19 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 20:12


Лунара Мамытовадан пенсионерлерге «саякат кеңеши”

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова  ансыз да эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жаткан кыргызстандык пенсионерлерди чет өлкөгө саякаттоого чакырып, элдин оозун ачырды.

Карылар күнүнүн алдында, 30- сентябрда, Твиттер социалдык түйүнүнө кыргызстандык пенсионерлерди саясаттоого чакырып,элдин оозун аябагандай ачырды. Министрдин орун басары минтип жазды:

View this post on Instagram

Франция, Германия , Бельгия , Америка, Турция, Египет , Америка ж.б. олколорго мен мурун эле барып келгемин. Министрликке келгенге чейин эле. Оз каражатымдан. Себеби менин девизим-Дунуйо чогултпай, дуйно кыдыр! Ошондо ички дунуйон кенейет, чоноесун, акылына акыл кошулат. 198.5 км2 жерден башка да толтура жер бар. Каткан акчанды чыгар. Ооба баягы кара кунго деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялындагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенмионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Жашоо манызы…Генетикалык кедейчиликтен арылуу… Эртенки кун бугун башталат. Эртен, кечээ абстракттуу. Бугун да. Ушул муноттор гана бар. Коро албастыкты токтот. Шылтоолорду, актанууну да. Бироо жонундо кыпындай да жаман ойлобо. Ушак суйлобо. Жазба да. Укпа да. Жашаш керек. Болгондо да бактылуу жашаш керек. Бул менин жеке аккаунтум, бул себептен мотивациялык гана суротторду тартуулагым келген жана келе берет. Бактылуулук корсоткон. Суйуу корсоткон. Кайгы-капа ансыз деле жетиштуу. Жашыра турган эч нерсе жок. Адам болунуз. Кун сайын, мунот сайын…Бар бол жана дайыма эсинде болсун, азыр жашап башта, зыянынды эч бир инсанга тийгизбе. Жолдо турган ар бир кабанаак итке токтолуп, убакыт текке кетирбе. Жашоо сонун карачы?!

A post shared by Лунара Мамытова (@lunara_mamytova) on

Мындай сунушту сүт оозунан кете элек жаш бала эмес,  Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары жазып жатат. Министрдин орун басары Кыргызстандагы пенсионерлердин пенсиясы канча сом экенин билбейт турбайбы! Өп-чап пенсия алып, эптеп жашап жаткан пенсионерлерибиз кантип чет өлкөлөргө саякатка чыксын!

 

Лунара Мамытованын жазгандарына социалдык түйүндөрдө жооп жазышууда. Твиттерде минтип жазышканын окууга болот:

@TengryBird: «Өз ата-энеме барып, кубанычтуу жаңылыкты айтайын. Болбосо, алар тамак ичпей-жебей,   дары-дармек албай, коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөй коюуга болорун жана 4-5 миң сом пенсиясынан  6-7 миң сомду чогулта берүүгө болорун жана х жылдардан кийин чет өлкөгө саякатка барууга болорун билишчү эмес.»

@ioanslov: «Раматылык менин энем, советтер учурунда советтердин баарын кыдырды эле, ал эми пенсияга чыкканда советтердин бирине да барбай, Гоа менен Парижде эле жүрчү. “Мен Лунара Мамытованын схемасы менен жашайм, кыргыздын пенсиясы дээрлик бул бейиш, дүйнөнү кыдыр!” дечү эле.»

@kakanaess: «Кыргызстандын пенсионери өз пенсиясына дүйнөнү кыдырып кетти»

@GulyaAlmambet: «Менин апам онду төрөп, 17 баланы тарбиялап, 4300 сом пенсия алып, тамактануучу бөлмөдөн уктоочу бөлмөнү кыдырып жүрөт, уктоочу бөлмөдөн жуунуучу бөлмөгө кетет, ал ушундай ченде жок саякатчы»

https://twitter.com/gulyaalmambet/status/1046718330965565446?s=12

@beatrixxxkidddo: «О кудай, мен бул өлкөдөгү келечегиме кайгырып жүрсөм, арзыбаган тыйынга иштеп, 5 миң сом пенсия алат экенмин, анда да чогултуп, саякатка чыгат экенмин, Алга Кыргызстан! Лунара Мамытова, бар экениңе рахмат»