, азыр аларды ким пайдаланып жатат, ошолорду аныктоо. Мүлк качып кетпейт, ал завод-фабрика, имарат, соода объектилери, кен-байлыктары  азыр деле турат. Барсаң ким пайдаланып жатканын көрөсүң. Бакиевдерге тиешелүү болгон гезиттер, информациялык-рекламалык маалымат агенттиктер, телевидениелер бүгүн деле иштеп жатат, барсаң аны ким иштетип жатканын табасың. Алтын кендерди бүгүн кимдер иштетип жатканын эл билет. Эмне үчүн ошону Атамбаев алып чыкпайт? Анткени алардын баардыгы анын айланасында жүргөн адамдар. Сот аркылуу алышты, коркутуп алышты же “доляга” кирип алышты. Алардын бирөөсүндө дагы “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү жок. Болсо алиге чейин алып чыгышмак. Мунун баары Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенде чыгат. Ошон үчүн реформа кылам деген шылтоо менен кийинки келген президент тергөө жүргүзө албай турган өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Азыр Башпрокуратура көз карандысыз орган, “Башпрокуратура тергөө жүргүзө албайт, муну өкмөткө беребиз” деп жатат. Өкмөткө болсо өзүнүн адамдарын коюп, 2020-жылга чейин эмес, 2030-жылга чейин дагы Кыргызстанды башкара беребиз деген ой-пикири бар.

— Сиз ЖКнын жыйынында Президентти четке калтырып, жаңы коалиция түзүү сунушун киргиздиңиз. Мунун ишке ашуусу канчалык реалдуу?

— “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” дейт. Биз Акаев, Бакиев убагында Конституция менен жашаганыбыз жок. Кыргызчылык, үй-бүлөлүк башкаруу менен жашадык. Конституцияда көргөзүлгөн тартипте эмес, аялдары, балдары, инилери, бажалары башкарып келди. Ал биздин саясий элитанын канына сиңип, салтыбыздын бир бөлүгү болуп калды. 2010-жылкы саясий системанын реформалоо ошол салттан, адаттан кутулуу болгон. Андан бир күндө кутула албайсың, саясий элита алмашышы керек. Ал бир күндө алмашпайт. Эки жолу парламенттик шайлоо, эки жолу президенттик шайлоо өтсө алмашат го деп болжолдуу түрдө 2020-жылга чейин деп эсептегенбиз. Жаман болуш бир паста да. Атамбаев акыркы эки жылда эски адатка келип, бүт бийликти өзүнө алды. Өзү гана эмес, анын жан-жөкөрлөрү Премьерге дагы, министрлерге дагы тапшырма берип, кадр, инвестиция саясатын өздөрү аныктап калды. Бул Конституцияда көргөзүлбөгөн жол, муну узурпация деп атаса болот. «Бул туура эмес!» жол деп көргөзүп жаткан адамдарды мамлекеттик каналдар аркылуу келекелеп, шылдыңдап жатат. Мисалы, менин фамилиям Текебаев, менин оппоненттерим ошондон пайдаланып, менин шагымды сындырыш үчүн мени “Теке” деп тергешет. Бул маданиятсыздыктын, пастыктын жеткен жери. Мен мындан кемсинип калбайм. Мен Текебаев деген фамилиямды өзгөртпөйм, Текебай менин чоң атам, ал кыргыз. Кыргыздарда Бөрүбай, Текебай, Бүркүтбай, Жылкычы, Козубай, Балтабай, Тешебай, Тезекбай, Сасыкбай, Түпкүчбай деген аттар толтура. Бул биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз. Биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды, чоң аталарыбыздын аттарын келекелөө — биздин түркөйлүгүбүз. «Тарых жана маданият жылы» деп коюп кыргыздын тарыхы менен маданиятын кордоп, шылдыңдап жатпайбы? Эмне баарыбыз атыбызды Алтынбек, Алмазбек деп өзгөртүшүбүз керекпи? Адамдын аты, затына дайыма эле жараша бербейт.
Бирок биз Кыргызстанда үчүнчү революция болушун каалабайбыз. Анын кесепеттери абдан катуу болушу мүмкүн. Атамбаев өз мөөнөтүн аягына чейин отурушу керек. Бүгүнкү Конституция Атамбаевди өз ордуна отургузуп койгонго парламентке мүмкүнчүлүк берген. Ал үчүн Президенттен мандат сурабай эле, парламенттеги фракциялардын көпчүлүгү келишим түзүп жарыялашса, Президентти катыштырбастан эле өкмөттү түзсө болот. Президентти анын айланасындагы жаман көргөзгөн адамдардан куткарып, өзүнүн көрсөтүлгөн функцияларын гана аткартып койсок болот. Мен мына ушул мүмкүнчүлүктү фракцияларга айттым.

Маектешкен Дилбар Алимова